Камак жана лагерлер… эч качан эркибизди сындыра албайт

384
0

Камак жана лагерлер… эч качан эркибизди сындыра албайт

ишмердүүлүгүбүздү токтотпойбуз жана токтотушуна да жол бербейбиз

2015-жыл, 21-декабрь күнү кассация  соту Абдуллах Рошид жана Абдулазиз Мунайис аттуу эки боордошубузду үч жыл төрт айга эркинен ажыратуу жана аларга тагылган Хизб ут-Тахрирге мүчө болгондук айыбын аткаруу чечимин тастыктады. Прокуратура “Хизб ут-Тахрирдин пикирлери мамлекетке каршы такфирий пикирлер, бул Хизб бийликке каршы чыгууга жана мыйзамсыз жол менен мамлекеттик түзүмдү кулатууга чакыруучу тыюу салынган жамаат” деп этибар кылды.

Эң оболу ачык айтарыбыз, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө Исламдын маанилүү фарздарынын бири. Аны менен ичкерида шарият өкүмдөрү колдонулуп, тышкарыга Ислам жихад жана даъват аркылуу жеткирилет. Набий A

«الإمّامُ جُنَّةٌ، يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ»

«… Имам-Халифа калкан, анын артында туруп согуш кылынат жана аны менен коргонулат» (Имам Муслим риваяты), деп баса белгилегендей, Үммөттүн бардыгы, ыйык нерселери, байлыктары аны менен корголот. Халифалык менен турмуш майданында Ислам болот, Ислам маданияты жүзөгө чыгат, Үммөттүн айбаты, күч-кубаты кайрадан тикеленет.

Аллах Таала айтат:

وَأَنِ احْكُم بَيْنَهُم بِمَا أَنزَلَ الله وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءَهُمْ وَاحْذَرْهُمْ أَن يَفْتِنُوكَ عَن بَعْضِ مَا أَنزَلَ الله إِلَيْكَ

«Алардын ортосунда Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылгын, алардын нафсине ээрчибе жана Аллах сага түшүргөн өкүмдөрдүн айрымдарынан сени (буруп) фитнага салып коюуларынан этият болгун» [5:49]

Расулуллах A мындай деди:

«مَنْ خَلَعَ يَدًا مِنْ طَاعَةٍ لَقِيَ اللهَ يَوْمَ الْقِيَامَةِ لاَ حُجَّةَ لَهُ وَمَنْ مَاتَ وَلَيْسَ فِي عُنُقِهِ بَيْعَةٌ مَاتَ مِيتَةً جَاهِلِيَّةً»

«Кимде-ким итаат кылуудан баш тартса, кыямат күнү Аллахка хужжаты жок абалда жолугат. Кимде-ким мойнунда байъат жок абалда өлсө, жахилият өлүмү менен өлүптүр» (Имам Муслим риваяты).

Хизб ут-Тахрирдин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө тарыйкатына келсек, Хизб мында пикирий жана саясий күрөш жолуна амал кылат, эч кандай куралдуу аракетке киришпейт. Бийликтен корккондуктан же өзүнүн тынчтыгын ойлогондуктан эмес, тескерисинче Набий Aдын тарыйкатына бекем амал кылганы үчүн ушундай кылат.

Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылуунун мааниси, ушул Халифалык бүт дүйнөдөгү бардык мусулмандардын тагдырын чечүүчү маселе экендигинде. Ушул маселе жолунда жандар канчалык азиз болбосун курмандыкка берилет, машакаттар канчалык оор болбосун этибарга алынбайт, сыноолор канчалык катуу болбосун жеңип өтүлөт. Себеби, Халифалык мамлекетин тикелөө тарыйкаты шаръий жол болуп, бул жол кыйынчылыктар менен оролгон. Демек, андан кыпындай четке чыгылбайт. Хизб ут-Тахрирдин мүчөлөрү мына ушуларды билген соң, натыйжа канчалык кооптуу экендигин түшүнүп жетип, ошого жараша даярданышкан жана көркөм сабыр-такаат менен камданышып, Аллахтын казасына ыраазы болушкан.

Сөзүбүздүн аягында айтаарыбыз, биз Хизб ут-Тахрир мүчөлөрү, канчалык мээнет, кубат жана убакыт талап кылса да, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө жолунда ишмердүүлүгүбүздү улантабыз. Канчалык курмандыктарды берүүгө туура келсе да, ушул шаръий жолдон четке чыкпайбыз. Аллахтын буйругу аткарылмайынча, Аллахтын уруксаты менен, камактар да, лагерлер жана адилетсиз өкүмдөр да биздин эркибизди сындыра албайт. Биз ишмердүүлүгүбүздү токтотпойбуз, токтотушуна да жол бербейбиз.

Хизб ут-Тахрирдин Кувейттеги басма сөз бөлүмү

Facebook:  www.facebook.com/htkwt.md

Twitter: @HTKWT

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here