Казакстан улуттук валютасынын курсу түшүп кетти

 АКШ жана Европа мамлекеттери тарабынан Россияга каршы киргизилген санкциялардын о.э. дүйнөлүк базарда нефтинин арзандап кетишинин натыйжасында, экономикасы негизинен нефть жана сырьёго байланып калган Россиянын улуттук валютасы кескин төмөндөп кеткен болсо, Кытай эки күндүн ичинде өзүнүн улуттук валютасы – юанды эки жолу девальвация кылып, дүйнөлүк базарды силкинтти.

 Юандын долларга карата курсу Кытай борбордук банкы тарабынан 11-август күнү 1,9 пайыз, 12-август күнү 1,6 пайызга төмөндөтүлгөн эле. Бул эки девальвациянын натыйжасында юандын куну ички базарда 3,5 пайызга, дүйнөлүк базарда болсо 4,8 пайызга арзандап кетти.

 Казакстандын негизги соода өнөктөштөрүндө жүз берген бул өзгөрүштөрдөн кийин Казакстандын премьер-министри Карим Масимов 20-август күнү мамлекетте жаӊы акча-кредиттик саясат ишке ашырылышын жарыя кылды жана теңге курсунун эркин калыптанышын белгилеп, валюта коридорун жокко чыгарды. Бул билдирүүдөн кийин Казакстандын биржалык фондунда теңгенин долларга карата айырбаштоо курсу 255-259 теңгеге чейин төмөндөп кетти.

 “Казинформ” маалымат агенттигинин кабар беришинче, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев “Ак Ордо” резиденциясында негизги экспортчу компаниялардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Президенттин айтымында, теңгенин эркин курсу казакстанлик бизнесмендердин талабы негизинде киргизилди. Алар ушундай жол аркылуу атаандаштыкка туруштук бермекчи болушууда.

  Казакстан теңгесин кескин төмөндөп кетиши кыргыз сомуна да терс таасирин тийгизип, 20-август күнү Кыргызстанда доллар 64 сомго көтөрүлүп кетти.

Туркистон

Девальвация же улуттук валютанын долларга карата кунсузданышы АКШ, Кытай, Япония жана Батыш мамлекеттери сыяктуу экспорт кыла турган иштеп чыгарылган товарлары көп жана экономикасы товар иштеп чыгаруу негизине курулган мамлекеттер үчүн пайда алып келиши мүмкүн. Бирок, Россия, Казакстан, Кыргызстан…. сыяктуу экономикасы тышкарыдан кирип келе турган импорттук товар же сырьёлорго муктаж болгон мамлекеттер үчүн өтө кооптуу болушу мүмкүн.

Ошондуктан, бул экономикасын сырё сатуу негизине куруп алган бардык мамлекеттер улуттук валюталарынын курсун жасалма кармап турууга мажбур болушат. Антпесе, дисбаланс (импорт менен экспорт ортосундагы теӊсиздик) күтүлөт. Улуттук валюталардын кунсузданышы ушул мамлекеттерге кирип келе жаткан даяр продукциялардын баасы кымбаттаса, чыгып бара жаткан сырёнун баасы арзандашына алып барат. Натыйжада импорттук товарлардын көлөмү кескин зайышына жана ага болгон ички талаптын күчөшүнө, экспорт кылынып жаткан товар жана сырёлор көлөмү болсо тескерисинче кунсузданып аларга болгон тышкы талаптын кескин көбөйүп кетишине алып барат.

Бул мамлекеттердин финансылык көрсөткүчтөрү учурда алтын менен эмес, доллар менен белгиленет. Ошондуктан, бул мамлекеттердеги алтын запастары учурда эч канчалык мааниге ээ болбой калды. Себеби, алтын да бүгүнкү күндө баасы долларга карата белгилене турган товар болуп эсептелет. Алар өздөрүнүн абалын оӊдоп туруу максатында миллиарддаган долларларды банктар аркылуу белгилүү бир өлчөмдө сатып турууга мажбур болушат. Бул болсо, ушул мамлекеттердин АКШ долларына көз карандылыгын ого бетер күчөтөт.

