ЕАЭБге кирип, бийлик элдин убалына калды

380
0

Өкмөт ЕАЭБге кошулуу менен элдин убалына калды, – деди академик жана коомдук ишмер Жамин Акималиев.

 “Эки тоонун чөбүн эңсеген кийик ачка өлүптүр” дегендей, биздин мамлекетибиз да ошол кийиктин кейпин кийип тургандай абалга түшүп калды”, – деди Акималиев.

 Анын айтымында, Казакстандан Кыргызстанга эт, ун жана азык-түлүк продукциялары кирип келүүдө, биздин продукциялар болсо ал жакка өткөрүлбөй жатат.

 “Биз Евразия экономикалык биримдигине даярданбай туруп, кирип алдык. Ошол эле Казакстанда малдарды текшере турган заманбап лабораториялар бар. Талапка жооп бере турган техникалык жабдыктар менен камсыздалган. Алар биздин малдарды бат эле текшерип, эмне болгонун, кайдан, эмне экенин, эмдөөлөр, жугуштуу ооруларга карата вакцинация жүргүзүлгөнүн же жүргүзүлбөгүн так аныктап коюп атат. А биздин андай акыркы үлгүдөгү, заманбап, талапка жооп берген лабораториябыз жок. Казакстандын эти, уну, баардык тамак-ашы, азык-түлүк азыктары бизге шанаңдап кирип атат. Биздики болсо аларга кирбейт”,- деди академик.

 О.э. эгерде Казакстанда ушундай көйгөй жаралса,эбак эле көтөрүп чыгып, мындай маселени тез арада эле чечип коюшун айтып  өткөн окумуштуу: “Өкмөт биримдикке кирүүдөн жана келишим кагазга кол коюудан мурда бардык жагын ойлонуп, иш кылса болмок”, -деди.

 “Бир сөз менен айтканда, биз катачылык менен ЕАЭБге кирип алыппыз, чыгып кетиш керек же коңшу өлкөлөр “дарбазаны” ачып коюшсун. Эмнеге биздин “дарбазалар” баары ачык, каалагандай эл каалагандай кирип, билген намаздарын окуп атышат? Жадагалса контрабанда кирип атат, аны текшерген, көзөмөл кылган жан жок. Бул жөнөкөй маселе эмес. Элдин тагдырын чече турган маселе”,- деди академик Акималиев.

Туркистон: 

ЕАЭБден чыгып кеткенибиз менен бардык нерсе эми мурунку абалына кайтпайт. Бул да, кудум эле Кыргызстан ондогон жылдардан бери Канаданын “Centerr Gold” компаниясынан кутула албай жатканы сыяктуу абал.

Мамлекеттер эл аралык саясатта бири-бирине оор өнөржайына, аскердик өнөржайынын кубатына, дүйнөлүк саясаттагы салмагына, стратегиялык жана геосаясий маанисине о.э. кен-байлыктарына карап мамиле кылышат.

Мисалы, Кыргызстан ЕАЭБден чыгууга токтом кылды дейли. Анда Россия жана Казакстан Кыргызстанга Кытайдын товарларын реэкспорт кылууга жол беришпейт. Демек, алар Кыргызстан менен болгон чегараларын жабууга жана өз ара алаканы чектөөгө о.э. ар түрдүү санкциялар менен бизге басым өткөрүүгө аракет кылышат. Себеби, Кыргызстанда жогорудагы –эл аралык саясатта аны урмат кылууга же аны менен эсептешүүгө мажбур кыла турган – шарттардын бири да жок.

Саясий аң сезими өтө эле төмөн болгон саясатчыларыбыз эл аралык келишимдерге ушул абалдан келип чыгып кол коюшу керек эле. Т.а. төшөгүнө карап бут сунушу керек эле. Алар болсо ири мамлекеттердин басымы астында жана өздөрүнүн орундарын сактап калуу максатында о.э. жекече кызыкчылыктарын көздөп, мамлекет жана улуттун мүлкү талап-тоноло турган келишимдерге кол коюп жиберишти. Эми болсо ал келишимдерден бир тараптуу чыгып кетишибиз да өтө кыйын болуп, бир топ зыяндарга алып барат.

Ушул күндөгү оор абалыбызды билип турган ири компаниялар, ал тургай ишти токтотуп коёбуз деп менен коркута башташты. Себеби, бюджетте белгилеп алышкан кирешенин казынага келип түшүүсү күмөндүү болуп турган бир учурда жана дефцитти кантип жабуу туурасында ойлонуп турган жетекчилерибиз Centerra компаниясынан түшүп турган садака мисалындагы арзыбаган акчадан баш тарта алышпайт.  Кыргыз бийлиги тышкы күчтөр жана компаниялар үчүн Кыргызстанды оңой олжого айландырып беришти.

Жетекчи саясатчыларыбыз ушул келишимдерге кол коюп бергени үчүн миллиондогон доллар үлүштөрүн алып жатышат. Кудум Акаев жана Бакиев сыяктуу өз виллаларында жакшы жашоо үчүн шарттарды түзүп алышты.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here