Эл үчүн аракет кылуунун убагы келбедиби?

277
0

Эл үчүн аракет кылуунун убагы келбедиби?

وَلْتَكُن مِّنكُمْ أُمَّةٌ يَدْعُونَ إِلَى الْخَيْرِ وَيَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنكَرِ وَأُوْلَـئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ

Араңарда жакшылыкка даъват кылган, маъруфка буйруп, мункардан кайтарган бир жамаат болсун, дал ошолор ийгилик табуучулар. [3:104]

Аллах Тааланын жогорудагы буйругуна негизделип бир нече исламий жамааттар, ошолордун катарында Хизб ут-Тахрир жамааты да пайда болду. Аллахка алкыш-мактоолор болсун, Хизб ут-Тахрир пайда болгон күндөн бүгүнкү күнгө чейин Аллахтын Китебин, пайгамбарыбыз Мухаммад саллоллоху алайхи ва салламдын сүннөттөрүн бекем кармаган абалда аракет кылып келүүдө.

Хизб ут-Тахрир саясий Хизб болуп, мабдасы Ислам. Хизб Үммөт Исламды өзүнүн тагдырий маселеси кылып алышы үчүн жана Аллах түшүргөн өкүмдөр менен башкарууну турмушка кайтаруу максатында Үммөткө жетекчилик кылуу үчүн Үммөттүн арасында жана аны менен бирге аракет алып барат. Хизбдин иши исламий даъватты саясий жол менен майданга алып чыгуу. Хизб бул жолдо канча кыйынчылыктарга дуушар болсо да Аллахтын уруксаты менен максатын көздөй ылдам аракет кылып келүүдө.

 Биз, Кыргызстан Хизб жамааты да исламий даъватты майданга алып чыгуу жолунда өкмөт башчыларга бир нече билдирүүлөр менен чыгып, аларга насаат кылып келебиз. Мындан кийин да өз максатыбызды көздөй аракеттенип жаткан соӊ, насааттарыбызды уланта беребиз, инша Аллах.

Пайгамбарыбыз с.а.в.:

“Ар бириӊер роъийсиӊер (жетекчисиӊер) жана ар бириӊер өз раиятыӊардан (кол астындагылардан) жоопкерсиӊер. Имам роъий жана ал өз раиятынан жоопкер. Эркек киши өзүнүн үй-бүлөсүндө роъий жана ал өз раиятынан жоопкер. Аял киши күйөөсүнүн үйүндө роъия жана ал өз раиятынан жоопкер. Кызматчы кожоюнунун мал-дүйнөсүнө роъий жана ал өз раиятынан жоопкер. Кыскасы, ар бириӊер роъийсиӊер (жетекчисиӊер) жана өз раиятыӊардан жоопкерсиӊер”, – деген. (Муттафакун алайх).

Адамдардын, элдердин үстүндө жетекчи-амирлер болушу жана алар карапайым жаран болобу, же жетекчи болобу айырмасыз мыйзамдын алдында бирдей болушу о.э. ал мыйзамга баары баш ийиши зарыл. Эгерде коом белгилүү бир мабдага негизделген болсо, ушул мабдадан келип чыгуучу мыйзамдар пайда болот. Эгерде бул мабда адамдын зээнинде пайда болгон болсо, шек-күмөнсүз ката болот. Себеби, адамдын зээнинде пайда болгон мабда карама-каршылык жана айырмачылыктарды пайда кылат. Бул карама-каршылык жана айырмачылыктар болсо адамды бактысыздыкка алып барат. Себеби, адамдын чектелген акылы менен иштелип чыккан мыйзамдар айырмалуу, карама-каршылыктуу, ар түрдүү болуп о.э. өзү жашап турган чөйрөдөн таасирленет. Качан гана мабда адамдын табиятына туура келсе, акылды канааттандырса жана адамдын дилин тынчтандырса гана туура мабда болот. Албетте, бул мабда Ислам болуп, ал илахий мабда.

