Кытай банктары Россияга каршы киргизилген санкцияларга кошулду

304
0

 Россиялык банк жана компаниялардын Батыш санкцияларын жеңип өтүүдө Кытайдын жардамынан болгон үмүттөрү күн өткөн сайын үзүлүп барууда. ВТБ тобу төрагасынын биринчи орун басары Юрий Соловьевдин “Finance Asia” үчүн жазылган колонкада кабар беришинче, Пекин Россияга каршы бир да финансылык санкцияларды киргизбеген болсо да, Кытай банктары АКШ жана Европа союзу тарабынан киргизилген чектөөлөргө кошулушту.

 О.э. КЭРдин көптөгөн кредиттик уюмдары Россия банктары менен операцияларды ишке ашыруудан баш тартууда. Алар өз ара сооданы финансылоодогу катышуусун сезиле турган өлчөмдө азайтышты, алар бул милдетти россиялык өнөктөштөрүнө тапшырышты.

 “Учурдагы кызматташтык кыйынчылыктарсыз өтпөй жатат. Эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүн токтотуп турган негизги проблема АКШ жана Европа союзу санкцияларды киргизгенден кийин, Россия банктарына карата Кытайдын карама-каршы позициясында турушу. Бүгүнкү күндө көптөгөн Кытай банктары Россия банктары катышуусундагы банктар аралык операцияларда катышпай жатат. Мындан тышкары, Кытай банктары тышкы соода боюнча келишимдердеги катышууларын сезиле турган көлөмдө азайтышты, айрыкча, сооданы финансылоо боюнча”, – деп жазды Соловьев.

 Кытай базарынан юанда (Кытайдын акча бирдигинде) финансылоону тартуу көлөмү да азырынча өтө эле чектелген, – деп нааразы болууда кубаты боюнча Россияда экинчи орунда турган мамлекеттик банктын төрагасынын орунбасары.

  “Кытайлык өнөктөштөрүбүздүн айтымында, ал үчүн чет эл эмитенттери (кымбат баалуу кагаздарды жана кагаз акчапул чыгаруу укугуна эээ болгон мамлекетбанк же ишканалар) Мамлекеттик кеңеш, Борбордук банк жана Финансы министрлигинен лицензия алышы керек. Бирок, андай лицензияларды алуу үчүн анык белгиленген тартип жок. Азырынча жергиликтүү капитал базарына чыгууга Эл аралык финансы корпорациясы жана Азия өнүктүрүү банкы сыяктуу финансылык уюмдар гана жетишкен”, – деп баса белгиледи Соловьев.

 Кытай базарына чыгуу жана юанда каражаттарды тарта баштоону ал тургай Россиянын Финансы министрлиги да каалаган болор эле. Финансы министринин орун басары Сергей Сторчак 3-июнь күнү Россия КЭР валютасында облигацияларды чыгаруу мүмкүнчүлүгүн үйрөнүп жаткандыгын айткан эле. Ал эми министрдин орун басарынын моюнга аышынча, азырынча бул максаттар ишке ашуусуна көп убакыт бар.

 “Биз уюштуруу маселелерин, мунун кандай иштешин билбейбиз, агент банктарды да. Базардын бүтүндөй инфраструктурасын үйрөнүү керек: ага ким жана кандай чыгат, кайсы ортомчулар аркылуу чыгылат, базарга чыгуу же эмиссияны каттоодон өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн кымбат баалуу кагаздар боюнча көзөмөл органы кандай токтомдорду кабыл алат, ким потенциалдуу инвестор болушу мүмкүн, кимге уруксат берилген, кимге уруксат берилбеген”, – деп түшүндүрмө берип өттү Сторчак.

 Москва жана Пекин ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдө доллардан баш тартуу туурасындагы сүйлөшүүлөр да оор болууда. Эки тарап теӊ бири-бирин суздук кылууда жана чегинүүнү каалабастыкта айыптап жатат. О.э. КЭРдин Соода министрлиги Евразия департаментинин директору Лин Цзи россиялык журналисттерге Россиянын диалогдогу активдүүлүгү төмөндөп бара жаткандыгын билдирген.

 ВТБ жетекчиси Андрей Костин да кыйынчылыктарды моюнга алды жана келишпестиктердин себебин айтты. Анын айтымында, Кытай тарап эсептешүүлөрдө үстөмдүк юанда болушу керектигин талап кылууда, буга акыркы кездерде рубль өтө терс өзгөрүштө болуп жаткандыгын себеп кылып келтирүүдө. Россия тарап болсо эсеп-китеп валютасы адатта экспорт кылуучунун валютасы болушу керектигин айтууда.

 8-май күнү Россия президенти Владимир Путин бүгүнкү күндө Россия жана КЭРдин өз ара товар алмаштыруудагы улуттук валюталардын үлүшү болжол менен 7% ды түзүшүн билдирген эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here