Россиянын Резервдик фонду 2016-жылдын аягына барып түгөнүшү мүмкүн

328
0

Россиянын финансы министри Антон Силуановдун айтымында, 2016-жыл резервдик фонд үчүн акыркысы болушу мүмкүн. Анын билдиришинче, резервдин көлөмү үстүбүздөгү жылы 2,6 триллион рублга кыскарып кеткен. Бул болсо өткөн жылга салыштырганд 50 пайыздан көбүрөөк өлчөмдү түзөт.

Силуановдун айтымында, учурда Россия мамлекеттик карыздарга кызмат көрсөтүү 650 миллиард рублди же Ички дүӊ продукиянын (ИДПнын) 0,8 пайызын түзөт. Ал кошумча кылып, учурда финансы министрлиги бийик ставкалар менен (10-11 пайыз) карыз алып жаткандыгын жана мамлекеттин карызын төлөө үчүн “бюджеттин башка чыгымдарын кыскартып жатканын” айтып өттү.

Финансы министрлиги таркаткан акыркы отчётко ылайык, учурда Резервдик фонд 4,67 триллион рублга барабар.

8-октябрь күнү Россия өкмөтү 2016-жылдын бюджетин тастыктады. Документке ылайык, бюджеттин киреше бөлүгү 13,6 триллион, чыгаша бөлүгү болсо 15,8 триллион рублга барабар. Дефицит ИДПнын 2,8 пайызына же 2,8 триллион рублга барабар. Муну 2015-жылдын бюджетине салыштырылса: киреше 12,5, чыгаша 15,2 триллион рублга, дефицит болсо 2,68 триллиондон ашкан эле.

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын башында финансы министрлиги Резервдик фондудан 900 млрд рубль иштеткени тууралуу билдирген болчу. Мындан тышкары, улуттук жыргалчылык фондунан да 350 млрд рубль алынган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here