Сирия өкмөтү беш жылдан бери уланып келе жаткан кризиске саясий чечим табуу үчүн Москвада өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жаңы бир айлампасын өткөрүү каалоосунда экендигин билдирди. Сириянын Россиядагы элчиси Риад Хаддод “Новости” маалымат агенттигине берген интервьюсунда Сириядагы оппозициялык топтор Астанада өткөргөн жолугушуулардан оң натыйжа күтүлбөй жаткандыгын айтып өттү. Хаддоддун айтымында, алардын бул жолугушуулары да алгач Стамбул жана Мисирде өткөрүлгөн жолугушуулардан эч бир айырмаланбайт.
Астанада өткөрүлгөн жолугушуу бир гана оппозициялык топтор ортосунда өткөрүлгөндүгүн жана бул сүйлөшүүлөрдө өтө көптөгөн топтордон өкүлдөр катышпагандыгын айтып өткөн Хаддод Москвада дагы бир жолу жолугушуу өткөрүү үчүн аракет болуп жатканын билдирди.
“Москвада үчүнчү жолу жыйын уюштура алышыбыз үчүн аракет кылып жатабыз. Анткени, бул ирет жолугушуулар мамлекетибиз үчүн пайдалуу болушуна ишенебиз”, – деди Хаддод.
Сирия элчиси Москва жолугушуусунун үчүнчү айлампасын кечиктирбестен, тезирээк ишке ашырууну каалай тургандыгын да кошумчалады. Сирия өкмөтү жана оппозиция өкүлдөрү январь жана апрель айларында Москвада эки жолу сүйлөшүү столуна отурушуп, тараптар 10 беренеден турган документтин үстүндө талкуулашкан эле. Бирок, Женевада болгону сыяктуу эле, Москва жолугушууларынан да бирер натыйжага жетишилбеген болчу.