Дагы бир аскерий коалиция түзүлдү

АКШ президенти Барак Обаманын терроризмге каршы күрөш чүмбөтү астында Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштө өзүнүн гана кубатына таянуу оӊ натыйжаларга алып барбастыгына көзү жетти. Анын бул тыянакка келишине куфр мамлекеттери исламий өлкөлөргө бастырып киришинен мурда өз ара күрөшүп жаткан исламий кыймылдардын жалпы душманга каршы биригип кетүүсү себеп болду.

Ошол себептен да АКШ жогорудагы күрөшкө исламий өлкөлөрдөгү малай акимдерди да тартып, Ислам динине каршы жүргүзүп жаткан согушунда “балта сапты өзүнөн чыгарууга” көӊүл бура баштады. АКШнын бул позициясы Барак Обаманын 2015-жыл, 20-январда сүйлөгөн сөзүндө өз көрүнүшүн тапкан болчу.

“Террорчуларды куугунтуктоону жана алардын тармактарын зыянсыздандырууну улантабыз. Биригип иш кылуу акы-укугун сактап калабыз. Биз америкалыктардын Афганистан өрөөндөрүндө айланып сакчылык кылышынын ордуна афгандардын коопсуздук күчтөрүн машыгуудан өткөрдүк, азыр бул күчтөр башкаруу тизгиндерин өз колуна алышууда… Өтө көп сандагы кургактык күчтөрүн чет өлкөгө жиберүүнүн ордуна түштүк Азиядан түндүк Африкага чейинки мамлекеттер менен шерикчилик алкагында кызматташып жатабыз. Америкага коркунуч туудуруп жаткан террорчуларды тынч баш баанектеринен ажыратуу үчүн ушундай кылып жатабыз”, – деген эле.

Барак Обаманын чакырыктарына “лаббей” деп жооп берген исламий өлкөлөрдүн акимдери Ислам динине каршы күрөштө жаңы коалиция түзүштү.

Саудиянын коргоо министри Мухаммад ибн Салман Ал-Сауддун билдиришинче, террорчулукка каршы күрөштү дагы да күчөтүү үчүн 34 мусулман мамлекеттен турган жаңы аскерий коалиция түзүлдү.

 Анын айтымында, жаңы түзүлгөн аскерий коалиция “Ислам Мамлекети” уюмуна эле эмес, башка террорчу топторго да каршы күрөшүү максатында түзүлдү.

Жаңы антитеррордук күчтөр Эр-Рияддан башкарылат. Айтылышынча, коалиция 72 сааттын ичинде түзүлгөн.

Коалицияга Саудия, Иордания, Бириккен Араб Эмираттары, Пакистан, Бангладеш, Бахрейн, Бенин, Түркия, Чад, Того, Тунис, Жибути, Сенегал, Судан, Сьерра-Леоне, Сомали, Габон, Гвинея, Палестина, Комор аралдары, Катар, Кот-д’Ивуар, Кувейт, Ливан, Ливия, Мали, Мальдив Республикасы, Малайзия, Мисир, Марокко, Мавритания, Нигер, Нигерия жана Яман кирген.

turkistonkg

Recent Posts

Оо, Шамдагы ахрар козголоңчулар! Умматтын үмүтү силерде, үмүтүн жокко чыгарбагыла!

Басма сөз баянаты Оо, Шамдагы ахрар козголоңчулар! Умматтын үмүтү силерде, үмүтүн жокко чыгарбагыла!  Оо, Шам…

6 hours ago

Шам тогуту кулатылды… Бирок, Америка жана анын малайлары тикелемекчи болуп жаткан бузгунчу секулярдык башкаруудан өтө-өтө этият болгула

Шам тогуту кулатылды... Бирок, Америка жана анын малайлары тикелемекчи болуп жаткан бузгунчу секулярдык башкаруудан өтө-өтө…

6 hours ago

Шам калкына өткөөл доор да, убактылуу өкмөт да керек эмес, аларга Ислам, Ислам түзүмү, башкаруусу жана мамлекети керек

Басма сөз баянаты Шам калкына өткөөл доор да, убактылуу өкмөт да керек эмес, аларга Ислам,…

6 hours ago

«Акса ташкыны» фактыларды ашкерелеп, кыянаттарды ачыктоодо

Басма сөз баянаты «Акса ташкыны» фактыларды ашкерелеп, кыянаттарды ачыктоодо АКШ жана Франция жетекчилиги астында Ливан…

6 hours ago

Чыныгы өзгөрүү Уммат акыйдасына таянган долбоор менен гана ишке ашат Кимде андай долбоор бар?

Басма сөз баянаты Чыныгы өзгөрүү Уммат акыйдасына таянган долбоор менен гана ишке ашат Кимде андай…

6 hours ago

Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү

Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү Кыргызстанда үч жыл мурун калктын эң бай…

2 days ago