Мисир президенти ЦРУнун жетекчиси менен жолугушту

Мисир президенти Абдулфаттах ас-Сиси АКШ борбордук разведка башкармалыгынын (ЦРУнун) жетекчиси Жон Бреннан менен жолугушту. Мисир президентинин маалымат кызматы тарабынан чыгарылган билдирүүдө айтылышынча, жолугушуу учурунда эки мамлекет ортосундагы алакалар, аймактык жана эл аралык өзгөрүштөр о.э. террорго (Исламга) каршы күрөш маселеси боюнча талкуу жүргөн.

Жолугушууда Мисир разведка кызматынын жетекчиси Холид Фавзи, АКШ борбордук разведка башкармалыгынын жетекчиси Жон Бреннандын атайын кеӊешчиси Теодора Сингер жана АКШнын Каирдеги элчиси Роберт Стефан катышты.

Билдирүүдө айтылышынча, президент Абдулфаттах ас-Сиси менен ЦРУ жетекчиси Жон Бреннан ортосундагы маекте Мисир жана АКШ ортосундагы стратегиялык алакалар, терроризмге (Исламга) каршы күрөш жана эки мамлекет жарандарынын кызыкчылыктарына кызмат кыла турган бардык тармактардагы өз ара мамилелер өтө маанилүү экендигине басым жасалган. О.э. эки тарап үчүн теӊ маанилүү болгон бардык маселелерде кызматташуу жана пикир алмашууну улантуу туурасында келишип алынган.

Мисир президенттиги тарабынан чыгарылган билдирүүдө, президент ас-Сисинин 29-30-апрель күндөрү Кибрис жана Испанияга расмий сапар менен барышына өзгөчө басым жасалды.

turkistonkg

Recent Posts

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик мейманканалардын ичинде казино жана…

7 hours ago

Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу  Устаз Асъад Мансур Ар кандай…

2 days ago

Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды…

2 days ago

Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү  Устаз Ахмад Таий –…

2 days ago

Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача  Мухандис Муждий Али 2024-жылы 27-сентябрда Нетаняху,…

2 days ago

Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя…

2 days ago