Фулбрайтчылар Кыргызстанда

260
0

“Кыргызстан фулбрайтчылар ассоциациясы” деп аталган жаңы мамлекеттик эмес уюмдун презентациясы Америка өкмөтү программасынын бүтүрүүчүлөрү борборунда болуп өттү.

 Жаңы түзүлгөн социалдык кыймыл өз сабында Фулбрайт атындагы эл аралык программа мүчөлөрү болгон улуттук илим-билимдин түрдүү тармактары жана билим берүү, маданият тармактарында ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан жетекчи изилдөөчүлөрдү бириктирет. Уюм анын негиздөөчүсү, АКШлык белгилүү коомдук ишмер Вильям Фулбрайттын аты менен аталган. Жаңы түзүлгөн мамлекеттик эмес жана коммерциялык эмес уюмдун негизги максаты – Кыргызстан жана АКШ окумуштуулары ортосундагы кызматташтыкты жолго коюу.

 1942-жылы АКШ конгрессине, ал эми 1944-жылы Арканзас штатынан сенаторлукка шайланган Жеймс Вильям Фулбрайт 1946-жылы билим берүү программаларына жардам берүү долбоорун иштеп чыккан. Бул долбоор АКШ мамлекеттик департаменти тарабынан каржыланып келүүдө.

 Өзүнүн жарым кылымдык ишмердүүлүгү учурунда Фулбрайтчылык кыймылы Америка континентинде эле эмес, Европа, Азия, Африка жана Австралия континенттеринде да белгилүү болууга жетишкен. Кыргызстанда бул кыймылдын тарапкерлери мамлекет эгемендүүлүккө жетишкен алгачкы күндөн баштап эле пайда боло баштаган.

 Бишкекте болуп өткөн жыйында КМУнун экономика кафедрасынын башчысы, экономика илимдеринин доктору Жаркынай Мусаева ассоциация президенттигине шайланды.

 Фулбрайт кыймылынын максат жана милдеттерин колдоп-кубаттаган жана ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө жардам берген ар кандай адам ушул уюмга мүчө болушу мүмкүн. Кыймылдын артыкчылыктуу багыттары илим-билим, билим берүү жана маданият тармактарында биргелешкен изилдөө, конференциялар, семинарлар жана маанилүү маселелерде талкууларды уюштуруу аркылуу эл аралык алакаларды жолго коюудан турат.

 Ушул программадан көздөлгөн максат, Америка Кошмо Штаттарынын калкы жана башка калктар ортосундагы өз ара пикирлештикти күчөтүүдөн, ушундай көрүнүштө Кошмо Штаттар жана башка мамлекеттер ортосундагы достук жана тынчтык мамилелерин өнүктүрүүгө салым кошуудан турат.

Туркистон:

АКШ Кыргызстандагы өзүнө малай болгон уюмдардын аракеттерин мүмкүн болушунча жандандыра баштады. Кыргыз парламентинин – тышкы мамлекеттер же уюмдар тарабынан камсыздалып келе жаткан ар кандай мамлекеттик эмес уюмдардын ишмердүүлүгүнө чек коюу туурасындагы – бир катар мыйзамдарды талкуу кыла баштаганына бул активдешүүнүн албетте тиешеси бар.

 Кыргызстан бир катар жетекчи мамлекеттер ортосунда сакафий колония кылып алуу максатындагы талаштуу регионго айланып калды. Россия андан Батышка тиешелүү сакафат таркатуу борборлорун жоготууну талап кылууда. АКШ тескерисинче, жогорудагы Фулбрайт сыяктуу уюмдар аркылуу Кыргызстан жарандарынын дүйнө караштарын Америкача жашоо образы негизинде өзгөртүү үчүн олуттуу аракет кылууда.

АКШ ишмердүүлүгүн Кыргызстандын түндүк бөлүгүндө, түштүккө салыштырмалуу көрүнүштө, бир нече эсеге күчтүүрөөк жүргүзүүдө. Бул нерсе түндүк аймактын жарандарынын менталитети Европа дүйнө карашына жакыныраак болгондуктан ушундай болууда. Бирок, Батыш сакафатынын Кыргызстан түндүгүнө мынчалык көңүл бурушу, кыргыз улуту ичинде күчөп бара жаткан түндүк-түштүк маселесинин ого бетер күчөшүнө себеп болууда.

