ДАЪВАТ МЕНЕН АМРУ МАЪРУФТУН АЙЫРМАСЫ БАРБЫ

445
0

 Даъватты жаюуда Исламдын өзүнө таандык жолу бар: Ал мамлекет тарабынан ишке ашырылат жана бүт дүйнөгө мафкура катары алып чыгылат. Бул болсо, Ислам түзүмүн түшүнүү жана ага амал кылуу жараянында негиз милдетин аткарат. Ислам түзүмү өкмөт даражасында колдонулуп жаткан жамаатта Исламдын бардык мыйзамдарына амал кылынышы Ислам даъватын жаюу болуп эсептелет. Ислам түзүмүнүн мусулман эмес калктарга колдонулушу даъваттын амалий тарыйкаты деп этибар кылынат. Мамлекет жок кезде, ушул мамлекетти пайда кылуу эң негизги ишке айланып, муну уюм негизинде ишке ашыруу тарыйкат болуп эсептелет. Уюмдун иш услубдары туурасында бир аз элестетүүнү пайда кылып, ал эмне иштерди ишке ашырышынын кыскача баяны төмөнкүдөй:

Ислам даъватын жаюу даъваттын ар бир иши белгилүү белгилүү бир гоя (идея-максат) үчүн ишке ашырылышын талап кылат. Даъватты жаюучудан болсо, бул гояны дайыма көз алдына элестетип, ага жетишүү үчүн аракет кылып, аны ишке ашыруу үчүн тынымсыз мээнет кылууну талап кылат. Ошондуктан, ал амалсыз пикирге ыраазыболбогонун көрөсүз. Андай пикирди сенектикке алып баруучу кыялий фалсафа деп эсептейт. Ал гоясыз пикир жана иш аракетке да ыраазы болбойт. Аны солгундоо жана аз убакытта үмүтсүздүк курчап алып, аягына чыга турган айланма аракет деп эсептейт. Балким, ал пикир жана иш аракет биримдиги үчүн о.э. бул экөө биргеликте амалда пайда жүзөгө чыгаруу мүмкүн боло турган белгилүү бир гояга каратылган болушу үчүн күрөшөт. Хизбдин вужуду мүчөлөрдөгү пикирлердин бирдейлиги менен болуп, андагы кемчилик хизбдин жок болушуна алып барат. Табанний кылынган бирер пикирди ишке ашыруудагы ката аракет ал пикир – мейли фикратка, мейли тарыйкатка жана мейли табанний кылынган бирер услубга тиешелүү болсун – эгерде атайылап кылынбаган болсо өтө чоӊ ката деп этибарга алынат. Эгерде атайылап ишке ашырылган болсо, бул абалда атайылап жолдон аздырууга аракет катары каралат. Демек, ар кандай хизбий жигиттин раъйларында – бул раъйлар мейли пикирий, мейли саясий, мейли идарий болсун – бирер экиленүү калышы мүмкүн эмес, балким алардын раъйлары канааттануу аркылуу же ыраазылык жана кадыржамдык менен моюн сунуу аркылуу бекем орнотулган болушу керек. Уюмдун ишин түшүнүү үчүн андагы табанний кылынган кээ бир зарыл болгон жана ар бир ишинде көрүнүп турушу шарт болгон пикирлерден 10 пикирди келтирип өтөмүн: 1. Хизбдин көрүнүшү саясат болсо, табияты пикир. 2. Хизб – пикирий, шуъурий биримдик болгону үчүн бул хизбий – хизб. 3. Вилаят межлисинин жетекчилиги – пикирий жетекчилик. Вилаят кеңеши хизбди албетте пикир менен жүргүзөт. Мына ушул тараптан анын мүчөлөрү пикир жетекчилери болушу керек. 4. Ар бир жигит хизбге байланып жаткан убакта касамдан мурда хизбдин идарий конунун окушу, касам өз ичине алган итаат важиб экенин, табанний кылынган нерселерге итаат кылуу, табаннийде солахият ээсине жана идарий буйруктарга катуу баш ийип, тартип сактоону түшүнүшү важиб. 