Афганистандагы Талибан кыймылы бүт дүйнөдөгү мамлекеттерди жакшы мамиле орнотууга чакырууда
Өткөн жума күнү Талибан кыймылына караштуу «Афганистан Исламий амирлиги» сайтында бир билдирүү чыкты. Төмөндө ошонун бир бөлүгүн келтиребиз:
«Бардык адилеттүү пикир ээлерине белгилүү болгондой, Исламий амирлик нукура афганий кыймыл болуп, түзүлгөндөн бери исламий усулдарга о.э. афган баалуулуктары жана тынчтыгына негизделип келет. Исламий амирликтин жетекчилери жана жооптуулары ортосундагы маектерде о.э. расмий билдирүүлөрдө улуу Афганистан мекенинин проблемаларs, кыйынчылыктары тууралуу сөз кылынууда. Бүгүнкү күндө да ушул тууралуу сөз болуп жатат.
Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү кичинекей бир айылга айланып, натыйжада соода айлантуу, ортоктош социалдык, маданий жана илимий баалуулуктар о.э. турмуштун башка тармактарындагы кызматташтыктар учурдун талабы болуп калды. Биз бүт дүйнөдөгү мамлекеттерди, ошону менен бирге исламий мамлекеттерди исламий кызыкчылыктар жана өз ара улуттук биримдик негизинде жакшы мамилелерди орнотууга т.а. мамилелерди кеңейтүүгө чакырабыз.
Исламий амирлик бардык мамлекеттерге, айрыкча, исламий өлкөлөргө «биз алакаларды орнотууга жана жакшы мамилелерди бекемдөөгө чакырабыз» деген кайрылуу жолдойт. Жакындан мамиле кылышыбыз, максат жана баалуулуктар жөнүндө пикир алмашуубуз зарыл. Бүгүн Афганистанда жүрүп жаткан жихад афгандар үчүн шаръий жана мыйзамдуу жихад экендигине толук ишенебиз. Себеби, өлкөбүз иш жүзүндө Америка баскынчылыгы астында болуп, бул мамлекет эгемендүүлүгүбүздү жана улуттук бийлигибизди тебелеп-тепсеп, он миңдеген бейкүнөө мекендештерибизди кыргын кылып, миллиондогон элибизди качкынга айландырды. Ошондуктан, исламий баалуулуктарыбыз жана улуттук кызыкчылыктарыбызды коргоого акыбыз бар. Башка жактан болсо, өлкөнүн тышкарысында эч кандай аскерий аракет кылбастыгыбыз акыйкат. Аллах тавфик берсин».
Роя гезитинин комментарийи:
Билдирүүнү көңүл коюп күзөткөн адам Талибан өзүн муътадил кыймыл катары көрсөтүп жатканына күбө болот. Бул болсо, Батыш мамлекеттери ыраазы боло турган абал. Ал өзүн мусулмандар маселелерине тиешеси болбогон афган улуттук кыймылы катары көрсөтүүдө. Билдирүүдө ортоктош социалдык жана маданий баалуулуктар жөнүндө, максат жана баалуулуктарды алмашуу туурасында сөз кылып жатат! Бул анын Исламды баалуулуктар булагына айландырбаганына о.э. исламий баалуулукту чыныгы баалуулук катары бекем кармабаганына ишара кылат. Анткени, Афганистан жана башка исламий өлкөлөрдө Ислам баалуулугу өкүмдар болушу керек эле. Талибан бүт дүйнө мамлекеттери менен жылуу мамилелерди орнотушу жөнүндө айтып жатат. Бул болсо, анын тышкы мамилелерде Исламды негиз кылып албагандыгын түшүндүрөт. Себеби, анын назарында Америка менен болгон проблема, болгону анын Афганистанды басып алгандыгында. Иракты басып алганы, көптөгөн исламий өлкөлөрдү колония кылып, Ислам жана мусулмандарга душмандык кылып жатканы Талибан үчүн эч нерсе эмес! Ачык көрүнүп тургандай, бул билдирүү Афганистанда тынчтык жараянын баштоого каратылган Афганистан, Пакистан, Америка жана Кытайдын катышуусундагы төрт тараптуу сүйлөшүүнүн биринчи баскычынан төрт күндөн кийин чыкты. Пакистанда болуп өткөн бул жыйында Талибан кыймылы менен өткөн жылы токтоп калган сүйлөшүүлөрдү кайрадан жандантуу максаты көздөлгөн.
Роя гезитинин 2016-жыл, 20-январдагы 61-санынан