АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри берген билдирүүсүндө, Россия Украина боюнча жетишилген Минск келишимдерин ишке ашырууга жетиштүү каалоо билдирбей келе жатканын айтып өттү. Анын айтымында, ошол себептен да санкцияларды жокко чыгаруу маселеси каралып жаткан жок.
“Учурда бирер санкцияны жокко чыгаруу боюнча Россиянын каалоосуна жетишүү кыйын болуп калууда”, – деген Керри “Россияга карата басым өткөрүүнү улантуу зарыл” экендигин баса белгилеп өттү.
22-апрель күнү Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Жон Керри менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө, расмий Киевди Украина аймагынан бардык чет элдик бөлүктөрдү, аскерий техника жана жалданма аскерлерди чыгарып жиберүү туурасындагы мойнуна алган милдеттерди аткарбай жаткандыкта айыптап, “АКШ аскерийлеринин Львовго келиши Минск келишимдеринин бузулушу” деп эсептей тургандыгын айткан эле.
Өз кезегинде Жон Керри Америка аскерий инструкторлорунун Украина аймагында бар болуп турушу ачык-айкын деп атаган жана Лавровду ок атууну токтотуу тартибине амал кылынышы үчүн Донбасстагы козголоӊчуларга басым өткөрүүгө чакырган эле. Мындан тышкары, Керринин белгилешинче, “Россия Украина чыгышынан кошуундарын алып чыгып кетиши керек”.
АКШ президенти Барак Обама 18-апрель күнү берген билдирүүсүндө, Европа союзун Минск келишимдери толук ишке ашканга чейин Россияга каршы сакнцияларды сактап калууга чакырган эле. Обама: “Эӊ эле жок дегенде, алар Минск келишимдериндеги шарттарды аткарышканга чейин учурдагы санкцияларды сактап калышыбыз керек”, – деген эле.
Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик мейманканалардын ичинде казино жана…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу Устаз Асъад Мансур Ар кандай…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү Устаз Ахмад Таий –…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача Мухандис Муждий Али 2024-жылы 27-сентябрда Нетаняху,…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя…