Москва ЖККУдагы союздаштарын Сирияга тартуу ниетинде

“pressafoto.ru” интернет сайтынын кабар беришинче, Москва Жамааттык коопсуздук келишими уюмундагы (ЖККУ) союздаштарын Сирияга тартуу ниетинде.

 Сайттын кабар беришинче, Россия өкмөтү өзүнүн Сириядагы катышуусун “БУУнун эл аралык күчтөрү” байрагы менен чүмбөттөөгө аракет кылууда. Ошол эле убакта орустун атайын кызматтары региондо разведка кылуу жана маалымат чогултуу менен активдүү алектенип келе жатышат. О.э. Кремлде Россиянын ЖККУ байрагы астында аскерий операцияларды баштоо мүмкүнчүлүктөрү каралууда. ЖККУнун кезектеги жыйыны 15-сентябрь күнү Душанбе шаарында болот.

 Ливан ЖМКларынын билдиришинче, Россия аскерий командачыларынын бири, аба десанты кошуундарынын командачысы генерал Шаманов, Россия “террорчуларга каршы согушка катышуу” үчүн өз кошуундарын жиберүүгө даяр экендигин ашкере билдирген болчу.

Туркистон:

Россия ички саясатында башынан өткөрүп жаткан саясий жана экономикалык бороон Путин жана анын тобун четке сүрүп жибериши мүмкүн.

Ошондуктан, Путин Россияны өзү үчүн кооптуу болгон бул абалдан чалгытуу максатында жогорудагы сыяктуу тышкы жасалма кооп-коркунучтарды ойлоп табууга аракет кылат. Бул коркунуч Сирия сыяктуу алыстагы кызыкчылыгы болсо, бул операциялар Россиянын жасалма эл аралык аброю дагы деле бар сыяктуу кылып көрсөтүүгө каратылган болот. Экинчи тарабы болсо, Россия үчүн түздөн-түз коркунуч туудуруп турган Украина жана Крым маселеси. Кайсы абал болгондо да, Россиянын иш-аракети согуштук абал пайда кылууга багытталып жатат. Себеби, Путиндин режимин Россиянын азыркы абалында согуштук абал гана сактап калышы мүмкүн. Ошондо Путиндин Россияны талкалап жиберген бардык каталары согуш себептүү унутулат же ошол согуштун натыйжаларына шылтап жиберилет.

О.э. Россиянын жогорудагы аракеттери АКШны ыраазы кылуу менен Россияны Путиндин режими астында өз катарына т.а. кызматына кабыл алышын сурап өтүнүп жатканына да далалат кылат. ЖККУну кошуп алганы болсо, болгону, бул уюмга мүчө мамлекеттер арасында өзүнүн салмагы бар экендигин көрсөтүү гана. Т.а. Россия да Сирия проблемасын чечүүдө, өзүнө караштуу мамлекеттер менен АКШ сыяктуу кичирээк болсо дагы коалиция пайда кылууга чакырык таштамакчы. Же АКШнын ЖККУга мүчө мамлекеттерди коалицияга мүчөлүккө чакыруу менен кирип келишине кандайдыр проблемаларды пайда кылмакчы. Кыскасы, АКШ бул өлкөлөрдү бирер уюм же коалицияга тартууда Россия менен кеӊешүүсү керек болгон шартты пайда кылмакчы. АКШ мамлекеттик катчысы Ж. Керринин 5-сентябрда Россиянын тышкы иштер министри Лавровду Россиянын Сириядагы иш-аракеттеринен эскертүү максатында телефон аркылуу сүйлөшкөнү бул сөзүбүздү кубаттап турат.

Россия АКШ жана башка эл аралык күч-кубат ээлерин өзүнө тартуу үчүн, өзүндөгү алсыз болсо да мүмкүнчүлүктөрүн ишке салууга аракет кылып жатат. Россиянын алдында эки жол калды. Бири Путин жана анын миллиардерлерден турган олигархтар командасы үчүн бир катар согуштарды башынан өткөрүп болсо да Батыш системасына каршы баруу. Экинчиси, Россияны Путин режиминен тазалап, СССРден калган жасалма эл аралык амбицияларынан баш тартып, Россиянын эл аралык саясаттагы реалдуу ордун ээлешине ыраазы болуу.

ЖККУ уюмуна мүчө болгон мамлекеттер алдында да, Россиянын алдында тургандай абал турат. Алар да Путин жана анын куйруктары үчүн алар менен бир катарда туруп, бүт дүйнөнүн алдында жекеленип, керек болсо алар менен согуштук абалда болуп жана ар түрдүү санкциялар менен өз калктарын Россия калкы сыяктуу экономикалык проблемаларга кириптер кылуу астында турушат. Бирок, алардын ар биринин өз ыктыярлары азырынча толук колдон чыгып кете элек.

Биз Кыргызстанды жана башка ЖККУ сыяктуу куфр уюмдарына мүчө болуп калган мамлекеттерди АКШ же Россия сыяктуу өз кызыкчылыктары жолунда эч нерседен кайра тартпай турган куфр мамлекеттеринин кызыкчылыктары үчүн өз калкын курмандыкка чалып жиберүүдөн кайтарабыз. Алардын ар бири өз өлкөсүндөгү согуш же башка кырсыктардын алдын алуу максатында биздин өлкөлөрүбүздү жана калктарыбызды курмандыкка чалып жиберишет. Дүйнөнүн кайсы региону болбосун, ал жерлерде жүрүп жаткан согуштар жана башка бузукчулуктун дээрлик бардыгы ошол куфр чоӊдорунун кызыкчылыгы үчүн жүрүп жатканына күбө болобуз. Сирия проблемасына силерди аралаштырып жибергенден кийин силердин мамлекеттериӊерде мусулмандардын жек көрүүсү күчөй баштайт. Бул болсо, ошол ыпылас ниети бар тышкы күчтөр үчүн ар бир региондо мусулмандар аралык согуштарды чыгарууга шарттарды пайда кылат.

turkistonkg

Recent Posts

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик мейманканалардын ичинде казино жана…

7 hours ago

Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу  Устаз Асъад Мансур Ар кандай…

2 days ago

Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды…

2 days ago

Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү  Устаз Ахмад Таий –…

2 days ago

Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача  Мухандис Муждий Али 2024-жылы 27-сентябрда Нетаняху,…

2 days ago

Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя…

2 days ago