Атамбаев: 2016-жыл мамлекет үчүн жеңил болбойт

312
0

Бул тууралуу президент АлмазбекАтамбаев 30-декабрь күнү Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков, премьер-министр Темир Сариев жана Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаевалар жолугушуу учурунда айтып өттү. Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууда 2015-жылдын жыйынтыктары кийинки жылдын пландары талкууланды.

 “Кыргызстан өзүнүн туруктуулугун көрсөттү жана жаңы 2016-жылга дагы да стабилдүү жана бекем позиция менен кирет”, – деген Атамбаев, келе жаткан жыл мамлекет үчүн жөнөкөй жылдардан болбостугун айтып өттү.

 Атамбаев Жогорку Кеңешке таза жана транспаренттүү шайлоо өткөрүлгөнүн, анын натыйжалары эл жана катышуучулар тарабынан кабыл алынып, эл аралык байкоочулар жана демократиялык институттар тарабынан жогору баалангандыгын негизги утуштардын бири катары келтирип өттү.

 “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жана экономиканы көтөрүү, жарандардын коопсуздугун сактоо жана алардын бакубатчылык жашоосун көтөрүү үчүн бардык керектүү чараларды кабыл алышыбыз керек”, – деди Атамбаев.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here