Бул нерсе балким Россия менен келишилген абалда Кыргызстанды экиге бөлүп алуу долбоору негизинде жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар болушу да мүмкүн. Андай болбогондо да натыйжа өзгөрбөйт. Кыргыз улутуна карата бул эки стандарт негизиндеги мамиле, анын эки аймакка бөлүнүп кетиши үчүн өз ара кескиндиктерди пайда кылат. Муну менен кыргыз мамлекетинин эки бөлүккө бөлүнүп кетиши үчүн ыңгайлуу абалды пайда кылып алышат.

 Себеби, биз Украина мисалында даана күбө болгон абал ушуну тастыктап турат. Украин калкы да бир нече жылдар бою кудум азыркы Кыргызстан сыяктуу Батыш жана Россия тарабынан сакафий колония майданына айланган эле. Ал жер да Батыш менен Россия тарабынан экиге бөлүп алынып, Украин калкын эки стондарттуу дүйнө караштар негизинде тарбиялай башташкан. Натыйжасы баарыбызга белгилүү болгон бүгүнкү абалга келип калды. Эми кезек Кыргызстанга келди.

 Сакафат адамдын дүйнө карашын калыптандырат. Дүйнө караш болсо, анын турмушунда жолуга турган бардык мамиле кылышы керек болгон нерсе жана окуяларга карата алакасын калыптандырат.

Демек, сакафат адамды өзүнүн жаратуучусуна, адамды өзүнө, башка адамдарга, мамлекет жана өлкөсүнө, башка улут жана элдерге, жаратылыш байлыктарына жана аларды бөлүштүрүү ыкмаларына, улуттук баалуулук жана маданиятына, өзү башкарылып жаткан саясат негизинин, билим берүү жана үй-бүлөнү туура калыптандыруу ыкмаларынынын жана башка мамилелеринин негизги ядросу болуп эсептелет. Ушул өлчөөлөрдүн бузулушу, коомдун бузулушуна алып барат. Тескерисинче, буларды оңдоо, коомдун оңдолушуна алып барат.

Демек, жогорудагы ар кайсы куфр сакафаты биздин өлкөлөрүбүздү кыйроого көздөй жетелеп барууда. Кыргыз калкы ичинде ар кандай окуяларга ар түрдүү көз караш негизинде баа берүү азыртадан күчөп барууда. Ал тургай, өкмөттүн өкүлдөрү ар кыл куфр дүйнө карашынан таасирленип, бири-бири менен келише алышпайт. Саясий элита болсо, тышкы куфр тарабынан ушундай бир алсыз пикир негизинде калыптанган болуп, алар тышкы жетекчи куфр мамлекеттеринин кызыкчылыктары негизинде пикирлөөдөн алыстай алышпайт. Алар өздөрүн патриот кылып көрсөтүү менен өз калкы ичинде жалган саясий абройго ээ болуп алып, ошол тышкы күчтөрдүн назарына түшүү менен алардын колдоп жиберишинен үмүттөнүшөт.

 Тыянак кылып айтсак, зыянсыз жана туура аракет кылып жаткандай болуп көрүнгөн ар кандай тышкы куфр сакафаты негизиндеги уюмдар Кыргызстан мамлекетинин коопсуздугу үчүн чыныгы коркунучту пайда кылууда.

Буларды жоготуунун жолдору барбы? Оба бар, бирок, АКШга каршы Россиянын кызыкчылыгы үчүн бирер аракет кылуу менен эмес, себеби, алардын бири экинчисинен абзел эмес. Ошондуктан, Кыргыз мамлекети алар таркатып жаткан куфр сакафатына каршы Ислам акыйдасынан келип чыккан исламий сакафатка мүмкүнчүлүк бериши керек.

Кыргыз мамлекети, тескерисинче, Ислам жана мусулмандарды тыюу, алардын өз сакафаты негизинде калкты даярдоо иштерине тоскоолдук кылуу жана  жазалоо менен өз тамырына балта чаап жаткандай саясат жүргүзүп келе жатат. Алардын бул акмактык саясаты, жогорудагы куфр сакафатын таркатуучулар үчүн өтө ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүдө. Кыргызстанды азыркы өтө кооптуу абалынан Ислам идеологиясы гана алып чыга алышы мүмкүн!!!

 Абдураззак.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here