Акыркы он жылдыкта Кыргызстанда эки жолу мамлекеттик төӊкөрүш болуп өттү. Бийликке жеткенге чейин оппозиция тарабынан канчалаган убадалар берилбесин, алардын бири да ишке ашпады. Бул төңкөрүштөрдү өтө чоӊ өзгөрүш, революция деп аташты. А бирок, эч нерсе өзгөрбөдү, карапайым калк алданды. Азыркы бийлик да кулайын деп турат. Бакиев учурундагы бийликке да “үммөттүн жана Кыргызстан калкынын кызыкчылыктарына зыян жеткирүүдөн о.э. аларга зулум кылуудан тыйылгыла” деп насаат кылганбыз, а бирок, алар кулак салышпады. Натыйжасын болсо көрүп турабыз. Азыркы бийликти да ЕАЭБге мүчө болуунун зыяндарынан эскерткенбиз. А бирок, өкмөт бир нече каталарды кетирүүдө.

ЕАЭБ Кыргызстан калкына пайда бербестигин, анын натыйжасында жумушсуздар көбөйүшү, мамлекеттик кирешелер тездик менен төмөндөп, тышкы алакалар токтоп калуусу, мамлекет ичкерисинде иштеп чыгаруу сенек абалга келиши тууралуу эскерткенбиз. Өкүнүчтүүсү, өкмөт башчы жана депутаттар карапайым калктан жашыруун кармалган “жол картасын” бир добуштан макулдап, мамлекетти ЕАЭБге алып киришти. Ал тургай, мал чарбасы менен дыйканчылык да дүйнөлүк сандартка жооп бере албай турган болуп калды. Чакан бизнес жана соода борборлору мамлекеттик төлөмдөргө чыдабай калды. Иштер ушундай улана берсе мамлекет жакынкы күндөрдө жакырчылыкка батып калат. Кайра-кайра ката кетирилип жатат. Өкмөт болсо кудум эл үчүн чоӊ ишти аткарып койгондой көкүрөгүн керип жүрөт.

Премьер-министр Темир Сариев Кытайга болгон сапарынан курсант экендигин билдирди. Сариевдин бул сапарда жетишкен “эӊ чоӊ утушу” эки мамлекет ортосунда визасыз режимди киргизүү маселесин карап чыгуу болду. Бул алака бүтүндөй мамлекетти колдон чыгаруу эмеспи? Бул алаканын артынан башка зыяндуу алакалар пайда болушун билесиӊерби? Мыйзам үстүндө баш болуп турган жетекчилер кайсы жакты карап жатасыӊар? Баарыӊардын ниетиӊер Кыргызстан мамлекетин жок кылуубу? Ата-бабаларыбыз Ак падышага мандыкер болуудан баш тартып, козголоӊ көтөрүү менен шейит болгонун эсиӊерден чыгардыӊарбы?

 Эгемендүүбүз деп көкүрөк кагып, ошол күндү майрам кылып белгилейсиӊер. Жок, силер эгемендүү эмес, тескерисинче башка мамлекеттергө көз карандысыӊар. Эл-журт жөнүндө качан ойлоносуӊар? Жеп тойбогон чиновниктерден элдин тажаганын сезип жатасыӊарбы? Силер элдин рухий жана материалдык жыргалчылыгы жөнүндө камкордук кылсаӊар эл да силерди көздүн карегиндей сактайт. Антпесе, абалыӊар начар болот! Бул дүйнөдө кордук, акыретте болсо катуу азап күтүп турат.

Ислам дининде ар бир проблемага көркөм чечимдер бар. Хизб ут-Тахрир жамаатынын мүчөлөрү бүтүндөй адамзатка, ошону менен бирге Кыргызстан калкына кайрылып:  Аллахтын динине жардам бергиле. Андан соӊ Аллахтан нусрат келишине таянып, айлакер куфр системасынан үмүтүӊөрдү үзүп, алардан колуӊарды тарткыла. Муну түшүнүп жетишиӊер үчүн дагы канча азап тартышыӊар керек! Куфр уюмдары, куфрдун кызыкчылыктары үчүн гана кызмат кылат! – деп дагы бир жолу эскертет.

Сайфуллах

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here