Аксылыктар акыркы талаптарын коюшту

259
0

Аксы эли азыркы бийликке акыркы талаптарын коюшту. Аткарылбай турган болсо мөөнөтсүз акцияларды уюштурушат.
Аксы элинин талаптары 10-февралга чейин аткарылбаса эл көтөрүлүшкө чыгат. Мындай билдирүү менен аксылыктар жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылышты.
Алардын кайрылуусунда, ушул күнгө чейин бийлик өкүлдөрүнө тынымсыз кайрылууларды жасап келишкен, бирок эч кандай майнап чыккан эмес.
“Социалдык фондго болгон төлөмдөрдү мурдагы калыбына келтирүү, электр энергиясына болгон тарифтин 700 квт сааттан ашкан төлөмү менен мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндөгү мыйзамды биротоло жокко чыгаруу, коӊшулаш Өзбекстан жана Таджикистан менен болгон чек арадагы делимитация жана демаркация маселелерин тездетип чечүү, Эмгек жана Социалдык коргоо министрлиги тарабынан берилүүчү жөлөк пулдардын берилишин жөнөкөйлөтүп, жана наристелердин ырыскысына кол салууну токтотуу талаптарын коёбуз”,-деп билдирилет аталган кайрылууда.
Аксылыктардын билдирүүсүнө ылайык, 2010-жылдагы кандуу окуяга чейин К.Бакиев бийлиги электр энергияга болгон бааны 1, 50 тыйынга көтөргөндө, азыркы бийлик башында тургандар ызы-чуу салып, элдин сөзүн сүйлөшкөн. Тилекке каршы өздөрү бийликке келип, электр энергиясынын баасын 2, 54 тыйынга чейин жогорулатып, элдин чыдамын кетирди.

 Туркистон: 

Кыргызстандагы саясий элита оппозицияны ар түрдүү ыкмалар менен алсыратып, коомдон четтетип жиберди. Эми болсо кадыржам турушуп, “Элди митингден тоспогула, мейли чыгышсын, нааразылыктарын билдирип акы-укуктарынан пайдаланышсын” деген популисттик билдирүүлөрдү берип жатышат.

Алар элге коркпостон зулум кылышууда. Себеби, ар кандай нааразылык жыйындары – эгерде алардын алдында баштай турган жетекчи күч болбосо – болгону аламан деп гана аталат. Бул жыйын – бирер саясий кызыкчылыктарды максат кылбаган коопсуз бир топ адамдардын жыйынына айланып калат. Өкмөт болсо, саясий жетекчилердин кеңештери менен жетекчиликке жарактуу саясий адамдарды – кол астындагы бардык (прокуратура, сот, ИИМ, УКМК жана башка) күч түзүмдөрү жардамында – коомдон четтетүү иштерин жүргүзүп жатат. Аламан дагы нааразылык билдире берет, өкмөт дагы зулумдарын уланта  берет.

Бирок, ошол аламандын зулумду сезүүсү күчөй бериши мамлекеттин коопсуздугу үчүн өтө кооптуу. Себеби, бул аламандын кубатынан пайдалана турган башка күчтөр пайда болуп калышы мүмкүн. Ошондо аламан калкка айланып, бир максатты көздөй багыт ала баштайт.

Өкмөттүн зулум кылуудан, өзүнүн ишмердүүлүгү үчүн элдин мүлктөрүн сатуудан жана жарандарга салыктарды көбөйтүүдөн башка чарасы калбады. Жарандар да өздөрү шайлаган бийликтин зулумдарын сезе башташты. Бул нерсе кыргыз үчүн өтө кооптуу абал.

Бул абалдан чыгуу үчүн жетекчи топтун өкүлдөрү – сыноодон өткөн жана азырынча катуу каршылык болбогон – ыкманы улантууну туура көрүшөт. Алар Хизб-ут –Тахрир, Таблиги жамаат сыяктуу ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан, же “Ислам Мамлекети” сыяктуу иш жүзүндө Кыргызстанда жок болгон бир катар жамааттарга каршы күрөштү күчөтүшөт. Алар Ислам жана мусулмандар тарабынан боло турган коркунучтарды ойлоп табышат. Маалыматтык чабуулдарды уюштуруп, мусулмандар Исламды бекем кармашы себептүү жүз берип жаткан жаман абалдар жөнүндө сөз кыла башташат. Бул нерсе аларга куфр кеңешчилери тарабынан уктурулган чалгытуучу ыкмалардын бири.

Кыргыз элитасынын жолчу жылдызы болгон Путин Россиядагы экономикалык кризис себептүү күтүлүүчү элдин нааразылыгынан кутулуу үчүн НАТОнун ачуусуна тийип болсо да согуш издеп жатат. Россиянын мектебинде даярдалган кыргыз элитасы да ыкма жагынан кудум эле Путиндин багыты менен жүрөт. Бирок, көлөмү кичирээк жана чалгытуу үчүн жүргүзүлүүчү согуш чет өлкөдө эмес, өз өлкөсүндө жана өз жарандарына каршы белгилениши менен Россиядан айырмаланат. Биз бул абалды Акаевдин жана Бакиевдин бийлиги туӊгуюкка кептелип калганда акыркы чара катары мусулмандарга каршы иш-чараларды күчөткөндүгүнөн көргөнбүз. Өкмөттөр, президенттер алмашты, бирок саясий элита алмашкан жок.

Бизге келип жаткан кабарларга ылайык, кыргыз милициясы бир катар Хизб мүчөлөрү деп шектелген жарандардын үйлөрүнө бастырып киришкен имиш. Алар керек болсо аялдарыбыздан да шектенишип, алардын үйлөрүнө да ондогон автоматчандар бастырып кирип жатышат. Максаттары Путиндикинен айырмаланбайт. Т.а. экономикалык кризис башталышынан мурда мусулман жамааттарга зулум кылуу менен провокация кылып, өздөрүнө каршы алардын материалдык же аскерий жүрүштөр уюштурушун күтүү. 

Алардын максаты, өздөрүнүн ач көздүктөрү, ката жана кыянаттары натыйжасында элдин башына түшүп келе жаткан жакырчылык абалын, өздөрү уюштурууга аракет кылып  жаткан мусулмандар аралык же мусулмандарга каршы согуш же тополоӊдорго шылтап, жаап жибермекчи болушат. Бирок, калк эми аларга ишенбейт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here