Хизб ут-Тахрирдин “Facebook”тагы баракчасына тосмо коюлду

358
0

Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаяты басма сөз бөлүмүнүн “Facebook” социалдык тармагындагы расмий баракчасы “Facebook”тун жетекчилиги тарабынан жаап коюлду. Хизб ут-Тахрир басма сөз бөлүмү таркаткан билдирүүгө ылайык, бул баракча атайылап жаап коюлган.

“Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаяты басма сөз бөлүмүнүн “Facebook” социалдык тармагындагы баракчасы 19-август күнү саат 17:00дө “Facebook” жетекчилиги тарабынан жаап коюлду. Хизб ут-Тахрир уюму тарабынан “Инжирлик базасы жабылсын, АКШ кууп чыгарылсын” деген аталыштагы компания башталгандан кийин “Facebook” жетекчилигинин бул ишке дароо киришүүсү көӊүл бурууга арзыйт. Социалдык тармакта ар түрдүү уятсыз нерселерге да уруксат берилип жаткан бир убакта биздин баракчабыздын жаап коюлушу жогорудагы компаниябыз кимдир бирөөлөрдүн тынчын алып жаткандыгын көрсөтүп турат”, – деп айтылат Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаятынын басма сөз бөлүмү тарабынан чыгарылган билдирүүдө.

Мына ушундай орундарда демократиянын чыныгы жүзүн көрүүгө болот. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.в. карикатура кылынганда, “демократия”, “сөз эркиндиги” деп ооз көбүртүп жаткандар кайда калды. Демократияда калк эмнени талап кылса ошол нерсе ишке ашырылышы керек эмес беле? Мына азыр калк Инжирлик авиабазасында АКШнын орношуп алышын каалабай жатат. Калк түрдүү ыкмалар менен, ошону менен бир катарда социалдык тармактар аркылуу буга каршы экендигин билдирип келүүдө. Элдин бул талаптары аткарылышынын ордуна алардын добушу өчүрүлүүдө.

Ооба, демократия дегени мына ушундай. Эгерде өздөрүнүн кызыкчылыктарына туура келсе дароо “демократия”, “азаттык”, “эркиндик” сыяктуу ураандарды көтөрүп чыгышат. Бирок, сөз мусулмандардын кыргын кылынышы жана алардын акы-укуктары тебелениши жөнүндө болуп жатканда болсо андай ураандардын карааны да калбайт. Ошондуктан, мусулмандар “демократия” жалганына ишенбестен, аны ыргытып жибериши жана Исламий турмушту баштоого бар болгон күчү менен аракет кылышы керек.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here