5. Идарий иштерге амал кылуу учурунда иштерге эскилик жана катып калуу ??туғён кылганы себептүү аларды кечиктирүү жана кайдыгерлик кылуу мүмкүн эмес. Эң кыска убакытта сезилерлик натыйжаларга жетишүү үчүн хизбий иштерди аткарууда албетте жандуулук менен тездик бирге болушу важиб. 6. Муътамад өз вилаятында идарий мыйзам жана таъмимдерге ылайык хизб башкаруусу жана даъват үчүн масъул болуп эсептелет о.э. вилаят межлисинин раиси жана салахият (ыйгарым укук) ээси болот. 7. Натыйжаларга жетүүдө амалий коидага амал кылуу зарыл. Амалдын пикир үстүнө курулушу жана белгилүү бир гоя үчүн болушу амалий коида болуп эсептелет. Амалды пикирден же белгилүү бир гоядан же ыймандан ажыратуу таптакыр жаиз эмес. Себеби? бул ажыратууда – ал канчалык аз болбосун – амалдын өзүнө, амалдын натыйжасы жана анын туруктуулугуна коркунуч бар. Ошол себептен улам, амалга киришип жаткан ар бир адамга аны баштоо үчүн белгилүү бир гоя түшүнүктүү жана ачык-айкын болушу керек. Ар бир амалдын максаты болушу керек деп айтуудан максат, пикир жүргүзүү жана амал кылуунун белгилүү бир гоя үчүн болушу. Бул болсо, бир бүтүн вужуд катары хизбдин өзүндө жана анын ар бир мүчөсүндө болушу шарт. 8. Хис кылуудан пикирге эмес, түздөн-түз амалга өтүп кетүүкооптуу. Себеби, бул нерсе вакиъни өзгөртпөйт, тескерисинче, адамды калак аклиясында жашай турган жана вакиъни пикирлөө орду эмес, пикирлөө булагы кылып ала турган вакиъий (реалист) жана калак (реакционер) адамга айландырып коёт. 9. Услубдар жана ага окшогон иштер киядат тарабынан белгилүү бир планда түзүп берилишине муктаждык жок. Анткени, алар идарий жана ижраий иштерден болуп, аларды ар бир жихаз өзү аткарышы мүмкүн. Себеби, ар бир жихазда хизбий жашоо агымына шуӊгууга аларды жөндөмдүү кылып коё турган жетиштүү мүмкүнчүлүк бар. Бул жердеги маселе ар бир жихазда көрүнүп турушу керек боло турган хизбий активдүүлүккө тиешелүү. 10. Азыр пикирлөө важиб болгон нерсе ушул, хизб жигиттерикайсы пикирлерде пикирий күрөштү пайда кылып жатышкан болсо, ошол пикирлердин вакиълигин ачык-айкын элестетип алышы жана талкуу кылып жаткан же шархтап берип жаткан убагында бул пикирлердин вакиълигин ачык жана хис кылына турган көрүнүштө сүрөттөп берүүгө аракет кылышы керек.

Амру-маъруф жана нахий-мункар да даъваттан болуп, даъват Исламды үйрөнүүсү үчүн кафирлерге жана Исламды түшүнбөгөн мусулмандарга карата ишке ашырылса, амру-маъруф жана нахий-мункар ар бир вакиъге тиешелүү шаръий өкүмдү билип, ага амал кылбай жаткан мусулмандарга карата колдонулат. Себеби, даъват Исламды жеткирүүнүн өзү эле эмес, ишке ашыруу үчүн колдон келген шаръий иштерди да ишке ашыруу т.а. акыйкатка бурулууга мажбур кылуу. Бул жаатта да Исламдын анык чечимдери бар: Аллах Таала айтат:

