2015-жыл 20-март күнү Кыргызстан менен АКШ ортосунда эки мамлекеттин жарандары үчүн 5 жылдык виза берүү туурасындагы документке кол коюлду. Кол коюлган документке ылайык, визалар жарандарга саякат, бизнес, дарылануу, иштөө жана окуу максаттары үчүн берилет. Документ долбооруна ылайык, визалар 28-апрелден баштап ишке киришүүсү керек эле.
29-апрель күнү АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан Кыргызстандын биринчи жаранына АКШга кирүү визасы тапшырылды. Ошол эле күнү АКШ консулдугунда өткөрүлгөн атайын конференцияда АКШнын Кыргызстандагы убактылуу элчиси Ричард Майлз Кыргызстан жараны Сейнеп Дыйканбаевага 5 жылдык визаны тапшырды.
Элчикананын маалымат кызматы таркаткан кабарда айтылышынча, Дыйканбаева Кыргызстанда бир топ кадыр-баркка ээ болгон укук коргоочулардан болгону себептүү, бул аял ”АКШда БУУдагы демөөрчүлөрү менен ар тараптуу кызматташтыкты ого бетер бекемдөө үчүн жолугушууларды өткөрөт”.
Конференцияда Кыргызстан расмийлеринен тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, консулдук кызматы департаментинин директору Үмөталиев. Э жана эл аралык укук коргоо департаментинин жетекчиси Дмитрий Ли сыяктуу бир катар дипломаттар катышты.
АКШнын бул долбоору артында кандай максаттар жатканы туурасында раъйыбызды билдирип өтмөкчүбүз:
Ушул күнгө чейин Кыргызстандын көпчүлүк жарандары АКШга виза алуу мүмкүн экендиги жөнүндө дээрлик элестете алышпайт эле. Эмне үчүн кокустан эле мамилелер кескин өзгөрүп барууда?
Албетте, бул нерсе АКШ тарабынан тыкан иштеп чыгылган же мурда Украина сыяктуу мамлекеттерде сыноодон өткөн план негизинде ишке ашырылууда. Максаты, Кыргызстанды Россиянын сакафий колониясынан чыгарып, өзүнүн сакафий таасири астына киргизип алуу. АКШ өз максатын ишке ашыруу үчүн Батыш маданиятынын тарапкерлери болгон интеллигенттер катмарын калыптандырып, андан кийин аларды жактоочу жарандардын белгилүү өлчөмдөгү катмарын пайда кылып алышы керек болот.
Жогорудагы визаларды жеңилдетүү негизиндеги келишимдерге кол коюлушу жана анын иш жүзүндө аткарылышы эки мамлекеттин жарандарын бири-бири менен жакындаштырат. АКШнын бул долбоору Россиянын Кыргызстанга басым өткөрүү үчүн колдонуп келе жаткан мигранттар проблемасынан пайдалануусуна сокку берет. Т.а. бул долбоор ишке аша турган болсо, Россиянын бизге карата колдонуп жаткан мамилелерине, мигранттарыбыз мүмкүнчүлүктөрүн чектөө же аларды депортация кылуу аркылуу бир нече жылдап өзүнүн аймагына кирүүсүнө тыюу салуу, иштөө шарттарын жана документтештирүү мүмкүнчүлүктөрүн оорлотуу сыяктуу атайын басым өткөрүү иштерине каршы белгилүү бир өлчөмдө сокку берген болот эле.
Кыргызстандын АКШ менен жакындашуу үчүн коюп жаткан бул сыяктуу кадамдары Россияны албетте ачууландырат. Себеби, Россия Кыргызстан улуттук дүӊ продукциясынын өсүшүнө себеп болуп жаткан дээрлик жападан-жалгыз тышкы мамлекет. Мигранттар эмгеги жана ушул эмгек бааланган белгилүү өлчөмдөгү агып келип жаткан финансылык кирешелер ошол жарандардын мекени болгон мамлекет үчүн улуттук продукция болуп эсептелет. Кыргызстандын улуттук валютасынын белгилүү бир көлөмдө өз кубатын сактап турушунда ушул улуттук продукциябыз болгон жарандарыбыздын мээнеттери акысына кирип келе жаткан валюталардын салымы чоӊ. Кыргызстан мамлекети Россияга дал ушул сыяктуу мигранттарга тиешелүү проблемалары менен байланып калган.