Ошондуктан, биз мамлекеттердин экономикасын күчөтүү оор өнөржайды өнүктүрүү аркылуу гана ишке ашат деп айтып келебиз. Себеби, мамлекеттин ичиндеги иштеп чыгаруу негизинен жеңил өнөржайдын мойнунда болот. Жеңил өнөржай болсо, станокторду чыгаруучу оор өнөржайга муктаж болот. Мамлекеттер оор өнөржайга кайдыгер болуп, жеңил өнөржайын өнүктүрмөкчү болушса, анда Россиянын учурдагы абалына түшүп калышы анык. Алар тышкы инвесторлор алып келе турган станокторго муктаж жана көз каранды болуп калышат. Мындай абалдан улам, алар Россиянын бүгүнкү экономикалык жана саясий алсыз абалы сыяктуу абалга кептелип калышы анык.

Ар кандай валютанын милдети – өзүнүн таасири аймагындагы экономикалык ишмердүүлүктү жеӊилдетүү. Т.а. ал адамдар жана мамлекеттер ортосундагы айырбаштоо иштерин жөнөкөйлөштүрөт жана ыӊгайлуу кылат. Ошондуктан, жогорудагы Россия жана ага көз каранды мамлекеттерде жүз берип жаткан финансылык кризистердин дээрлик бардыгы – дүйнөдөгү экономикалык жана саясий системалардын ката негизде экендигинен о.э. бул проблеманын чечимин жашыруу максатында ушул мамлекеттердин жетекчилери жүргүзүп жаткан аракеттерден улам жүз берип жатат деп билебиз.

Дүйнөнүн саясий системасы экономикалык монополия негизинде жүргүзүлөт. Анда башка мамлекеттердин өнөржайы өнүгүп кетишинин алдын алуу максатында БУУ сыяктуу эл аралык уюмдар аркылуу иш жүргүзүлөт Мисалы, бай мамлекеттер жакыр мамлекеттер үчүн өз алдынча финансылык же башка бирер жардам көрсөтө алышпай турган шарттарды пайда кылып алышкан. Ар кандай санкциялаштырылбаган жардам мыйзамсыз жана кооптуу деп эътибар кылынат.  Алар дүйнөдөгү мамлекеттерди – БУУнун патент системасын коргоо бөлүмүнүн катуу көзөмөлү астында – алардын уруксатысыз бирер нерсе иштеп чыгара алышпай турган шартта кармап келишет. Себеби, дээрлик ар бир пикир өздөрүнө караштуу адамдар же уюмдар тарабынан патенттештирилген (менчиктештирилген). Патенттештирилген пикирлер негизинде иштеп чыгарууну жолго коюу болсо, алардан бул пикирлерди сатып алууну талап кылат. Экономикалык жактан алсыз өлкөлөрдүн жарандары буга кудуреттүү болушпайт. Ошондуктан, өнөржай белгилүү бир мамлекеттерде гана өнүгө берет.

Демек, биздин өлкөлөрүбүздөгү финансылык кризистер, түпкүлүгүндө, экономикалык жактан бузук болгон дүйнөлүк системага байланыштуу экен. Алар айтып жаткан финансылык кризис, түпкүлүгүндө экономикалык кризис деп аталса туура болмок.

Россия, Казакстан жана ушулардын катарындагы бардык мамлекеттер кудум жөргөмүштүн торуна түшкөн чиркейди эске түшүрөт. Алар бул тордон кутулуу жолдорун билишпейт. Кутулуу жолдору, аныгыраагы жашап туруу мөөнөтүн бир аз узартуу жолу, жөргөмүш менен кеӊешип иш кылууда же ага бирер кызмат сунуш кылууда деп билишет. Бул система ичинде буларга жардам көрсөтүү дээрлик мүмкүн эмес. Мунун бирден-бир жолу – Ислам системасын турмушка алып келүүдө жана бүтүндөй эл аралык мыйзамдарды четке кагууда. Бул иш, куфр эл аралык системасынын ичинде ишке ашпайт. Бул нерсе аны четке кагуу менен гана ишке ашат.

 Абдураззак.

turkistonkg

Recent Posts

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик мейманканалардын ичинде казино жана…

7 hours ago

Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу  Устаз Асъад Мансур Ар кандай…

2 days ago

Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды…

2 days ago

Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү  Устаз Ахмад Таий –…

2 days ago

Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача  Мухандис Муждий Али 2024-жылы 27-сентябрда Нетаняху,…

2 days ago

Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя…

2 days ago