Жаштар радикалдашып бара жатканынан тынчсызданган өкмөттүн күч түзүмдөрү жаштарды эмнеге мажбур кылып жатат?

  “Азаттык” радиосунун кабар беришинче, 20-август күнү кечки 6.30дар чамасында үйүнөн алгач Кара-Суу милициясына, андан кийин Ош шаардык милициясына алып барылып, түнкү саат 11ге чейин суракка алынган Абдуллах милиционерлер тарабынан таякталгандыгын айтууда.

Кара-Суу шаарынын тургуну Абдуллах Нурматовдун үйүнө 20-август күнү 18.30дар чамасында өздөрүн милиция кызматкерлерибиз деп тааныштырган 4 адам келген жана Абдуллахка “сен бир видеого түшүп калыпсын, барып сенби же сен эмеспи тактап келебиз” деп алып кетишкен. Абдуллахтын жакындарына болсо “күбө катары алып бара жатабыз” деп айтышкан. Бул тууралуу “Азаттыкка”  21-август күнү Абдуллах Нурматовдун өзү айтып берди.

Анын айтымында, Кара-Суу милициясында “видео түшүрүлгөн компьютерди Ошко алып кетишиптир, ошол жерге барабыз” деп, Абдуллахты Ош ШИИБине алып барышкан.

Ош милициясында андан “Одноклассники” тармагындагы профилинин паролун берүүнү сурашкан. Абдуллахтын айтымында, адвокаттын катышуусусуз паролду бербестигин айткандан кийин аны милиция кызматкерлери ур-тепкиге алышкан. Ал ошондон кийин адвокатсыз эле профилинин паролун берген:

 Абдуллах Нурматов: “Өздөрү ар түрдүү сүрөттөрдү чыгарып алышып, “мен ушуларга “класс” басканмын, досторума таркатканмын деп жазасын” деп мажбурлашты. Мен жазып бердим. Андан кийин өздөрүнүн телефону менен Сириягазвонок кылып, “Сен азыр: Ассаламу алайкум! Жихаддар болуп жатабы бурадарлар” депайтасын, дешти. Мен сүйлөбөдүм. Андан кийин, мени компьютердин алдына отургузуп, мен мына бул сүрөттөргө “класс” басканмын, досторума таркатканмын” деп айттырып видеого тартып алышты”, – деди.

 Туркистон:

Кыргызстан өкмөтү мусулман жаштар арасында радикалдык агымдарга кошулуп кетип  жаткандар көбөйүп бара жатканынан тынчсыздануусун билдирип келе жаткан болсо да, бул проблеманы чечүүнүн чарасы катары Ислам жана мусулмандарга каршы жүргүзүп жаткан күрөшүн күчөтүп барууда. Күч органдары болсо бул күрөштү өздөрү үчүн киреше булагына айландырып алышты.

 Абдуллах Нурматовдун башынан өткөн окуя күч органдары тарабынан биринчи жолу болуп жаткан жок. Мындан мурда да Кыргызстан күч органдары негизинен өзбек улутундагы жаштарды ар түрдүү айыптар менен кармап,  алардын уюлдук телефондорунан “тыюу салынган видеоматериалдар табылганын” шылтоо кылып, кыйноо жана коркутуулар аркылуу жаштардан түшүнүк кат жаздырып алышып , алардын жакындарынан 10 миӊ долларга чейинки өлчөмдө акча алышканы туурасында кабарлар жетип келген эле.

  Мындай адилетсиздик жана чарасыздыктан айласы кеткен жаштар болсо, мындан  кутулуунун жолун

Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө уланып жаткан куралдуу кагышуулардан көрүп жатышат. 2010-жылы жүз берген Ош окуялары жана бул окуялардан кийин ансыз да акыйкатсыздыктын курмандыгы болгон жаштардын көпчүлүгү согуш жүрүп жаткан жерлерге барып колдоруна курал алууга мажбур болушкан эле. Мындай акыйкатсыздыктар жүз беришинен мурда кошуна Афганистан жана башка исламий өлкөлөрдө уланып жаткан куралдуу аракеттерге –Өзбекстан жаштарынан айырмалуу түрдө – Кыргызстан жаштары олуттуу шыктанбаган жана мындай аракеттердин сабына барып кошулууга умтулбаган эле. Бирок, өкмөттүн көрмөксөн болушу астында күч органдары тарабынан ишке ашырылып жаткан зомбулуктар бүгүнкү жаштардын дүйнө карашын кескин өзгөртүп жиберди.

 Жогоруда айтканыбыздай, расмий өкмөт жаштар радикалдашып, куралдуу топтордун сабына кошулуп кетип жатканына тынчсызданып жаткандыгын билдирип жаткан болсо да, дал ошол жасалма “Ислам мамлекети” коркунучунан эскертип келген “Ас-Сарахсий” мечитинин имамы Рашод кары Камаловду эч бир айыпсыз камакта кармап келе жатат. Дал ушул Рашод кары Камалов Кыргызстан диний уламалары арасында биринчилерден болуп мусулмандарды, айрыкча жаштарды “Ислам мамлекети” уюму фитнасынан эскерткен жана аларды бул аракеттин сабына кошулуп калуудан кайтарган эле. Рашод кары “орган кызматкерлеринин жаш жигит кыздарга карата колдонуп жаткан зомбулук иштери Кыргызстан жарандарынын Сирияга чыгып кетишине себеп болууда” деп расмий жарыя кылган эле. Камалов өкмөттүн бир нече расмий жыйындарында сөз сүйлөп, анын алдына бир нече мусулман адамдар орган кызматкерлери тарабынан аларга карата катуу зулум болуп жатканынан арызданып келишкендигин айткан. Алар 8 миӊден 10 миӊ долларга чейинки өлчөмдө акча талап кылып жатышкандыгынан арызданышкан имиш. “Алардын бул сөздөрүнөн кийин тышкарыга чыгып кетүүдөн кантип кайтарууга менин акылым жетпей калды” деген эле Рашод Камалов. Бул билдирүүлөр, түпкүлүгүндө эч кимге жашыруун болбогон, бирок, бардыгы эле айтууга батына албаган акыйкаттардын бири болчу.

Расмий өкмөт болсо азыркыга чейин дос ким да, душман ким экендигин ажырата албай келет. Өкмөт бул проблеманы чечүүнү дагы кайрадан күч органдарына тапшырып койду. Алар болсо, проблеманы ого бетер чиелештирип жиберишти. Күч органдары өтө эле мафиялашып, бир катар жарандарга зулум кылып киреше табышына тоскоол болуп жаткан Рашод кары сыяктуу адамдарды камап жатышат, же болбосо өлкөдөн кууп жиберишүүдө.

turkistonkg

Recent Posts

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик мейманканалардын ичинде казино жана…

9 hours ago

Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу  Устаз Асъад Мансур Ар кандай…

2 days ago

Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды…

2 days ago

Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү  Устаз Ахмад Таий –…

2 days ago

Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача  Мухандис Муждий Али 2024-жылы 27-сентябрда Нетаняху,…

2 days ago

Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя…

2 days ago