Зинд: Бир аскер үчүн 10 миң адам өлтүрүлсүн

212
0

Мисирде аскерий төңкөрүш жолу менен бийликке келген ас-Сиси өкмөтү элдин башына оор күндөрдү салды. Бул да жетишпегендей, Мисирдин Адилет министри болуп турган Ахмад Зинд Мусулман агайындар (Ихванул муслим) уюмунун мүчөлөрү, колдоочулары жана тарапкерлерин кыргын кылууну талап кылууда.

“Өлгөн ар бир мисирдик аскерий үчүн Мусулман агайындар уюмунун мүчөлөрү, колдоочулары жана тарапкерлеринен 10 миң адам өлтүрүлүшү керек”, – деди Мисирдин Адилет министри Ахмад Зинд Ал-Жазира маалымат агенттигине берген интервьюсунда. Министр ушундай жол менен гана көңүлү тынчтанышын билдирди.

Жергиликтүү телеканалдардын бирине интервью берген Ахмад Зинд өлгөн аскерлер үчүн 100 миңдеген адамдын өлтүрүлүшү да аны тынчтандыра албастыгын билдирди. Шаршемби күнү кечинде брондуу автомобилге бомба менен чабуул кылуунун натыйжасында төрт аскер өлгөндүгүн айтып өткөн Зинд: “Куралдуу күчтөр бул шейиттер үчүн өч алды. 40 террорчу өлтүрүлдү. Бирок, бул нерсе мен үчүн жетиштүү эмес”, – деп баса белгиледи.

“Мусулман агайындарды ушунчалык жек көрөмүн дейсиң, өлгөн ар бир аскер үчүн Мусулман агайындар уюмунун мүчөлөрү, колдоочу жана ттарапкерлеринен турган 10 миң адам өлтүрүлсө гана менин көңүлүм тынчтанат”, – деп кошумчалады Мисирдин Адилет министри.

Зинд акимдер уюмунун төрагасы болуп турган кезде Мусулман агайындар уюмуна таандык болгон Мисирдин президенти Мухаммад Мурсиге каршылыгы менен таанылган адам эле. 2015-жылдын май айында ал Мисирдин учурдагы президенти ас-Сиси тарабынан Адилет министри болуп дайындалган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here