Исламий өлкөлөрдө башаламандыктар уланып жаткан бир учурда, интернет веб-сайттарынын биринде Швециянын мурдагы премьер-министри Карл Бильдттин Усманий (Халифалык) мамлекети кулагандан кийин жүз берген абалдар туурасындагы макаласы жарык көрдү. Мурдагы премьер-министрдин жазышынча, Жакынкы Чыгыштагы көптөгөн кырсыктардын тамыры Усманий мамлекеттин бөлүнүп кетишине барып такалат. Себеби, Усманий (Халифалык) мамлекети маданияттары, каада-салттары жана тилдери ар түрдүү болгон калктардын бейпилдигин камсыздап, көркөм көрүнүштө башкарган. “Босния Герцеговинадагы Бихач шаарынан Ирактын Басра шаарына чейин чалкып жаткан өлкө Стамбулдагы султандын бийлиги астында ийгиликтүү көрүнүштө башкарылат эле”, – деп жазат Бильд.
Усманий мамлекети жүздөгөн жылдар регионду тынч-татуу башкаргандыгына көӊүл бурган Билдт мындай дейт: “Усманий империясы талкаланышынын артынан зомбулуктар да башталды. Тышкы күчтөр Балкан, Мавренахр, Жер Ортолук деӊизинде Усманий империясынын картасын жаӊыдан сызып чыгышты. Бир нече мамлекеттер пайда болду. 1917-жылы Балфоур декларациясы менен Британия Палестинада Израиль мамлекетин куруу үчүн аракет кыла баштады. 1948-жылы Израиль мамлекети түзүлгөндөн кийин согуштар жана сүйлөшүүлөр башталды. 1990-жылдары Балканда согуштар болду. Иракты суннийлер жана шиалар ортосунда бөлүштүрүү 1947-жылдагы Азия кырсыгынын Мавренахрда кайрадан башталышына алып келиши мүмкүн. Ошол кезде Пакистан Индиядан бөлүнүп чыккан эле. Пакистанга барууну каалаган миллиондогон адамдар өлгөн болчу. Иракта арабдар жана күрттөр ортосундагы бөлүнүү да региондо узак мөөнөттүү кандуу доорду келтирип чыгарышы мүмкүн. Сирияда да чечим табуу кыйындап бара жатат. Согуштар жана ынкылаптардан кийин бир гана акыйкат аркада калды. Ал да болсо, Усманий империясы тарабынан түзүлгөн тартипти бузган бардык нерсе региондун көбүрөөк канга бөлөнүшүнө себеп болду. Эл аралык коомчулук региондо тынчтык орнотуу үчүн аракет кылууда. Бирок, регион мамлекеттеринин жетекчилери тарыхтан сабак алышы керек”.