“Фергана” маалымат агенттиги кабар беришинче, АКШ мамлекеттик департаментинин мекемелер аралык тобу Афганистан боюнча эки тараптуу консультацияларды өткөрүү үчүн 2015-жылдын 20-24-апрель күндөрү Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстанда болот.
Делегацияны АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын орунбасары Даниэль Розенблюм о.э. Афганистан жана Пакистан боюнча атайын өкүлүнүн орун басары Лорель Миллер башкарат.
Ушул консультациялар акыркы беш жылдын ичинде жүргүзүлүүдө, алар Борбор Азия мамлекеттери өкмөттөрүнүн суранычы менен башталган.
Мекемелер аралык топ Афганистандагы акыркы окуяларды, ошону менен бирге, улуттук биримдик өкмөтүн калыптандыруу, коопсуздук тармагындагы бүгүнкү абал жана НАТОнун Афганистандагы жаңы миссиясын талкуулашат.
АКШ мамлекеттик департаментинин релизинде айтылышынча, Америка Кошмо Штаттары жалпы проблемалар жана коркунучтарды чечүүдө о.э. Борбор Азия республикаларынын өкмөттөрү менен аймактык коопсуздук жана туруктуулук маселелеринеде жакындан кызматташуудан үмүттөнөт.
Даниель Розенблюмдун Ташкентке буга чейинки сапары маалында 308 брондуу машиналар о.э. 20 брондуу ремонт-эвакуация транспорт каражаттары Өзбекстанга бериле тургандыгы белгилүү болгон эле. Розенблюм ошондо “ушул брондуу машиналар терроризм жана наркобизнеске каршы күрөштө пайдаланылат” деп айткан болчу.
Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик мейманканалардын ичинде казино жана…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу Устаз Асъад Мансур Ар кандай…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү Устаз Ахмад Таий –…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача Мухандис Муждий Али 2024-жылы 27-сентябрда Нетаняху,…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя…