Имам Рашод Камалов беш жылга кесилди

352
0

7-октябрь күнү кечинде Кара-Суу райондук соту “Ас-Сарахси” мечитинин мурдагы имамы Рашод Камаловду 5 жылга эркинен ажыратты. Сот имамды диний кастыкты козутууда, экстремисттик материалдарды сактоодо жана таратууда айыптуу деп тапты. Бул тууралуу «Азаттыкка» Камаловдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева билдирди.

Сот айыпталуучуну имамдыкка дайындоо тууралуу муфтияттын буйругу жок экен, анын үй-бүлөсү бар экендигин жана буга чейин тура эмес иштерге катыштыгы жоктугун эске алуу менен анын абактагы мөөнөтүн кыскарткан. Камаловдун жактоочулары апелляция берүүгө камданууда.

Кара-Суушаарындагы “Ас-Сарахси” мечитинин имамы, 37 жаштагы Рашод Камалов 9-февралда кармалган. Ага каршы “экстремизмге чакырган”, “халифат курууга аракет кылган” жана “Сирияга адамдарды жөнөткөн” деген шек менен иликтөө иштери башталган.

Камалов өзүнө коюлган айыптарга макул эмес. Анын ишин сотто кароо буга чейин эки ирет жылдырылып, баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылган. (ErN)

Туркистон:

Рашод кары Камаловдун үстүнөн жүргүзүлгөн соттук жараянга катышкан ондогон күбөлөрдүн билдиришинче, сотто прокуратура Камаловду каралоочу далил катары дээрлик бир да факты келтире алган эмес.Прокурорлор айыптоочу далил катары бир дисктеги Камаловдун мечиттеги “ Халифалык кайрадан тикеленет жана мусулмандар мындан үмүттөнүп, дуба кылып жашоосу важиб” деген сөздөрүн коюп беришкен.

Бул сөздөр чындыгында шариятка ылайык келе тургандыгын, муфтият жазуу түрүндө тастыктаган. Депутат Турсунбай Бакир уулу,белгилүү диний жетекчи Садык Камалов, мурдагы муфтий жана уламалар кеӊешинин төрагасы Чубак ажы Жалилов, журналист жана диний эксперт Мыктыбек Арстанбек о.э.дагы бир нече белгилүү диний эксперттер сотто катышуу же жазуу түрүндө кат жиберүү аркылуу, алар да Халифалык туурасындагы бул сөздөрдү тилге алышкан. Алардын ар бири ушул Рашод кары айткан сөздөргө ыйман келтире тургандыгын жана ушул пикирлерди макулдай тургандыгын айтышкан. О.э. бул айтылып жаткан шаръий өкүмдү тастыкктоочу нусустардагы далилдерди да сотто келтиришкен. Ушул сөздөрдү сот залында туруп расмий түрдө айтканы үчүн алардын бирине да сот тарабынан бирер экертүү берилген эмес. Демек, бул сөздүн айтылышында кылмыштык элемент жок экендигин сот моюнга алган. Рашод кары да ушул сөздөрдү гана айткан. Ага каршы башка эч кандай каралоочу далил бар деген доо болгон эмес.

Прокурорлордун Рашод карыга каршы башка эч кандай далилдери жоктугун көрүп турса да, Кара-Суу соттордун төрагасы Камаловду убактылуу үй камагына чыгарып турууну сурап жазылган арыздардын бардыгына тескери жооп берген.

Бирок, Рашод Камаловдун үстүнөн жүрүп жаткан сотто аны соттоп  жаткан Кара-Суу райондук сотунун төрагасы Койчубек Жобоновнын бул соттук жараянда эч кандай таасири жок экендигин түшүнүү кыйын эмес. Сот аны камоого түздөн-түз буйрук берген бийлик тарабынан көзөмөлдөнүп турат. Бирок, бул соттук жараян Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгү жок экендигин көрсөттү.

Балким бул өкмөттүн кылмыштуу иш-аракеттери мусулмандарга каршы иштетилишине келишүү болгондур. Себеби, Рашод карыга карата 8 айдан бери жүрүп жаткан зулумдарга каршы, бирер күч ээлери тарабынан каршылык пикири ачыкталбады. Сот болсо прокуратура тарабынан бирер далил келтирилбегендигине карабастан, жогорудагы шерменде өкүмдү чыгарды. Бул соттук жараян “Рашод карын камакка алууда адашкан милиция тармагынын артын жабуу үчүн атайын буйрутма негизиндеги саясий чечим болду” деп айтсак туура болот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here