Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болуу мөөнөтү кийинкиге жылышы мүмкүн

247
0

Экономика министри Темир Сариевдин билдиришинче, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине толук кандуу мүчө болуп кирүү мөөнөтү жылышы мүмкүн.

“Биринчиси – кыргыз-кытай техникалык-экономикалык келишими. Ал боюнча биз кытайлардан жолдорду, ГЭСтерди салууга, жогорку чыңалуудагы зымдарды тартууга акча алмакпыз. Биз ушул жагынан жеңилдик болсо дейбиз. Экинчиси – фито-санитардык эквиваленттик система. Анткени биз аны адегенде өзүбүз таанышыбыз керек. Ошол себептен протоколдорго кол коюу кечигип жатат. Протокол даяр болбосо биздин өнөктөштөрүбүз – Орусия, Беларус, Армения жана Казакстан аны ратификациялоого жетишпей калышы мүмкүн”, – деди Темир Сариев.

Темир Сариев учурда бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын о.э. 8-майга чейин бардык документтерге кол коюуга жетишүү үчүн аракет кылынып жатканын билдирди.

Белгилүү болгондой, 2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында Кыргызстандын Бажы биримдиги жана Евразия экономикалык биримдигине кошулушу боюнча келишимге кол коюлган. О.э. Кыргызстандын бажы төлөмдөрүнөн ала турган үлүшү 1,9 пайыз деп белгиленген эле. Келишим 2015-жылдын 1-майынан баштап күчкө кириши жана ошол мөөнөткө чейин бардык келишимдер ратификация кылынса чегаралар 9-май күнү ачылышы белгилеп коюлган эле.

Туркистон:

Кыргызстан Россия менен АКШнын геосаясий жана стратегиялык кызыкчылыктары ортосунда өтө кыйын жана кооптуу абалда калууда.

Кыргыз өкмөтүнүн өзүнө койсо, Кыргызстанды ЕАЭБге кошуп жиберет эле. Бирок, таразанын экинчи тарабы болуп турган АКШ мамлекети акыркы кездерде кыргыз калкын да о.э кыргыз өкмөтүн да кабатыр кыла турган бир нече аракеттерди кыла баштады. Алардын негизги максаттарынын бири Кыргызстандын ЕАЭБге кошулушуна каршылык кылуу экенин, ал тургай, жашырып да коюшкан жок. Болбосо, Кыргызстанда түстүү революция уюштурулушу мүмкүн деген тынчсызданууларды пайда кылышууда.

Түстүү революциялар коркунучу Кыргызстанды эле эмес, Россияны да кабатыр кылбай койбойт. Себеби, мурунку эки жолу уюштурулган бийлик алмашуу тополоӊдорунан айырмалуу көрүнүштө, бул түстүү революция Кыргызстандан Россиянын таасирин таптакыр четтетип жиберет. Кудум Украина же Грузияда жүз бергени сыяктуу. Дагы бул жолу күтүлүп жаткан революцияда мурунку Россия уюштурганга караганда көбүрөөк кан төгүлөт. Себеби, бул революция Кыргызстандын бир колонизатор мамлекеттен экинчисине өтүп кетүү болуп, алардын экөө теӊ өз максаттарын көздөй биздин өлкөлөрүбүздө катуу аракет кылышат.

Ошондуктан, премьер-министр Оторбаевдин өз каалоосу менен отставкага кетишинин артынан уюштурулуп жаткан атайын операция Кыргызстандын учурдагы кырдаалдан чыгып алышы үчүн мүмкүнчүлүк издеп жатканынан келип чыгууда. Бирок, Россия муну кандай кабыл алышы белгисиз.

Россия кырдаалга соо-саламат акыл менен баа бере алабы, же Кыргызстанды өз кызыкчылыктарына жүргүзүү үчүн “кыргыздардын кызыкчылыгына түкүрдүм” дегендей мамиле кылабы, аны убакыт көрсөтөт. Россия ушул эки позициянын қай бирин тандаганын анын Кыргызстан менен жүргүзө турган мындан кийинки мамилелеринен түшүнүп алууга болот.

Кыргызстан учурдагы кырдаалдан эптеп чыгып алууга катуу умтулуп, башаламан аракет кылууда. Бул нерсе эл аралык саясатчы мамлекеттердин басымдарынан убактылуу тыныгып алуу үчүн уюштурулган ыкмалар гана. Кыргыз мамлекети, жалпы багыттар, узак мөөнөттүү стратегиялык долбоорлор жөнүндө пикирлөөдөн үзүлүп калган. Ал учурда пайда болуп калган “ЕАЭБ, Кумтор, Жибек-Жолу” сыяктуу бир нече долбоорлор кимди жана канчалык даражада иренжитиши мүмкүн деген нерсени гана пикирлей алат. Бул долбоорлордон Кыргызстан жана кыргыз калкы үчүн кандай пайда же зыяндар бар деп пикирлеп, алардын кайсы бирине кандай мамиле кылууда өз кызыкчылыктарыбызды негиз кыла алышпайт.

Кырдаал курчуп бара жаткан сайын калк тарабынан күтүлүп жаткан нааразылык көрүнүштөрүн басып калууну өкмөт өзү үчүн негизги проблема деп белгилеп алат. Ошондуктан, бийлик негизги кубат жана эл аралык күчтөр тарабынан эӊ алсыз колдоого алынып жаткан Ислам жана мусумандарга каршы жасалма коркунучтарды пайда кылып жасалма күрөштү күчөтөт. Эсиӊизде болсо, Акаев да, Бакиев да бийлигинин акыркы кездеринде эл аралык күчтөр таасири астында калышканда, кудум ушул ыкмадан пайдаланышып, Ислам жана мусумандарга каршы кысымдарды күчөтүп зулум кылышкан эле. Бирок, бул ыкма аларды куткарып кала алган эмес. Кыргыз мамлекети Ислам жана мусулмандарга шылтоого аракеттенип жаткан проблемалар, түпкүлүгүндө, АКШ менен Россия ортосундагы бири-бирине карама-каршы кызыкчылыктардан келип чыккан. Бирок, кыргыз бийлиги муну ашкере кылуудан коркот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here