Мисир президенти Абдулфаттах ас-Сиси АКШ Борбордук разведка башкармалыгынын (ЦРУнун) жетекчиси Жон Бреннан менен жолугушту. Кабарда келишинче, жолугушууда жергиликтүү жана регионалдык маанидеги маселелерди талкуулашуу максаты көздөлгөн.
ЦРУнун жетекчиси Бреннан Жакынкы Чыгыш проблемасын чечүү туурасында Каирдин регоналдык жана эл аралык ролу өтө маанилүү экендигине өзгөчө токтолгон. Бул тууралуу Мисир президентинин катчысы Аъла Юсуф берген билдирүүдө айтылды. Бреннандын айтымында, Мисир жана АКШ ортосундагы стратегиялык мамилелердин бекемделиши мактоого татыктуу.
Жолугушууда Мисир разведка бөлүмүнүн башчысы да катышты. Ушул тема боюнча билдирүү берген президент ас-Сиси Мисир өкмөтү АКШ менен байланышты кеңейтүүгө куштар экендигин айтып өттү.
“Мисир АКШ менен стратегиялык мамиелелерин күчөтүүнү сабырсыздык менен күтүүдө”, – деди Мисир президенти.
Ас-Сиси билдирүүсүндө Синай жарым аралындагы “согушкерлердин” ишмердүүлүгүнө каршы жүргүзүлүп жаткан күрөштөр улантыла тургандыгын да айтып өттү.