Россия менен Иран АКШга “далыдан сокку урууга” келишип алышты

325
0

 Россиянын өнөржай жана соода министри Денис Мантуровдун билдиришинче, Россия менен Иран эки тараптуу соода алакаларында Америка долларынан баш тартышы мүмкүн.

Кабар берилишинче, Россия мурда Түркиядан сатып алып жаткан бир катар продукцияларды эми Ирандан сатып алуу мүмкүнчүлүктөрү каралууда. Бул продукциялар үчүн төлөмдөр жакында рублга өткөрүлүшү мүмкүн. Бул болсо, өз кезегинде Иранда рубль запасы көбөйүшүнө алып барат жана бул акчалар Россия продукцияларын сатып алууга жумшалат. Иран Россиядан аскерий техникаларды, жүк машиналарды жана башка көптөгөн аскерий курал-жарактарды сатып алат.

 2020-жылга барып эки мамлекеттин ортосундагы товар алмашуу 5 миллиард долларга жетиши күтүлүүдө. Өткөн аптанын башында Тегеранда Россия-Иран өнөржай көргөзмөсү болуп өттү. Анда жалпысынан, улуттук валюталарды алмаштыруу жараянын тартипке салуучу валюта алмашуу келишимине кол коюу о.э. эки тараптуу экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды.

 Акыркы кездерде Россия эл аралык соодада АКШ долларынан баш тартуу боюнча бир топ аракеттерди кылууда. Бул жаатта Россия алгач Вьетнам, Таиланд, Түркия жана башка бир катар мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн болсо да, келишимдердин эң жемиштүүсү Кытай менен ишке ашырылды жана улуттук валюталар боюнча келишимге кол коюлду.Түзүлгөн келишим эки мамлекет ортосунда рублди юанга, юанды рублга түздөн-түз айырбаштоо мүмкүнчүлүгүн берет.

 2020-жылга барып Кытай менен өз ара соода көлөмүн 200 миллиард долларга жеткирүүнү пландаштырып турган Россия өкмөтү бул аркылуу дүйнөлүк экономикада Америка долларынын тасирин азайтуудан, мунун артынан болсо АКШнын ролун да азайтуудан үмүттөнүүдө.

Туркистон: 

“Арзууга айып жок” же Россияга карата “чөгүп бара жаткан адам бир чөптөн да үмүттөнөт” деген накыл сөздөрдү мисал келтирүүгө болот.

Путин Россияны экономикалык кризисти көздөй тарта баштаганда, Кытай жана Индиядан үмүттөнгөн эле. Алар Россиянын келечегине туура баа берүү менен АКШ тарапка жүздөнүшүп, Путин менен дээрлик бардык алакаларын үзүп жиберишти.

Путин болсо орус калкын чалгытуу максатында алгач Крымды басып алып Украина менен согушка киришти. Ал жерде жеңиле башташы менен Сирияга каршы абадан согуш баштады. Ал ушулардын бардыгын 15 жылдык башкаруусу учурунда Россияны алып келип койгон бүгүнкү абалды жашыруу үчүн  аракет кылып жатат. Путин Россия дагы деле дүйнөдөгү жетекчи мамлекеттер катарында демекчи болуп жатат. Же болбосо, андай эместигин жашырмакчы болууда.

Жогорудагы Иран менен экономикалык жана финансылык кызматташтык аракеттери да өтө күлкүлүү. Эгерде бул долбоор пайдалуу болгондо, анда Кытай Россия менен ушул иштерди ишке ашырат болчу. Бирок, бул “долларды сындыруу мүмкүн эмес” дегенди түшүндүрбөйт. Тескерисинче, ушул дүйнөлүк система жардамында жана анын ичинде туруп долларды сындыруу мүмкүн эмес дегенди түшүндүрөт.

АКШ жетимишинчи жылдардан баштап алтынды дүйнөлүк өлчөө бирдиги сыпатынан четтетип баштады. Анын ордуна долларды мамлекеттер аралык экономикалык алакалардагы финансылык өлчөө бирдиги кылып алды. Бүгүнкү күнгө келип ал долларды аркылуу дүйнөдөгү мамлекеттердин дээрлик бардыгына басым өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп алды.

Бирок, доллар канчалык жогорку кыйматтарга ээ болбосун, анын чыныгы кыйматы өзү менен бирге эмес. Т.а. долларды басма станоктордон басып чыгарып жаткан кагаз акчалардын өздүк наркы доллардын кыйматына карата жүздөгөн эсеге арзан турат. Дүйнө мамлекеттеринин дээрлик бардыгы АКШнын дүйнөлүк аброюна ишенишип,  алтындын ордуна долларды улуттук валюталардын кыйматын белгилөөдөгү бирден-бир өлчөө бирдиги кылып алышты. Мындан тышкары, дүйнөдөгү мамлекеттер өздөрүнүн резервдик фонддоруна долларды басып алышты. Демек, ал мамлекеттер да АКШнын долларын коргоого жооптуу болуп калышты. Себеби, эми доллардын кунсузданышы менен, ал мамлекеттин кызматтар, сырьё жана продукцияларынын өлчөөлөрү да кунсузданып бара берет. Анткени, акчанын милдети кызматтар жана товарлардын кыйматтарын белгилеп берүүдөн турат.

Доллардын ордун өзүнүн улуттук валютасы менен алмаштырууну максат кылган мамлекет үчүн бир гана жол бар. Мында валюталар өз кыйматтарын өз ичинде сактаган болушу шарт. Т.а. улуттук валюталар алтындан жана күмүштөн болушу шарт. Ал үчүн мамлекет алтынды өз ордуна кайтарып, аны экономикалык айырбаштоонун негизги каражаты катары мамлекеттик мыйзамдар менен тастыкташы шарт. Ошондо ал мамлекет АКШнын доллар аркылуу бардык мамлекетке жасап жаткан финансылык басымдарынан кутулушу мүмкүн. Башкача айтканда, ар кандай валюта өз кыйматын өзү менен алып жүрө турган болгондо гана АКШнын дүйнөлүк финансылык кризистерди уюштуруу системасын сындырууга болот. Ошондо мамлекет, финансылык кооп-коркунучтардан арылып, экономикалык өнүгүү тууралуу пикирлей баштайт.

Россия менен Ирандын жогорудагы биригүүсү болсо, кудум саясий аң-сезими болбогон  адамдын же бирөө-жарымдан капа болуп калган жаш баланын таарынычына окшойт. Алар бири-бири менен алакаларын жогорку даражага көтөрүшкөндө да, өз валюталарын бири-бирине карата кандайдыр жалпы кыйматтар негизиндеги бир өлчөө менен баалашы керек болот. Эгерде ошол өлчөө дагы кайрадан доллар болсо, андан эмне өзгөрөт?

Түпкүлүгүндө, бул сыяктуу билдирүүлөр саясий популисттик мааниге гана ээ болуп, Путин орус калкын жана өзүнө көз каранды болгон бир катар мамлекеттерди убактылуу болсо да чалгытып турмакчы болот. Бул келишимдер ага жаңы согуштук абалды пайда кылып алганга чейин чалгытуучу ыкма болуп турат. Андан соң унутулат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here