Жоомарт Оторбаев отставкага кетти

 Жогорку Кеңештин 23-апрелдеги жыйынында премьер-министр Жоомарт Оторбаев отставка кетерин билдирди.

 “Өкмөттүн ишин канаатандырарлык деп кабыл алганыӊарга рахмат. Бул бир адамдын мээнети эмес. Демократиялык мамлекетте бийликтин монополиясы болбошу керек. Азыркыдай кырдаалда өкмөттү, анын курамын бир силкинтип алуу зарыл. Бул өкмөттүн ишин андан ары жакшыртууга түрткү берет. Ошол себептен улам ээлеп турган кызматымдан кетеримди билдиремин”, – деди Оторбаев.

 “Менин отставкага чыгуу туурасындагы чечимим башкаруучу коалиция үчүн дагы да күчтүү премьер-министр тандоо мүмкүнүчүлүгүн берет деп ойлоймун. Мамлекетибизде жана силердин араӊарда да ошондой талапкерлер бар”, – деди экс-премьер.

 Туркистон:

Кыргызстандын Россия жетегиндеги Евразия экономикалык биримдигине мүчө болуп киришине эсептелүү күндөр калганда премьер-министрдин отставкага кетиши, өкмөттүн ичинде пикирий биримдик жетишпей жаткандыгына ишара кылып турат.

  Премьер-министрдин отставкага кетишинин негизги себептеринин бири “Кумтөр” алтын кенине байланыштуу экендиги анык. Себеби, Жоомарт Оторбаев парламент тарабынан талап кылынган алтын кенин улутташтыруу же биргелешкен ишкана түзүү мамлекет үчүн пайдасыз деп эсептегени үчүн бул милдетти аткаруудан баш тарткан жана керек болсо отставкага кетүүгө даяр экендигин билдирген болчу. Премьер-министр өз ыктыяры менен отставкага кеткен жок. Себеби, кечээ күнү Кыргызстанга келген “Oracle Capital Group” компаниясынын өкүлдөрү менен алтын кени маселесинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан эле. Эми болсо премьер-министр жоктугу себептүү бул сүйлөшүүлөр кандай аякташы белгисиз болуп калды. Президент Алмазбек Атамбаев кудум мурдагы башкы прокурор Аида Салянованы колдоосуз таштап койгону сыяктуу эле, Жоомарт Оторбаевди да колдоп-кубаттабады. 

turkistonkg

Recent Posts

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик мейманканалардын ичинде казино жана…

9 hours ago

Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу  Устаз Асъад Мансур Ар кандай…

2 days ago

Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды…

2 days ago

Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү  Устаз Ахмад Таий –…

2 days ago

Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача  Мухандис Муждий Али 2024-жылы 27-сентябрда Нетаняху,…

2 days ago

Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя…

2 days ago