Мурда кабар бергенибиздей, Кыргызстан өкмөтү 2016-жылдын бюджетин киреше бөлүгү 124,4 млрд сом, ал эми чыгаша бөлүгү болсо 146.9 млрд сом деп белгилеп, бюджеттеги дефицит 22 млрд 454 млн сомду түзгөн эле. Кыргызстан өкмөтү бюджеттеги жыртыкты жабуу үчүн, “атаандаштыкка туруштук бере албай, отуруп калышы мүмкүн” болгон “Мегаком” компаниясын сатмакчы болду.
Жогорку Кеңеш “Мегаком” деген ат менен белгилүү болгон “Альфа Телеком” жабык акционердик коомун жеке менчикке сатуу токтомун макулдагандан кийин компаниянын баштапкы баасы белгиленди. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун директору Алмаз Кадыркулов “Мегаком” компаниясынын баштапкы баасы 306 миллион доллар же 18 миллиард сом экендигин билдирди.
“Альфа телеком” компаниясынын 49 пайыз акциясы 2010-жылы убактылуу өкмөттүн декрети менен улутташтырылган болсо, 2014-жылы соттун чечими менен калган 51 пайыз акциясы да толук бойдон мамлекетке өткөн болчу. Бүгүнкү күнгө келип болсо, өкмөт анын 100 пайыз акциясын дагы кайрадан жеке менчикке сатууга токтом кылды. Айрым эксперттердин пикиринче, “Мегаком”ду Россия компаниялары сатып алышы мүмкүн.
Кыргызстан бийлиги мамлекеттин экономикасын өнүктүрүү жолдорун издөөнүн ордуна эң жеӊил жолду тандап, мамлекеттин колунда кандай мүлк болсо ойлонуп отурбастан, кимге болсо да сатуу менен алек болуп калды. Мындан бир аз мурда премьер-министр Темир Сариев “Мегаком” жана “Кара-Кече” кенин сатуу 2016-жылдагы эң чоӊ долбоорлор экендигин айткан эле. Өкмөт өзү көздөгөн бул эки “долбоорду” чет элдиктерге – негизги кардарлар Россия жана Кытайдын компаниялары болушу мүмкүн – сатып жиберишкенден кийин, кудум эле мурдагы президенттер Кумтөр кенин “Centerra Gold” компаниясына сатып жиберишкени сыяктуу, аларды кайрадан алуунун жолун таба албай айыптууларды издей башташат.
Туркистон:
Мегаком компаниясы Кыргызстан үчүн пайда келтирип турган эсептелүү компаниялардын бири. Ал өтө күчтүү коррупциялашкан системалар ичинде талап-тонолуп жатып да жылына 2 миллиард сом пайда алып келет. Өкмөт жеке кызыкчылыгын ойлоп, кардардан миллиондогон пара алуу үмүтүндө сатып жибермекчи болууда. Өкмөт өзүнүн алсыздыгы себептүү башыбызга түшүп жаткан экономикалык кризисти ушундай жол менен жаап-жашырмакчы болууда. Алар ушундай жол менен т.а. мамлекетке жыл сайын миллиарддаган сом төгүп турган, банкрот болушу дээрлик мүмкүн болбогон байланыш тармагындагы компанияны сатып жиберүү менен бир жыл болсо бийликтеги орундарын сактап калмакчы болуп жатышат.