АКШнын жогорудагы долбоору дал ушул байланышты үзүп жиберүү негизинде иштелип чыккан. АКШ белгилүү бир өлчөмдөгү кыргыз жарандарын өзүнүн өлкөсүнө алып кирип алышы жана алар тарабынан жөнөтүлүп жаткан финансылык баалуулуктар Кыргызстандын Россияга болгон муктаждыгын бир топ алсыратат.
Мындан тышкары, жогорудагы биринчи визага ээ болгон аял укук коргоочу экендиги себептүү Кыргызстан жарандары ичинде ушул тармак жана ушул сыяктуу АКШ кызыкчылыктары үчүн кызмат көрсөтүп жаткан тармактарга кызыгуу күчөй баштайт. Себеби, дал ушул катмардагы интеллигенттер үчүн АКШ визалары эч кандай проблемасыз берилет.
Ошону менен бир катарда АКШ тарабынан Кыргызстанга кирип келе турган АКШ жарандары да алгач сакафий шайкештик пайда кылуу үчүн катуу аракет кылышат. Алар орто жана жогорку окуу жайларда семинар жана лекцияларды уюштурушат. Андан кийин инвестиция жана биргелешкен ишканаларды алып кирүү аркылуу өз мүлктөрүн коргоо шылтоосу менен Кыргызстанды өзү үчүн стратегиялык маанилүү аймак кылып алат. АКШ региондогу өз кызыкчылыктарын коргоо максатында бүтүндөй Кыргызстанды басып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болмокчу.
Бул АКШнын адаттагы колония кылуу долбоору болуп, буга мисал кылып келтирүү мүмкүн болгон мамлекеттер дүйнөдө өтө эле көп. Бирок, АКШнын бул долбоорлору ишке ашуусу үчүн Кыргызстанды кандай абал жана шартар күтүп жатканы белгилүү эмес. Себеби, Россия менен АКШнын Орто Азиядагы кызыкчылыктары Кыргызстанда кагышып жатат. Алар эмнелерге, кандай кыргындарга кудуреттүү экендиги Сирия жана Украинада жүз берип жаткан иштерде көрүнүп турат. Бул жараян Кыргызстанда кандай болушу мүмкүн экендигин азырынча анык айтуу кыйын. Бирок, азырынча ыкма жана аракеттер мурункулардыкынан дээрлик айырмаланбай жатат.
Россиянын аракеттерин алдын ала түшүнүп алуу бир топ кыйыныраак. Ал копол, күтүүсүз жана белгилүү бир калыпка жатпаган ыкмалар менен иш жүргүзөт. Себеби, Россиядагы жетекчи топ Советтер союзунан калган саясий элитаны дээрлик жок кылды. Ал элитанын иш жүргүзүү ыкмалары бир калыпта, анык жана белгилүү болчу. Азыр Россиянын эл аралык саясаттагы орду да, колония кылуу же колония мамлекеттерин кармап калуу жана кармап туруу ыкмалары да өзүнө таандык белгилүү бир багыт менен жүргүзүлбөйт.
Ошондуктан, Кыргызстан өкмөтү АКШ менен эсептешүүгө мажбур болгон абалда өз ара мамилелерин күчөтүп жатып, Россия тарабынан кайсы ыкмада жана кандай сокку келип калышы мүмкүн экендигин анык билбестен, кабатырда турат.
Жогорудагы виза боюнча кол коюлган долбоор Кыргызстан үчүн өтө пайдалуу болушу мүмкүн. А бирок, Россия бул сыяктуу иштерди анын аймагына, жеке мүлкү катары болгон өлкөгө же атайын экономикалык начар абалда кармап туруу менен колония кылып келе жаткан кол астындагы мамлекетке АКШнын бастырып кириши деп баалайт. Ошого карабастан, Россия тарабынан күтүлө турган кезектеги сокку түздөн-түз АКШга эмес, Кыргызстанга каратылат.
Хизбут – Тахрир Кыргызстан басма сөз бөлүмүнүн төрагасы
03.05.2015.