Иран чоӊ шайтанды курсант кылды жана мындан өзү да аябай кубанычта

304
0

Ушул кезге чейин Иран минбарларынан туруп Американы “чоӊ шайтан” деп акаарат кылуу адаттагы көрүнүшкө айланган эле. Бирок, бүгүнкү күнгө келип Иран өкмөтү ошол “чоң шайтан” менен келишим түзгөнүнөн улам  башы асманга жетүүдө.

Вашингтон өкмөтү Ирандын ядролук программасы үстүндө келишим түзүлгөн күндү “тарыхий күн” деп атады. АКШ президенти Барак Обама да кубанычын жашырбаган абалда тарыхий келишимди алкыштап  жатат. Обаманын баса белгилешинче, Ирандын ядролук программасы боюнча түзүлгөн келишим АКШ жана анын союздаштарынын улуттук кызыкчылыктарын эсепке алган абалда ишке ашырылган.

АКШ президенти бул келишимди “Ирандын ядролук бомбага ээ болушуна жол бербей турган келишим” деп баалады. Анын айтымында, Иран менен түзүлгөн узак мөөнөттүү келишим Ирандын ядролук куралга ээ болушуна таптакыр мүмкүнчүлүк бербейт.

“АКШ жана анын союздаштары Иран менен тарыхий келишим түзүүгө жетишти. Эгерде бул келишим толук ишке ашырылса, алар үчүн ядролук бомбага ээ болуу мүмкүнчүлүгү калбайт. Бул келишим себептүү Иран үчүн узак мөөнөткө ядролук куралга ээ болуунун бардык жолдору кесилди. Президент жана башкы командачы катары мойнумда Америка калкынын коопсуздугунан  чоӊураак жоопкерчилик жок”, – деди Обама.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри болсо Ирандын ядролук программасы боюнча келишимдин артынан уюштурулган маалымат жыйынында билдирүү берди. Билдирүү учурунда Керри “Бул биз каалаган келишим” деди.

Келишимге ылайык, Иран байытылган уран запастарынын 98 пайызынан баш тартат. Мунун акысына АКШ жана Батыш мамлекеттери Иранга каршы белгиленген жаза-чараларын баскычма-баскыч жокко чыгарат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here