Король Ас-Сисини баатыр деп жарыя кылды

314
0

Аскерий төңкөрүш аркылуу Мисир бийлигин ээлеп алган Абдулфаттах ас-Сиси эки күндүк расмий сапар менен Испанияга жол тартты. Мисир президентин Испания королу Филипп VI жана анын жубайы Летизия король сарайында кабыл алды.

Президент ас-Сиси Испанияда Исламий күчтөргө каршы күрөшкөн баатыр катары күтүп алынды. Расмий жолугушуу учурунда Испания королу Филипп VI ас-Сиси саясий исламчыларга каршы күрөшүп жаткан таасирдүү мамлекет башчы экендигине басым жасады жана башкаларды да бул жаатта ас-Сисиге жардам берүүгө чакырды.

“Жакынкы Чыгышта баш көтөргөн жана региондо туруксуз кырдаалды пайда кылган фундаменталисттерге каршы Ас-Сиси башчылыгында жүргүзүлүп жаткан күрөштө Мисир өкмөтүнө жардам берүү керек”,-  деди король Филипп VI.

Президент ас-Сисинин Ливия, Сирия, Яман, жана Палестинада уланып жаткан согуштарга чек коюу үчүн кемтиксиз каражат болушун да айтып өткөн король Испания бул доордо саясий жактан да, экономикалык жактан да Мисирдин жанында турушун билдирди.

Испанияда чыгуучу газеталардын жазышынча, ас-Сиси жетекчилигинде Испания жана Мисир ортосунда жүргүзүлүп жаткан экономикалык алакалар бир топко күчөгөн. О.э. Испан фирмалары бул маанилүү Жакынкы Чыгыш өлкөсүндө миллиарддаган евролук тендерлерди ээлей башташкан.

Испания королу жана анын жубайы тарабынан королдун сарайында Сисинин урматына берилген зыяпатта өкмөттүн премьер-министр Мариано Рахой башчылыгындагы көптөгөн өкүлдөрү катышышты.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here