31-октябрь күнү Мисирде Россиянын самолёту “террордук актынын” натыйжасында кулагандыгын РФнын коопсуздук кызматы расмий түрдө тастыктагандан бир күндөн кийин т.а. 18-ноябрь күнү Россия президенти Владимир Путин терроризмди каржылоого каршы күрөш боюнча мекемелер аралык комиссия түзүү туурасындагы буйрукка кол койду.
Буйрукка ылайык, Россия федерациясынын прокуратуралары, Улуттук банк, жергиликтүү бийлик жана башка мамлекеттик мекемелердин “террорчу уюмдарга жана экстремисттик иш-чарага тиешеси бар” деп күмөн кылынган адамдар боюнча маалыматтарды жаңы түзүлгөн комиссияга тапшырып туруусу шарт.
Жаңы түзүлгөн комиссия болсо “террордук ишмердүүлүккө тиешеси бар деп күмөн кылынышына жетиштүү негиздер бар болгон” уюмдар жана жеке адамдардын банктык эсептерин тоӊдуруп коюу укугуна ээ болду.
Мындан тышкары, комиссияга жогоруда айтып өтүлгөн мекемелердин бардыгынан о.э. чет мамлекеттердин “ыйгарым-укуктуу мекемелеринен” маалымат жана зарыл болгон материалдарды талап кылуу укугу да берилди.
Туркистон: Бул сыяктуу экономикалык көзөмөл комиссиялары Россиянын кризисин ого бетер тездетүүгө салым кошот. Себеби, бул комиссия Путиндин режими үчүн өздөрүнө ыңгайсыз компаниялар жана ишканаларга катуу сокку берүү куралы болуп кызмат кылат. Бул комиссия Россиядагы инвестиция чөйрөсүн жана биргелешкен ишканалар кепилдиги болгон бейпилдик чөйрөлөрүн бузуп жиберет. Россия экономикалык иштеп чыгаруу жана соода-сатык кылуу үчүн эң ишеничсиз мамлекеттер катарынан орун алат. Бирок, бул экономикалык комиссия Путиндин режими үчүн керексиз жана ыңгайсыз уюмдарды жок кылып кылып алууга шарт түзөт о.э. кырдаалдан пайдаланып, өздөрүнүн позицияларын бекемдеп алышына кеӊири мүмкүнчүлүк берет.
Мисирде жардырылган самолёттогу адамдардын жана Францияда кыргын кылынган жүздөгөн адамдардын өлүмү текке кетиши мүмкүн эмес. Аларды курман кылуунун артынан, ал тургай бул курмандыктар ишке ашырылышынан мурда, аны ишке ашыргандыкта айыпка тартылышы күтүлүп жаткан адамдардын, аларга каршы жүргүзүлө турган иш-чаралардын, жогорудагы экономикалык комиссия жана анын мүчөлөрүнүн тизмеси түзүп коюлган болчу. Болгону, булардын ар бири өз өлкөлөрүндө ишке ашырып келе жаткан жардыруу иштеринде бири-биринин айыптарын ачып жиберишпесин үчүн, алар биригишти. Ал тургай, бул биригүү үчүн Францияда жүздөгөн адамдарды кырып жиберишти. Демек, мусулмандарга каршы биригүү, жүздөгөн жарандарынын өмүрүнө караганда маанилүүрөөк болгон.
Путин учурдан пайдаланып, Россияда авторитардык режимди күчөтүп алмакчы. Кырдаал болсо Путин менен Россиянын кызыкчылыктары экиге бөлүнүп бара жатканынан келип чыккан. Сириядагы согуш Россиянын эмес Путин режиминин кызыкчылыгы. Болгону, ушул кызыкчылык АКШнын кызыкчылыгы менен азырынча параллел келип калды. Путин бул абалдан келип чыгып, Россиянын өзүнө муктаждыгын күчөтүп алмакчы. Себеби, жакында Россия согуш агымынан чыга албай турган даражада баткакка батып калат. Путин өзүнүн коопсуздугу үчүн 224 жаранды эле эмес, балким бүтүндөй Россияны курман кылып жибериши да мүмкүн. Путин ошондо да Россиянын бул абалга түшүп калышында мусулмандарды айыптайт.