Россия Исламга каршы согуштун алдыңкы катарында

333
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ

             2015-жылдын 19-октябрында Москвада Хизб ут-Тахрир мүчөлөрүн массалык камакка алуу иштери болуп өттү. Атайын кызматтар терроризм айыбы менен 100гө жакын адам кармалгандыгы жана алардан 20дан ашууну камакка алынгандыгы туурасында кабар беришти. О.э. тинтүү иштери тартылган ыкчам видео материалдарды ЖМКларда кеӊири таркатышты. Анда күч органдарынын кармалган мусулмандарга карата текебердик жана кемсинтүү менен мамиле кылып, акаарат кылып жатышканын көрүүгө болот. Ошону менен бирге, “террористтер” деп аталып жаткандардын жанынан Хизб ут-Тахрир китептеринен башка эч нерсе табылбаганы да күзөтүүчүлөрдүн этибарынан четте калбады.

   Бир нече күндөн кийин т.а. 23-октябрь күнү атайын кызматтарга таянган Россия ЖМКлары “Хизб ут-Тахрирдин Москвадагы бөлүмүнүн башчысы” кармалгандыгын чуулгандуу “сенсация” кылып таркатышты. Кармалган мусулманга жаза-чара белгилениши туурасындагы видео материал бүт мамлекеттик маалымат каражаттарын айланып чыкты. Бул окуялар, мындан бир аз мурда өкмөт тарабынан “ИШИМ согушкерлери уюштурган террордук чабуулдун алдын алуу” деп аталган спектаклдин эртеси т.а. 12-октябрда кээ бир ЖМКлар атайын кызматтардагы булагына таянган абалда ИШИМ согушкерлери Хизб ут-Тахрир мүчөлөрү экендигин кабарлашкандан кийин жүз берүүдө.

           Ачык көрүнүп тургандай, орус режими бул иш-аракеттерди сентябрь айынын аягында залим, канкор Башар Асад тарабында ачык согушка кирип, козголоңчулар жана карапайым жарандарды бомбалоо менен Сирияда кылмыштуу операциясын ишке ашырып  жаткан бир мезгилде кылууда. Муну менен Путин өз калкына жана бүт дүйнөгө Сирияга мажбурий түрдө армиясын жөнөтүп жатканын көрсөтмөкчү болууда. Кудум, “Россия жана башка мамлекеттердин коопсуздугуна коркунуч туудуруп жаткан террористтерден” өзүн коргоп, алдын алуучу сокку берип жаткандай. Ошондуктан да Кремлге борбордогу “террордук чабуулдун алдын алууга” байланыштуу болгон “террористтерди” массалык түрдө колго түшүрүү иштери керек болуп калды.

           Россия режими өзүнүн чыныгы максаттарын жалындуу сөздөр жана ураандар менен чүмбөттөп алмакчы болууда. Бирок, ал чыныгы жүзүн жашыра албайт, себеби жарым миллион мусулманды өлтүргөн Асадды коргоп, Сириядагы бейкүнөө балдар, аялдар жана карыларды кырып жатат. Ал бул кылмыштарды өзүнүн геосаясий кызыкчылыктары үчүн жана Украина кризиси унутулушу о.э. “кечирилиши” үмүтүндө Америкага жагынуу үчүн кылууда. Путин америкача оркестрдеги ролунан ушунчалык сыймыктанып кетип, жүзү жоктук менен өзүн “тынчтык көгүчкөнү” деп атады. Жакында ал Сочиде: “Мен көгүчкөнүмүн, а бирок, менин өтө күчтүү темир канаттарым бар”, – деди (“Россия сегодня” 24.10.2015).

         Хизб ут-Тахрирдин – бирер террордук чабуулга да, ар кандай материалдык аракетке да тиешеси болбогондой эле – ИШИМ уюмуна да эч кандай тиешеси жоктугун Россия өкмөтү өтө жакшы билет. Бирок, Кремлдеги кылмышкерлер Хизб ут-Тахрирге идеологиялык жана саясий жактан каршы тура албастыгы себептүү жалган айтууну улантып жатышат. Алар партия мүчөлөрүнө каршы ырайымсыз репрессияларын актоо үмүтүндө уятсыздык менен Хизб ут-Тахрирди терроризмде айыптап жатышат.

           Россия өз аймагында да, Сирияда да Исламга каршы бирдей күрөшүп жатат. Ал атайын кызматтарга, көп сандуу армияга жана жогорку технологиялык куралдарга ээ. Бирок, анда мусулмандарда бар болгон бүткүл ааламдар Роббисинин жардамы о.э. мусулмандарга жакынкы жеӊиш туурасындагы берген убадасы, кушкабары жок. Россия өкмөтү каалаган ишибизди кыла беребиз деген ойдо Ислам жана мусулмандарга каршы согушка киришти, а бирок, алардын бардык аракеттери ийгиликсиз болот, инша Аллах. Россия мусулмандары эч качан динин таштап коюшпайт. Себеби, алгач падышалык, андан кийин советтик бийликтердин басымдары да Исламды жок кыла албаган. Бирок, Иван Грозный жана Сталиндин иштери буларга сабак болбогон окшойт. Путин үчүн совет бийлигинин Афганистанга шерменделүү чабуулу да сабак болбоду, бүгүн ал Сирияга чабуул кылууда жана Аллахтын каалоосу менен аны да өзүнөн мурункулар сыяктуу бул дүйнөдөгү жана түбөлүк жашоодогу шерменделик, кордук күтүп турат.

Аллах Таала айтат:

وَسَيَعْلَمُ الَّذِينَ ظَلَمُوا أَيَّ مُنقَلَبٍيَنقَلِبُونَ

Залим кимселер жакында кандай акыбетке карап бара жатышканын билип алышат  (26:227)

Хизб ут-Тахрирдин Борбордук басма сөз бөлүмү

28.10.2015.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here