Эрдоган: Убактылуу өкмөттүн курамында Асад да бар болушу мүмкүн

395
0

Түркия президенти Режеп Таййиб Эрдоган Сирияда Асаддын катышуусунда убактылуу өкмөт түзүлүшү мүмкүн экендигин билдирди. Эрдоган бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин менен жолугушуп келгенден кийин берген алгачкы билдирүүсүндө айтты.

Ушул кезге чейин Асадды өз калкын кыргын кылууда айыптап, Сирия келечегинде анын орду жок экендигин айтып келген Эрдогандын жогорудагы билдирүүсү АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керринин Асад тууралуу берген билдирүүсүнөн кийин жаӊырууда. Мындан мурда Жон Керри Сирия президенти Башар Асаддын бийликте калышы мүмкүндүгү туурасында билдирүү берип, эгерде Россия Асадды сүйлөшүүгө көндүрсө АКШ аны менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экендигин билдирген болчу.

Түркия президенти Айт намазынан кийин Россияга болгон сапары тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берип, Россия президенти менен негизинен Сирия маселеси жана региондогу окуялар үстүндө талкуулашкандыгын билдирди. Эрдогандын айтымында, сүйлөшүү учурунда Россия-Түркия тышкы иштер министрлери Сирия маселесинде жаӊы иш башташы туурасында келишип алышкан.

“Белгилүү болгондой, алдыбызда БУУнун башкы ассамблеясы турат. БУУнун башкы ассамблеясында АКШ, Россия жана Түркия тышкы иштер министрлери бул маселеде жаңы ишмердүүлүк жүргүзсүн деп өз ара токтом кылдык. Мындан чыга турган натыйжага карап, бул жараянга – эгерде кабыл алышса – Саудия жана Иранды да кошуп, бул иш-аракетти улантабыз. Кийинчерээк Европа Союзу, Иордания, Катар сыяктуу мамлекеттердин катышуусунда региондогу кырдаалды бир жаӊсыл кылабыз”, – деди Эрдоган.

Ошол эле учурда Германия канцлери Ангела Меркель да Сирия маселесин тынч жол менен чечүү үчүн өткөрүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдө Асаддын катышуусу зарыл экендигин билдирүүдө. Меркелдин айтымында, бул жаатта өткөрүлө турган сүйлөшүүлөрдө АКШ жана Россия мамлекеттери эле эмес, Иран жана Саудия о.э. Сириянын президенти Асаддын өзү да катышуусу керек.

Туркистон:

Эрдоган АКШнын кызматкери болуп, анын Сирия маселесиндеги Россияны убактылуу багыттоочусу катары иш жүргүзө баштады. АКШ Эрдогандын бул даражага көтөрүлүшү үчүн, ага мамлекетти исламдаштырууга кеӊири шарттарды түзүп берди. Анын бүгүнкү даражасына жетишүүсүндө негизги себепкер түрк мусулмандары болду. Эми бул чыккынчынын абалына бир назар салыӊыз.

Биз бул ыпылас акыйда негизине курулган куфр системасы ичинде өзүбүз үчүн жетекчи тандоодо ар дайым адашып жатабыз. Бул табигый абал болуп, кудум нажасат ичинен нажат издеп жаткан адамдарды эске түшүрөт. Проблема Эрдогандын өзүндө эмес. Тескерисинче, Эрдоган жана ал сыяктуу башка алсыз жетекчи мусулмандар тандашы мүмкүн болгон алтернативдүү системанын жоктугунда.

Демек, биз учурдагы система үчүн жападан-жалгыз алтернатива болгон исламий системаны орнотуу үчүн болгон аракетибизге олуттуу көӊүл бурушубуз керек. Бул система негизиндеги түзүм, мусулмандар үчүн эле эмес, куфр дүйнөсү жана башка дин өкүлдөрү үчүн да ушул дүйнөдө өтө пайдалуу болот. Ошол кезде, ал тургай биз аким тандоодо бир аз адашканыбызда да, бирер аким куфр кызыкчылыгы үчүн Ислам жана мусулмандарга каршы батына албайт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here