Парламент да Россия менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарды

303
0

 31-декабрь күнү Кыргызстан өкмөтү Камбар-Ата -1 жана жогорку Нарын ГЭС каскаддарын куруу жана эксплуатация кылуу боюнча Россия менен түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу туурасында токтом кабыл алган эле.

 20-январь күнү болуп өткөн пленардык жыйында Жогорку Кеңеш да Россия менен Жогорку Нарын ГЭС каскады о.э. Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу боюнча келишимди  жокко чыгарууну колдоп добуш берди.

 Шаршемби күнү болуп өткөн жыйында, аталган келишимдердин аткарылбай калышына финансы-экономикалык кризис себептүү Россиянын мүмкүнчүлүктөрү чектелип калгандыгы себеп болгондугу айтылды.

Москва ГЭСтерди куруудан расмий түрдө баш тартпаган болсо да, ГЭСтерди куруу боюнча келишимди өзгөртүүнү, кредиттин пайыздарын көтөрүүнү жана мөөнөттү узартууну сунуштап жатат. Бул сунуш кыргыз өкмөтү үчүн пайдасыз болгондуктан, өкмөт бул келишимди бузууга токтом кылды.

Россия Кыргызстандын бир нече тармактарын колго алуу менен аны толук көз каранды кылып алууну пландаштырган эле. 2014-жылдын апрель айында Россиянын “Газпром” компаниясы “Кыргызгазды” 1 долларга сатып алып, беш жылдын ичинде Кыргызстандагы газ тармагына 20 миллиард рубль (ошол кездеги курс боюнча 679 миллион доллар) инвестиция киргизүү милдетин мойнуна алган эле. Бирок, бүгүнкү күндө бул келишим да аткарылбай калышы мүмкүн экендиги белгилүү болду.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here