Россиянын учагы Түркия чегарасын кесип өттү

197
0

Түркия тышкы иштер министрлиги Россиянын аба күчтөрүнө таандык СУ-34 учагы Түркиянын чегарасын дагы бир жолу бузгандыгын билдирди. Министрликтин билдиришинче, Россия учагы Түркия чегарасын кесип өтүшүнөн мурда орус жана англис тилдеринде бир нече жолу эскертилген.

Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган Түштүк Америка өлкөлөрүнө сапар кылышынын алдында ушул окуя тууралуу билдирүү берди. Эрдогандын билдиришинче, Россия мындай аракеттерин токтотпосо анын учагы дагы уруп түшүрүлүшү мүмкүн.

“Орус жана англис тилдеринде бир нече жолу эскертилгенине карабастан орус учактарынын чегарабызды бузушун Россиянын региондогу кризисти күчөтүү натыйжасы катары кабыл алабыз. Россия мындай аракеттерин улантып жаткан соӊ, мурункудай жоопту алууга мажбур болот”, “Бузулган чегаралар учурда НАТОнун да чегаралары болуп эсептелет. Ошондуктан, бул чегаралар анын да көзөмөлү астында. Себеби, окуяны НАТО бизден мурда аныктап болгон”, – деди Түркия президенти.

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг да Түркиянын кайра-кайра эскертишине карабастан Россия согуштук учагы Түркиянын аба мейкиндигине өтүп кеткендигин билдирип, Россияны жоопкерчилик менен аракет кылууга жана НАТОнун аба мейкиндигин урматтоого чакырды.

 “Мурунку окуялар мындай иш-аракеттердин канчалык кооптуу экендигин көрсөттү”,“Мындай абалдар кайталанбасын үчүн Россия зарыл болгон бардык чараларды колдонушу керек. Анкара менен Москванын ортосунда түздөн-түз алака жолго коюлушун курсантчылык менен кабыл аламын жана сабырдуу болууга о.э. ортодогу кескиндикти азайтууга чакырамын. НАТО Түркия менен союздаш. Союздашыбыз болгон Түркиянын аймактык бүтүндүгүн колдоп-          кубаттайбыз. Түркия аба мейкиндигин коргоону улантып келе жаткан НАТО союзунун мүчөлөрү декабрь айында Түркия үстүндө алдын ала эскертүүчү учак АWАCС вужудун күчөтүүгө токтом кылды. Бул токтом кечеги окуялардан мурда кабыл алынды”, – деп айтылат Столтенбергдин жазма билдирүүсүндө.

Бирок, Россия Коргоо министрлиги тарабынан чыгарылган билдирүүдө Түркиянын бул сөздөрү четке кагылды.

“Түркиянын аба мейкиндиги бузулган эмес. Сириянын коргоо сиситемасы да жана Сириядагы Россиянын коргоо системасы да СУ-34 учагы Түркия чегарасын бузгандыгын аныктаган эмес”, “Олуттуу айта турган болсок, кимдир бирөөлөр бул радарларга таянып, орус жана англис тилдеринде бир нече жолу эскерткен болсо, ал Голливуд фильмдерин көргөн провокатор болушу мүмкүн”, – деп айтылат Россия Коргоо министрлиги тарабынан чыгарылган билдирүүдө.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here