Батыш компаниялары Ирандын байлыктарына көз артууда

355
0

Иран жана БУУнун туруктуу беш мүчөсү АКШ, Россия, Кытай, Англия, Франция о.э. Германия (5+1) ортосунда түзүлгөн ядролук келишимдин артынан Иранга карата киргизилген санкциялар алына баштады. Бул болсо, Ислам өлкөлөрүндөгү байлыктарды өтө арзан баада алып чыгып кетүүгө адаттанып калган Батыш компанияларынын Иран байлыктарына да көз артышына себеп болууда.

Массалык маалымат каражаттары таркаткан кабарларга ылайык, Европа союзунун курамындагы экономикасы өнүккөн мамлекеттер, айрыкча Германия, Франция, Англия жана Италия мамлекеттери Иранга карата киргизилген санкциялар алып ташталгандан кийин аны менен болгон алакаларын күчөтүүгө киришип, инвестиция жаткырууга ашыгып жатышат.

Өткөн айда Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зарифтин катышуусунда ядролук келишимге кол коюлгандан кийин Батыш компанияларынын инвестициялары Иранга карай агылышы божомол кылынган эле. Чындыгында күтүлгөндөй эле, Батыш компаниялары тездик менен аракет кыла башташты. Алардын Ирандын энергетика жана кен-байлык секторлоруна инвестиция жаткырышы күтүлүүдө.

Азыртадан эле “BP”, “Shell”, “Eni”, “OMV” жана “Total” сыяктуу эл аралык компаниялар Иран менен алака орното башташты. Алардын негизги планы электр, нефть жана жаратылыш газы тармактарын кеӊейтүүдөн о.э. энергетика секторлорунда жаӊы электростанцияларды жана электр линияларын куруудан турат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here