Путин тышка чыгып кеткен капиталдарды кайтарууга аракет кыла баштады

378
0

“lenta.ru” сайтынын кабар беришинче, Россия президенти Владимир Путин “капиталдарды амнистия кылуу туурасында”гы мыйзамга кол койду.

 Мыйзам 2015-жылы чет өлкөлүк активдерди жана банк аманаттарын ыктыярдуу түрдө декларациядан өткөрүү мүмкүнчүлүгүн берет. Эгерде мүлк ээси 2015-жылдын 1-январына чейин мыйзам бузууга аралашкан болсо, президент тарабынан кол коюлган жаңы мыйзам аны кылмыштык, админстративдик жазадан жана салык милдеттенмелеринен куткарат.

 Мүлкүн мыйзамдаштырмакчы болгон адам салык мекемелерине атайын декларация сунушташы керек. Документке салык сыры режими колдонулат. Декларация тапшыруу мөөнөтү  2015-жылдын 1-июлунан 31-декабрга чейин.

 Финансы министрлиги иштеп чыккан “Физикалык жактарга мүлк жана банк эсептерин (депозиттерин) ыктыярдуу декларациядан өткөрүү туурасындагы” мыйзам долбоору 25-март күнү президент тарабынан тастыкталган эле. Премьер-министрдин орун басары Игорь Шувалов мыйзам долбоорунан көздөлгөн максат, “ишкердиги маалында бирер ката кетирген адам бул мүлктү кайрадан декларациядан өткөргөндөн кийин, эч ким, эч качан анын алдына келбестигин жана бул мүлк кайдан келгенин сурабастыгын о.э. мындан кийин алар мыйзамга моюн сунуучу жарандар болушу мүмкүн экендигин анык билиши керек”, – деген эле.

 Туркистон:

Владимир Путин башчылыгында жүргүзүлгөн саясаттын натыйжасында Россия экономикасы кризиске кептелип калды. Себеби, Путин кудум мурдагы Советтер союзу сыяктуу жеке мүлктү жок кылууга, иштеп чыгарууну мамлекеттин кол астына бириктирүүгө олуттуу аракеттерди кылды. Мунун натыйжасында ири капиталисттер өз каражаттарын ар түрдүү жолдор менен тышкары алып чыгып кетишти.

 Жеке мүлктүн чектелиши, завод жана фабрикалардын мамлекеттик көзөмөлгө алынышы адамдарда мамлекеттик мүлккө карата этибарсыздыкты пайда кылды, атаандаштык жана изденүүнүн тамырына балта чапты. Себеби, адам өзүнүкү болбогон нерсеге кайдыгер болушу табигый. Мурдагы Советтер союзунун кризиске кептелишинин негизги себептеринин бири да ушул нерсе болгон эле. Атаандаштыктын жоголушу натыйжасында Россияда иштелип чыккан продукциялар Европа мамлекеттери эле эмес, Борбор Азияда да өтүмсүз болуп калды. Ошол себептен да Путин алгач “Бажы биримдиги” деп аталган, кийинчерээк Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) айланган биримдикти пада кылды. Мындан көздөлгөн максат болсо Кытай, Түркия жана Европа мамлекеттеринен келип  жаткан продукциялардын бул биримдикке мүчө мамлекеттерге кирүүсүн чектөө жана өзүнүн эч кимге керек болбой калган т.а. заман талабынан артта калып кеткен продукциялары үчүн керектөө базарын пайда кылуу болчу.

 Мындан тышкары, АКШ тарабынан орнотулган ар кандай эл аралык мыйзамдарды бузган абалда Крымды аннексия кылып алышынын артынан АКШ жана Европа мамлекеттери Россияга каршы киргизген саясий жана экономикалык санкциялар, дүйнөлүк базарда нефтинин баасы жасалма көрүнүштө кескин түшүрүп жиберилиши, ансыз да алдан тайып турган Россия экономикасын дээрлик кризиске кептеп койду. Ошондуктан да Путин тышка чыгып кеткен капиталдарды кайтарууга, ушундай жол менен токтоп калган жана бүтүндөй изден чыгып кеткен тармактарды ишке түшүрүү аркылуу экономиканы кайрадан тикелөөгө аракет кылып жатат. 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here