“Инжирлик базасы жабылсын, АКШ кууп чыгарылсын” деген аталыштагы компания уланууда

358
0

Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаятынын басма сөз бөлүмү бир нече күн мурда “Инжирлик базасы жабылсын, АКШ кууп чыгарылсын” деген аталыштагы компания баштагандыгын жарыя кылып, бардык мусулмандарды ушул компанияны колдоп-кубаттоого чакырган эле. Үммөттүн дартына кайдыгер болбогон мусулмандар бул чакырыкка дароо эле жооп беришип, жогорудагы компанияны колдоп-кубаттай тургандыгын билдиришти. Булардын арасында көрүнүктүү жетекчи адамдар да бар. “Hür Dava” партиясынын Стамбулдагы бөлүмүнүн башчысы Эрдал Элибуюк, “Yeni Akit” гезитинин журналисти Ахмед Варол, “Kalem-Der” коомунун жетекчиси Ахмед Калкан, “İmkan-Der” коомунун жетекчиси Мурат Озер жана “Глобал медиа”нын башкы директору Хамза Эр ушулардын катарын толуктайт.

“Hür Dava” партиясынын жетекчиси Эрдал Элибуюк Инжирлик авиа базасы АКШга тапшырылышын саясий кулчулук катары баалады. Элибуюктун айтымында, АКШ кайсы жерге кирип барган болсо, чечимдин ордуна проблема гана пайда кылган.

“Биз Американын Иракта жана Пакистанда эмнелерди кылганын көрдүк. Ал тумшугун тыккан бардык жерлерде проблеманы чечүүнүн ордуна аны ого бетер чиелештирет. Ошол себептен улам, “Инжирлик базасы жабылсын, АКШ кууп чыгарылсын” деген аталыштагы компанияны колдоп-кубаттайбыз”, – деди Элибуюк.

“Yeni Akit” гезитинин журналисти Ахмед Варол АКШнын Инжирлик авиа базасынан пайдаланышына мурдатан эле каршы экендигин билдирди. Варолдун баса белгилешинче, АКШнын максаты белгилүү, ал ИШИМге каршы согушуп жаткан жок. ИШИМ ал үчүн болгону бир шылтоо гана.

“АКШ да, анын коалициясы да ИШИМге каршы согушуп жаткан жок. Түпкүлүгүндө, бул согуш Сириядагы каршылык аракетин жокко чыгаруу жана туӊгуюкка кептелип калган Асад режимине жол ачуу максатында ишке ашырылууда. Акыркы окуяларда күбө болгонубуздай, АКШ Инжирлик авиа базасынан ИШИМге каршы эмес, Сириядагы каршылык кыймылына жана карапайым жарандарга каршы чабуулдарды ишке ашырды. Ошондуктан, Инжирлик базасы жабылсын, АКШ кууп чыгарылсын”, – деди Ахмед Варол.

“Kalem-Der” коомунун жетекчиси Ахмед Калкан Хизб ут-Тахрир баштаган компанияны чын дилден колдоп-кубаттай тургандыгын билдирди. Түркия өкмөтү Батыш мамлекеттерин, айрыкча Американы дос катары кабыл алгандыгын өкүнүү менен айткан Ахмед Калкан АКШ Түркияны өзүнүн колониясы катары көрүшүнө басым жасады.

“Өкүнүчтүүсү, мамлекетибиздеги базалар аркылуу мусулмандардын үстүнө бомбалар ташталып жатат. Мусулмандар болсо сүкүт сакташууда. Ошондуктан, “Америка бул жерлерден жоголсун, аскерий базалары жабылсын” деген талапты эркекче, мусулманча кыйкырык катары баалаймын”, – деди Ахмед Калкан.

О.э. “İmkan-Der” коомунун жетекчиси Мурат Озер АКШнын Инжирлик авиа базасына орношуп алышына эч кандай шаръий себеп жоктугун билдирди. Мурат Озердин айтымында, “мунун экономикалык жана саясий тараптан пайдасы бар” деп айтуу үммөттү алдоо болуп эсептелет.

“Өзүӊөргө белгилүү болгондой, 1991-жылы башталган Булуӊ согушунун натыйжасында Иракта бир жарым миллион мусулман жырткычтык менен өлтүрүлдү. Аларды кыргын кылган самолёттор мамлекетибиздеги Коня жана Инжирлик аскерий базаларынан асманга көтөрүлдү. Ошол кезде бийликте турган саясатчылар мунун акысына экономикалык жана саясий пайдаларга жетүү туурасында айтышкан эле. Бирок, ал Түркиянын экономикасына жүз миллиарддаган зыянды алып келди. Көрүнүп тургандай, бул базалардын Түркия саясатына да, экономикасына да эч кандай пайдасы жок”, “Айрыкча, Түркия калкы билип коюшу керек болгон акыйкат мындай, 28ден ашык  экендиги айтылып жаткан бул базалар, түпкүлүгүндө аларга Түркияны чеӊгелде кармап турушу үчүн керек. Бул базалар Түркияны Советтер союзу коркунучунан коргоо үчүн курулгандыгы айтылчу. Бүгүнкү күнгө келип Советтер союзунун изи да калбады. Ушундай болгон соӊ, эмне үчүн бул базалар дагы деле сакталып турат? Түркия калкы жана акимдери бул суроону өздөрүнө бериши керек. АКШнын жана колонизатор мамлекеттердин кызыкчылыгы үчүн ачылган бул согуштардын адамдык жана финансылык чыгымдарын эмне үчүн биздин мусулман калктарыбыз төлөп жатышат? Ушуга чейин 350 миӊ мусулманды жырткычтык менен өлтүргөн Асад режимине каршы ишке салынбаган самолёттор эмне үчүн бүгүнкү күнгө келип ИШИМ шылтоосу менен миӊдеген мусулмандарды өлтүрүүгө колдонулууда? Ошол себептен улам, Инжирлик базасы жабылсын, АКШ кууп чыгарылсын”, – деп сөзүн аяктады  “İmkan-Der” коомунун жетекчиси.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here