Аялдарыӊардын итаатсыздыгынан корксоӊор, алгач аларга насаат айткыла, кийин (т.а. насааттарыӊар пайда бербесе) аларды төшөктөрүнө таштап койгула (алар менен бир төшөктө жатпагыла, жакындашпагыла), кийин (т.а. ошондо да силерге моюн сунушпаса) ургула. Ал эми, силерге итаат кылышса, аларга каршы башка жол издебегиле. Албетте, Аллах эң жогору жана улуу Зат .      [4:34]

Аял итаатсыздык кылган т.а. эрине каршы чыгып, ага асийлик кылган кезде – кылынган күнөө адеп берүүнүн кайсы түрүнө муктаж болсо, ошого карап – ал аялга чырайлуу насаат менен, төшөгүндө таштоо менен жана оорутпай турган кылып уруу менен адеп берүү укугун эрге берди. Эгерде аталар жаш балдарга түздөн-түз сарп-каражат кылууну аткарышпаса же сараӊдык кылышса, аларга түздөн-түз сарп-каражат кылууну аялдын мойнуна жүктөдү жана эркек кишини ушундай абалдарда ал иштерди аткаруудан тыйды. Хинд Расулуллах(с.а.в)дын алдына келип: «Я Расулуллах, Абу Суфян сараӊ адам. Ал мага жана балама жете турган нафаканы бербей жатат», – деди. Ошондо Расулуллах(с.а.в): «Өзүӊ менен балаӊа жетиштүү боло турган нерсени жакшылык менен ал», – деди» (муттафакун алайх). Казы эркекти нафаканы аялга тапшырууга мажбур кылат жана ал иштерди түздөн-түз аткарууну аялга берет. Ушундай абалдарда түздөн-түз сарп-каражат кылууну күйөөсүнөн кабыл албайт. Кыскасы, шаръий эмес иштерге ыраазы болуп, ушундай абалда жүрө беришибиз Аллах Тааланын наалатына жана каарына дуушар болушубузга себеп болот, мындан Аллах сактасын. Анткени, Расулуллах(с.а.в)  Абу Масъуд(р.а)дан риваят кылынган хадисте айткан: «Бани Исраилге эң алгач кирген кемчилик төмөнкүдөй болчу, бир киши башка кишиге жолуккан кезде: «Эй баланчы, Аллахтан корккун жана бул кылып жаткан ишиӊди таштагын, себеби, бул нерсени кылуу сен үчүн адал-дурус эмес»,- деп айтар эле. Андан соӊ эртеси күнү аны менен менен жолугушкан кезде аны дагы ошол абалда көрөт эле. Бирок, бул нерсе аны менен бирге жеп-ичүүдөн, бирге отуруудан кайтарбайт эле. Демек, алар ушундай кылышкан соӊ, Аллах алардын кээ бирлеринин дилдерин кээ бирлери менен урду». Андан соӊ Расулуллах(с.а.в)  төмөнкү аятты окуду:

لُعِنَ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ بَنِي إِسْرَائِيلَ عَلَى لِسَانِ دَاوُودَ وَعِيسَى ابْنِ مَرْيَمَ ذَلِكَ بِمَا عَصَوْا وَكَانُوا يَعْتَدُونَ ۩ كَانُوا لاَ يَتَنَاهَوْنَ عَنْ مُنكَرٍ فَعَلُوهُ لَبِئْسَ مَا كَانُوا يَفْعَلُونَ ۩ تَرَى كَثِيرًا مِنْهُمْ يَتَوَلَّوْنَ الَّذِينَ كَفَرُوا لَبِئْسَ مَا قَدَّمَتْ لَهُمْ أَنفُسُهُمْ أَنْ سَخِطَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ وَفِي الْعَذَابِ هُمْ خَالِدُونَ ۩ وَلَوْ كَانُوا يُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالنَّبِيِّ وَمَا أُنزِلَ إِلَيْهِ مَا اتَّخَذُوهُمْ أَوْلِيَاءَ وَلَكِنَّ كَثِيرًا مِنْهُمْ فَاسِقُونَ

