НАТО: Крымдын басып алынышын тан албайбыз

339
0

НАТОнун башкы катчысы Жон Столтенберг Россиянын Крымда ядролук курал жайгаштыруу ыктымалынан өтө кабатырда экендигин ачыктады. Столтенбергдин айтымында, НАТО Украинанын эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана тышкы күчтөрдөн көз карандысыз көрүнүштө өз келечегин өзү белгилешин коргойт.

“Россиянын карамүртөз аракеттерин катуу сындайбыз жана аны эл аралык нормаларга баш ийүүгө чакырабыз. Крымдын басып алынышы мыйзамсыз. Биз аны тан албадык жана мындан кийин да тан албайбыз”, – деди НАТОнун башкы катчысы.

Столтенберг Россия аскерийлеринин Кара-Деӊизге жайгаштырылышы регион туруктуулугуна таасир көрсөтүшүн айтып өттү. Минск келишими Украина чыгышындагы келишпестиктер чечими үчүн эң абзел жол экендигин билдирген Столтенберг “Ок атууну токтотуу” келишими өтө көп жолу бузулганына жана Россия жикчилдерге жардам берүүнү улантып жатканына басым жасады. Анын айтымында, Россия жикчилдерди колдоону токтотушу жана Украинадагы аскерий күчтөрүн артка кайтарып, саясий чечимди колдоп-кубатташы керек.

Киевде жайгашкан НАТО офисиндеги кызматкерлердин саны көбөйтүлгөндүгүн айтып өткөн Столтенберг бул кызматкерлер Украина өкмөтүнө, айрыкча Украинанын Коргоо министрине кеӊеш берип турушун билдирди. Анын ачыкташынча, жаздын аягында НАТО башчылыгындагы аскерий машыгуу Украинада өтөт. АКШ, Канада жана Англия Украина аскерлерин аскерий машыгуудан өткөрөт. НАТОго мүчө кээ бир мамлекеттер Украинага аскерий жабдыктар менен жардам берет.

Өз кезегинде Россия да НАТОнун Украинадагы ишмердүүлүгүнө каршы кадамдарды таштап жатат. Россиянын НАТОдогу өкүлү Александр Гришко Россия, НАТОнун планын этибарга алган абалда, Крымдагы вужудун күчөтө тургандыгын билдирди.

Гришконун билдиришинче, НАТО өлкөлөрү акыркы кездерде Россия чегараларына жакын аймактарда аскерий мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүгө аракет кылууда. Орус дипломаттарынын бири “Русиял явм” телеканалына берген интервьюсунда Гришконун сөздөрүн тастыктады.

“Сапат жагынан көп өзгөрүш болбошу мүмкүн. А бирок, НАТО Чыгыш Европада т.а. биздин чегараларыбызга жакын аймактарда таасирин күчөтүүгө аракет кылып жаткан соӊ, биз да Крымдагы аскерий вужудубузду күчөтөбүз. НАТО муну кылып жатат жана албетте каршысында Россияны көрөт. Мындан тышкары, биз көптөн бери Крымдагы флотубузду жаӊылоо ниетиндебиз. Бүгүнкү күнгө чейин Украина бизге бул жаатта каршылык көрсөтүп келди, эми болсо муну ишке ашыруунун убагы келди”, – деди дипломат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here