Түркияда Сирия оппозициясын аскерий машыгуудан өткөрүү башталды

335
0

Түркия тышкы иштер министри Мавлут Чувашоглу Сирия муътадил оппозициясынын катарынан тандап алынган аскерлер Түркияда аскерий машыгуудан өткөрүлө баштаганын билдирди.

Атын жарыя кылууну каалабаган АКШлык бир жооптуу да “Reuters” маалымат агенттигине берген интервьюсунда бир нече апта мурун Иорданияда башталган “аскерий машыгуудан өткөрүү” планы эми Түркияда да башталганын билдирди. АКШлык жооптуу аскерий машыгуудан өтүп жаткан сириялыктардын кимдиги жана саны туурасында анык маалымат бербеди. Пентагон да бул суроого анык жооп берүүдөн баш тартты.

“Спутник” телеканалына интервью берген террор жана коопсуздук боюнча адис Мета Ярар “аскерий машыгуулар” туурасында Түркия өкмөтү АКШдан кабарсыз иш кыла албастыгын билдирди. Анын айтымында, Саудия, Иордания жана Түркияда өткөрүлүп жаткан аскерий машыгуулар АКШ көзөмөлү астында ишке ашырылууда.

Хизб ут-Таҳрир – Түркия вилаятынын активдүү мүчөсү Усман Юлдуз Сирия муътадил оппозициясын аскерий машыгуудан өткөрүү маселесинде АКШга жардам берип жаткан Ислам өлкөлөрүн катуу сындады. Бул жаатта мусулмандарды сүкүт сактабастыкка жана өкмөт жооптууларын тергеп-тескөөгө чакырды. Усман Юлдуз АКШ жана ага көз каранды болгон коалициялык күчтөр ИШИМ шылтоосу менен Сирияда аял киши, жаш бала дебестен бардык мусулмандарды өлтүрүп жатканын айтып, “аскерий машыгуу”дан максат мусулмандын колу менен мусулманды өлтүрүү экендигин баса белгиледи.

“Президент Эрдоган бир мусулман башка бир мусулманды Аллаху Акбар деп өлтүрүшү мүмкүн эмес деп бир нече жолу билдирүүлөрдү берди. Мен мындай суроо бермекчимин. Аскерий машыгуудан өтүп жаткан аскерлер Асадга каршы согушпай турган болсо, анда кимге каршы согушат? Өз-өзүнөн көрүнүп тургандай, Сирия калкына жана Сириянын калыс мужахиддерине каршы согушат. Себеби, Сирия калкы жана козголоңчу мусулмандар башынан бери АКШнын жана регион мамлекеттеринин тузактарына илинишпеди. Алар дагы кайрадан Сирия козголоңуна карата жаңы-жаңы тузактарды коюшууда. ИШИМге каршы күрөш деген аталыш менен коалиция түзүп, Ислам жана мусулмандарга каршы согушка кирди. Эми болсо аскерий машыгуу өткөрүү аты менен жалданма адам өлтүргүчтөрдү пайда кылып, аларды Сирия козголоңчуларына каршы согушка киргизүүгө даярдап жатат. Сирия мусулмандары АКШ жана регион мамлекеттеринин колу менен даярдалып жаткан бул тузакка илинбеши керек. Тескерисинче, куралдарын бир тарапка каратышы керек. Эрдоган өкмөтү да бул кыянат долбоорунан дароо баш тартышы керек. Сирия ынкылабынын тарапкери экендиктерин дааба кылып жаткандар болсо Эрдоган өкмөтүн бул жаатта тергеп-тескеши зарыл. Эстен чыгарбашыбыз керек болгон нерсе, бул жаатта сүкүт сактагандар да буга жоопкер болушат”, “Учурда мусулмандардын канын төгүүгө жана козголоңду өз максатынан буруп жиберүүгө каратылган бул планга кол койгон Иордания, Саудия жана Түркия мамлекеттерин катьий көрүнүштө тергеп-тескешибиз керек эмеспи? Түркия өкмөтүн бул кыянаттан тыйып коюу керек эмеспи? Аскерий машыгуудан өткөрүү планы – бул АКШ жана анын союздаштарынын планы. Бул долбоор Сирия козголоңун шаръий багытынан буруп жиберүүгө каратылган план болуп эсептелет. О.э. бул мусулмандардын арасынан чыккынчы чыгаруу жана мусулманды мусулмандын колу менен өлтүрүү үчүн түзүлгөн долбоор болуп эсептелет. Аскерий машыгуудан өткөрүү планы Аллахка, Расулуна жана мусулмандарга таянган таза козголоңдун атына кара жабуу планы. Бул план үчүн дарбазаларды АКШга кеңири ачкан регион мамлекеттери Сирия козголоңуна карата эң чоң кыянат кылган болуп эсептелишет”, – деди Усман Юлдуз.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here