Обама Американы терроризм коркунучунан коргоого убада берди

273
0

Роя гезитинин 2015-жыл, 9-декабрь, шаршембидеги 55-санынан:

Обама Американы терроризм коркунучунан коргоого убада берди

Өткөн жекшемби күнү Америка президенти Барак Обама «америкалык» жарандарга кайрылып, аларды Обама админстрациясы террористтик чабуулдар коркунучун азайтуу үчүн болгон күчү менен аракет кыла тургандыгын айтып, аларды кадыржам кылууга аракет кылды. Мындан мурда Калифорния штатынын Сан-Бернардино шаарында эрди-катын тарабынан ишке ашырылган чабуулду Обама терроризмдин «жаңы баскычы» деп сыпаттап, бул «Бейкүнөө адамдарды өлтүрүүгө каратылган террористтик акт болчу» деди.

Ал “14 америкалыктын өлүшүнө, 17 америкалык жарадар болушуна себеп болгон Сан-Бернардино чабуулунун бирер террористтик уюмга же ИШИМ уюмуна тиешеси бар экендигине далил жок” деп кошумчалады. Андан соӊ, Американын ИШИМ уюмуна каршы күрөшүү стратегиясын ачыктап жатып: «Ошондой болсо да, бул террористтик чабуул болуп эсептелет. Ал эми аны ишке ашыруучулар Исламды жаман кылып көрсөтүштү», – деди. Ал Ислам сөзүн айтып жатып, аны «ырайымдуулуктун жана толеранттуулуктун дини» деп атады. Андан соӊ, ИШИМ уюмун же анын өлкөсүнө зыян жеткирген ар кандай террористтик уюмду жок кылууга убада берди.

Америка президенти курман болгондордун жакындарына көӊүл айтып, «Жетекчи жана эки баланын атасы катары Американы терроризм коркунучтарынан коргоо» өзүнүн милдети экендигин билдирди.

Андан кийин: «Террор коркунучу акыйкат, бирок, албетте биз аны жеӊебиз. ИШИМ уюмун да, бизге зыян жеткирүүчү ар кандай уюмду да жок кылабыз. Бул сөздөрүбүз менен өз баалуулуктарыбыздан алыстаган болбойбуз. Тескерисинче, билим, күч-кубат жана шайкештик менен каршылаш күчтөрдүн үстүнөн жеӊишке жетишебиз», – деди.

Обама ИШИМ уюмуна каршы жүрүп жаткан бул согуш Сирия же Иракка кургактык аркылуу кирип барууну, Кошмо Штаттар менен Ислам ортосунда согуш болушун да түшүндүрбөстүгүн билдирди.

Андан соӊ, «ИШИМ уюму Исламды да жана мусулмандарды чагылдырбайт. Анткени, мусулмандар бул идеологияны четке кагышат» деп кошумча кылды («Хурра» сайты).

Роя гезитинин комментарийи:

Америка президенти өз калкына кылган ушул кайрылуусу аркылуу “терроризм коркунучу” деген өтө кооптуу чөйрө жаратмакчы болуп жатат. Муну менен бүт дүйнө бойлоп жүргүзүп жаткан саясаты т.а. жарандарды кыргын кылуу жана үй-жайлардын күлүн көккө сапырууга негизделген саясаты өз калкы тарабынан макулданышын каалап жатат. “Кошмо Штаттар менен Ислам ортосунда согуш жок”, – деген сөзү карандай калп. Себеби, Американын исламий дүйнөдө жүргүзүп жаткан бардык саясаттары Ислам жана мусулмандарга карата душмандык саясат экенине далалат кылат о.э. Исламга, анын өкүмдөрүнө, айрыкча, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты куруу идеологиясына каршы согушуп жатканын түшүндүрөт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here