Кытай менен АКШ терроризмге каршы күрөштө кызматташтыкты күчөтөт

276
0

Кытай менен АКШ ортосунда терроризм жана акча махинациясы кылмыштарына каршы күрөш боюнча меморандумга кол коюлду. Мындай маалымат Кытай Тышкы иштер министрлигинин сайтына жайгаштырылган.

Кабар берилишинче, бул келишимге Кытайдын өлкө башчысы Си Цзиньпиндин АКШга сапары учурунда кол коюлган.

 “Кытай жана АКШ акча махинациясы, терроризмди каржылоо жана ушул түрдөгү башка кылмыштар боюнча маалыматтарды чогултуу о.э. текшерүүлөрдү жүргүзүүдө кызматташат”, – деп айтылат документте.

 “Тараптар терроризмге каршы күрөштө ар тараптуу кызматташууга киришет жана БУУнун Коопсуздук кеңеши токтомдорунун негизинде аракеттенишет”, – деп айтылат кабарда.

О.э. АКШ менен Кытай Афганистанда тынчтык орнотуу маселесинде кызматташуу жаатында келишим түзгөн.

Мындан тышкары, тараптар паракордукта айыпталган адамдарга тиешелүү мүлктөрдүн камакка алынышында кызматташат. Кала берсе, мыйзамсыз мигранттар жана качкындар маселесинде тараптар өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруусу белгилеп коюлган.

Буга чейин Кытайдан АКШга өтүп кеткен кылмышкер чиновниктерди артка кайтаруу боюнча келишим жок эле.

Туркистон:

Бул Кытай Россиянын кризистик абалынан чыгып кетиши мүмкүн болгон жападан-жалгыз үмүтү болуп турганда, аны колдоп жибербегендигине Кытайга АКШ тарабынан берилген тартуулардын бири болду.

Россия Кытай үчүн өтө ыңгайлуу жана чоӊ базар о.э. өтө пайдалуу өнөктөш болушу мүмкүн эле. Мындан тышкары, Россия менен Индия жана бүтүндөй Азия базарлары үчүн көпүрө милдетин аткарып бериши да мүмкүн болчу. Бирок, АКШ Кытайдын бул кызыкчылыктарына караганда көбүрөөк зыян алып келиши мүмкүн болгон бир нече проблемаларды келтирип чыгара алышы мүмкүн экендигине ишендире алды. Натыйжада Кытай Синьзян автономиясында жүргүзүп жаткан зулумдарынын акыбетинен кооптоно баштады. Индия да Кашмир тараптагы зулумдарынан кооптонуп, Россия менен келишип баштаган үлкөн долбоорлордон баш тартууга мажбур болду.

Илгери АКШнын бул сыяктуу  тартуулары Афганистан проблемаларынан кутулууда жардам бергени үчүн өзбек диктатору Каримов режимине берилген эле. Каримов да адамзатка карата жырткычтыкта Си Цзиньпинден калышкан эмес. Бирок, АКШ Каримов жана өзбек режиминин дүйнөдөгү ыпылас репутацияларына карабастан, дүйнөлүк коомчулуктун алдында аны тазалай алды. Демек, АКШ өзүнүн майда максаттары жолунда, идеологиялык принциптеринен баш тартууну улантып жатат.

АКШны дүйнөлүк террорист деп атоо мүмкүн. Себеби, ал Кытайды өзүнө экономикалык жактан көз каранды кылып алып жатканы менен бир катарда, бир тарабынан Синзян проблемасы менен, экинчи тарабынан Түндүк Корея режими менен ороп алып шантаж кылат. Индияны болсо, Пакистан жана башка мусулмандар жашаган региондорундагы кырдаалды курчутуп жиберүү менен коркутат. Өзбекстанды Афганистан менен коркутса, Каримовдун кыздарына дүйнө бойлоп көптөгөн кылмыштык аракеттерди кылышына АКШнын өзү шарттарды үзүп берип, эми аларды Каримовду шантаж кылып кармап турууда курал кылып пайдалана баштады. Кыргызстан болсо, АКШнын Ганси авиабазасын чыгарып жибергени үчүн, өзүнө АКШ тарабынан кандай ыпылас чаралар көрүлөр экен деген кооптонуу менен күтүп турат ж.б.у.с….

АКШ дүйнөдө өз диктатурасын орнотуп болду десек да болот. Ал жогорудагы сыяктуу бирер кызыкчылыгын жүзөгө чыгаруу үчүн кээде миллиондогон адамдардын өлүмүнө себеп болсо, кээде аларды мигранттар деп аталуучу оор абалдарга алып келет. Ушул ыпылас оюндардын дээрлик бардыгы АКШнын кызыкчылыктары негизинде жүрүп жатат. Муну түшүнүп алуу кыйын эмес. Бирер региондо АКШнын кызыкчылыгына зыян жеткен болсо же бирер кызыкчылыкка жетишүүсү керек болсо, ошол жерде ар түрдүү козголоӊдор пайда боло баштайт. АКШга ишенимдүү Япония, эки Корея, Германия, Иран сыяктуу мамлекеттерде болсо стабилдүү абал өкүм сүрөт.

Демек, дүйнөдөгү туруксуз абалдар учурда АКШнын катышуусу же демөөрчүлүгү негизинде уюштурула турган болуп калды деп айтууга болот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here