Вашингтон Иранга каршы ядролук анын программасына байланыштуу киргизилген бардык санкцияларды алып салганы туурасында АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри билдирди.
АКШ ядролук программаны жокко чыгаруу боюнча түзүлгөн келишимдин алкагында белгиленген милдеттерди аткарууга киришкен.
Мындан бир аз мурда, МАГАТЭ Иран тарап келишүү боюнча бардык талаптарды аткарганы жөнүндөгү отчётту жарыя кылган эле. МАГАТЭнин жетекчиси Юкия Аманонун ушул темадагы билдирүүсү ишемби күнү ушул уюмдун расмий сайтында жарыя кылынган. Учурда Иран маселесиндеги документ карап чыгуу үчүн МАГАТЭ башкаруу кеңешине жана БУУнун коопсуздук кеңешине сунушталган.
Мындан тышкары, Иранга карата санкциялардын жокко чыгарылгандыгы туурасында Европа Союзунун тышкы иштер боюнча өкүлү Федерика Могерини жана Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зарифтин ортоктош билдирүүсүндө да айтылган.