“Бани Исраилден кафир болгон кимселер Давуд жана Иса бинни Мариям тилинде наалатталышкан. Алардыннаалаттанышына себеп кылган күнөөлөрү жана чектен чыккандыктары. Алар бири-бирин кылган ылайыксыз иштеринен кайтарышпайт эле. Бул кылмыштары кандай гана жаман иш! Алардын көптөрү кафир болгон кимселерди дос туткандыктарын көрөсүн. Аларга напис-каалоолору кандай гана жаман нерсени – Аллахтын азабын алып келди. Эми алар түбөлүк тозокто калуучулар. Эгерде Аллахка, пайғамбарына жана ага түшүрүлгөн китепке ыйман келтиришкенде, аларды  дос тутпаган болушаар эле. Бирок, алардан көптөрү итаатсыз кимселер”. [5:78-81]

Андан кийин мындай деди: «Аллахка ант болсун, силер албетте жакшылыкка буюрасыӊар жана жамандыктан кайтарасыӊар. Силер албетте залимдин колунан кармап, аны акыкатка ийилүүгө мажбур кыласыӊар жана албетте аны акыйкатка бекем байлап коёсуӊар. Же албетте Аллах кээ бириӊерди кээ бириӊердин дили менен урат, андан соӊ аларды наалаттагандай, силерди да наалаттайт».

Мусулмандардын иши мойнунда болгон “имам”ды амру-маъруф жана нахий-мункар кылуу болсо, амру-маъруф жана нахий-мункардын, ал тургай шаръий өкүмдөрдүн “таажысы” болуп эсептелет. Себеби, кафирлерге, алардын малайларына каршы чыгуу Үммөт арасында баатырдык болот. Ал эми бул иште “итаатсыз” деген тамга басылып, мусулмандардын жек көрүүсүнө дуушар болуп, жабырлануу, ал тургай өлүп кетүү коркунучу бар. Т.а. материалдык жана моралдык коркунуч бар жана бул ишти Аллахка тобокел кылган чыныгы “рижал”дар гана кылышы мүмкүн. Анткени, мында Үммөттүн иштеринин тартипке түшүүсүнө жана өнүгүүсүнө о.э. өзүнүн дүйнө алдындагы милдетин чырайлуу аткарууга кепилдик бар. Ошондуктан, Аллах Таала мындай момунга эң улуу сыйлыкты убада кылып жатат. Расулуллах(с.а.в) айтат: “Шейиттердин саййиди – Хамза; о.э. залим акимге каршы туруп, аны маъруфка буюруп, мункардан кайтарган, кийин залим аким аны өлтүрүп жиберген киши”. Аллах Таала айтат:

وَكَذَلِكَ جَعَلْنَاكُمْ أُمَّةً وَسَطًا لِتَكُونُوا شُهَدَاءَ عَلَى النَّاسِ وَيَكُونَ الرَّسُولُ عَلَيْكُمْ شَهِيدًا

“О.э. (т.а. туура жолго хидаят кылганыбыз сыяктуу эле) силерди башка адамдар үстүнөн күбө болушуӊар үчүн жана пайгамбар силердин үстүӊөрдөн күбө болушу үчүн орто (адилеттүү) бир үммөт кылдык”. [2:143]

Ислам Үммөтүнүн жакшы үммөт болушундагы негизги сапаты – ыйман менен бирге амру-маъруф жана нахий-мункар. Бул сапат бизде жоголушунун натыйжасында кор болдук. Аллах Таала айтат:

كُنْتُمْ خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ تَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَتَنْهَوْنَ عَنْ الْمُنكَرِ

Силер адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы үммөт-жамаат болдуңар, маъруфка буюрасыңар, мункардан кайтарасыңар”.  [3:110]

Гариб.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here