Өзбекстан Испаниядан С295W аскерий самолётторун сатып алат

241
0

 Испаниянын Севилья шаарында жайгашкан Airbus Defence and Space (ADS) ишканасында споттерлер тарабынан Өзбекстан аскерий аба күчтөрүнүн белгилери бар Airbus C295W аскерий-транспорт самолёттору катталды.

 Самолёттун борт номери “01 ак”, серия номери – 137.

 С295W С295М аскерий-транспорт самолётунун акыркы модификациясы болуп эсептелет. Ал биринчи жолу 2013-жылы сунушталган.

 Өзбекстан бул жааттагы келишимге кол койгондугу туурасындагы кабар маалымат каражаттарында жарыя кылынбаган эле. Жылдын башында ADS сегиз самолётко буйрутма алганын билдирген болчу. Арадан бир аз убакыт өтүп, бул самолёттордун төртөөнө Саудиянын ички иштер министрлиги буйрутма бергендиги аныкталды. 17-июнь күнү интернетке чыккан сүрөттөр негизинде калган самолётторго Өзбекстан буйрутма бергендиги айтылууда.

 Ушундай көрүнүштө, Өзбекстан КМШ аймагында мындай типтеги самолётту сатып алган экинчи мамлекет (Казакстандан кийинки) болот.

 Туркистон:

Өзбекстан өкмөтү региондо жетекчи аскерий кубатты колдон чыгарбастык максатында үлкөн каражаттарды жумшап келүүдө. Өткөн жылы Өзбекстан Кытайдан орто аралыкка болжолдонгон HQ-9 зениттик-ракета комплексин сатып алган болсо, андан бир аз мурда Кытайдын Chengdu Aircraft Industry Corporation компаниясы тарабынан иштелип чыккан учкучсуз башкарылуучу Pterodactyl (Yilong-1) чабуул кылуучу комплектисин сатып алганы жөнүндө кабарлар таркаган эле.

  Мындан тышкары, Өзбекстан өкмөтү Афганистандан кошуундарын алып чыгып бара жаткан АКШ, Британия жана Германияга кайрылып, брондуу машиналар, мина детекторлору, вертолёттор, навигация системалары жана түнкүсүн көрүүчү жабдыктарын калтырышын суранган эле. Өз кезегинде Британиянын коргоо министри Филипп Хамонд кошуундары Афганистандан коопсуз чыгып кетишинин акысына Британия Өзбекстанга курал жана аскерий техника сатууга токтом кылганын билдирген эле.

  Ошону менен бирге Өзбекстан АКШдан аскерий жардам катары минага каршы V тибиндеги бронетранспортёрлордон жана 14-18 тоннага чейинки Mine-Resistant Ambush Protected vehicles (MRAPs) аталыштагы машиналардан 308ди алган. Дагы 20 брондуу ремонт-эвакуация машиналарды да алышы жана бул иштер жакынкы убактаарда аякташы кабарланган эле.

 Global Firepower  уюму жарыя кылган  рейтингде Өзбекстан аскерий жөндөмү боюнча 126 мамлекеттин арасынан 54-орунду ээлеп региондо жетекчиликте тургандыгы кабарланган болчу. Изилдөөчүлөр ушул рейтингди түзүү үчүн 50 факторду талдоодон өткөрүп, ушул негизде ар бир мамлекеттин аскерий жөндөмүн аныктоого аракет кылышкан. Аскерий кызматка жөндөмдүү калктын саны, аскерий техниканын көлөмү, географиялык жайгашуу, экономикалык мүмкүнчүлүктөр ушулардын катарынан.

 Рейтингде Өзбекстан 54-орунду ээледи. Бул болсо, регион мамлекеттери арасындагы биринчи көрсөткүч болуп эсептелет. Казакстан 66чы, Кыргызстан 78чи, Тажикстан 81чи, Түркмөнстан 90чу, Афганистан болсо 102чи орунду ээлеген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here