Акыркы кездерде Тажикстанда Ислам жана мусулмандарга карата басымдар ар түрдүү көрүнүштөрдө көбөйүп бара жатат. Мамлекеттин борбору Душанбеде борбордук мечиттин айланасындагы диний китептерди жана хижабга ылайыктуу кийим-кечелерди сатуучу 17 дүкөн жаап коюлду. “Радиои Озоди”нин кабар беришинче, дүкөндөр мэрия тарабынан чыгарылган атайын токтомдун негизинде жабылган. Бул дүкөндөр диний буюмдар жана кийимдерди сатуу менен таанылган дүкөндөр болчу.
Жогорудагы дүкөндөрдүн биринде сатуучу болуп иштеген Махмадулло Расуловдун “Радиои Озоди”ге билдиришинче, дүкөндөр атайын комиссия тарабынан өткөрүлгөн иш-чаранын (рейд) натыйжасында жаап ташталган.
“Үч күн мурда дүкөндөрүбүздү жаап коюшту. Учурда биз шаардык бийлик тарабынан чыгарыла турган токтомду күтүп турабыз. Себеби, шаардык бийликтин уруксаты болмоюнча кайрадан ишибизди баштай албайбыз”, – деди дүкөндүн сатуучусу.
Душанбе шаардык бийлигинин өкүлдөрү болсо өткөрүлгөн иш-чарадан көздөлгөн максат дүкөндөрдү жаап коюу эмес, тескерисинче, сатыкка коюлган товарлардын түрлөрүн тартипке келтирүү экендигин айтышууда.
“Бул дүкөндөрдө биздин маданиятыбызга жат болгон кийимдер сатылууда. Бул ишти шаардык бийлик карап чыгат. Алардын эмне сатышы же эмне сатпастыгы өкмөттүн токтомуна байланыштуу”, – деди бийлик өкүлдөрүнүн бири.
19-август күнү Душанбенин мэри Махмадсаид Убайдуллоев тажиктердин улуттук маданиятына туура келбеген кийимдер туурасында бир жыйын өткөргөн эле. Жыйында Убайдуллоев кээ бир жооптуулардын бул жаатта жетиштүү аракет кылбай жаткандыгын сындап, улуттук маданиятка туура келбеген кийимдерди импорт кылуунун жана сатуунун алдын алууну талап кылган эле.