“Новости-Казахстан” агенттиги Казакстандын Жамбыл областына караштуу Мойынкум районунда жекшемби күнү жүк машинасы жана микроавтобус кагышып кетишинин натыйжасында өлгөндөрдүн саны 16 адамга жеткени туурасында кабар берди.
Кырсык Алматы-Екатеринбург жолунун 487-километринде жүз берип, “Газел-2705” үлгүсүндөгү жүк машинасы Бишкектен түндүк Казакстанга бара жаткан “Мерседес-Бенс Спринтер” микроавтобусу менен кагышып кеткен. Автомобилдерде 19 адам болгон. Кырсыктын натыйжасында автомобиль өрттөнүп кеткен. Окуя болгон жерден 14 адамдын күйүп кеткен денелери табылган (“Газел”дин айдоочусунун жана 13 жолоочунун, алардын үчөө жаш балдар). Микроавтобустагы бир жолоочу жараат себептүү ооруканада көз жумган. Өлгөндөрдүн 15и Кыргызстан жарандары жана бирөөсү Казакстандын жараны.
Дүйшөмбү күнү автокырсыкта курман болгондордун аты-жөнү ЖМКлар аркылуу жарыя кылынды, каза болгондор:
1) Оринбаев Аббас, 2008-жылы төрөлгөн;
2) Оринбаев Аброриддин, 2006-жылы төрөлгөн;
3) Оринбаева Хадичахон, 2003-жылы төрөлгөн;
4) Оринбаева Гавхарай, 1981-жылы төрөлгөн;
5) Оринбаева Мавжуда Хамидовна, 1953-жылы төрөлгөн;
6) Арискулов Ерлан, 1992-жылы төрөлгөн
7) Амираев Махамаджан, 1974-жылы төрөлгөн, Баткен областы.
8) Сартмамбетов Мукамбет Сейдалиевич, 1982-жылы төрөлгөн, Ош областы.
9) Эрашиев Абдисамат Токтасинович, 1974-жылы төрөлгөн
10) Сайкоев Максатбек, 1985-жылы төрөлгөн (ооруканада каза болгон); Ош областы.
“Mercedes-Benz Sprinter”дин айдоочулары:
1) Джурабаев Бахтияр, 1987-жылы төрөлгөн, Ош шаары.
2) Абдуллаев Жыргалбек, 07.01.83-жылы төрөлгөн, Ош областы.
Каза болгон дагы үч адамдын өздүгү такталууда.
Кырсыктан ар кандай деңгээлде жабыркап, Караганды облусунун Приозерск шаардык ооруканасына жеткирилген «Мерседес-Бенс Спринтер» автоунаасынын жүргүнчүлөрүнүн алдын ала алынган тизмеси:
- Майрамбек уулу Самат – 1993-жылы төрөлгөн, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну;
- Сейтбеков Тайырбек, 1971-жылы төрөлгөн, жашаган жери тактала элек;
Кырсыктан ар кандай деңгээлде жабыркап, Жамбыл облусунун Балхаш шаардык ооруканасына жеткирилген «Мерседес-Бенс Спринтер» автоунаасынын жүргүнчүлөрүнүн алдын ала алынган тизмеси:
- Дарбешов Рустамбек, 1993-жылы туулган, Баткен областына караштуу Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын тургуну;
- Токтарбаев Темирлан, 1993-жылы туулган, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Алма айылынын тургуну.
Биз, Туркистон сайтынын кызматкерлери Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан Хизбут-Тахрирдин мүчөлөрүнүн атынан Ырайымдуу Аллах жогорудагы автокырсыкта каза болгон мекендештерибиздин акыретин абат кылышын, аларды Өз бейиштери менен ырыскыландырышын сурап, алардын жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтабыз. Аларга Аллахтан сабыр тилеген абалда жараат алгандардын тез арада айыгып, жакындарынын жанына кайтышын тилеп калабыз.
الَّذِينَ إِذَا أَصَابَتْهُم مُّصِيبَةٌ قَالُواْ إِنَّا لِلّهِ وَإِنَّـا إِلَيْهِ رَاجِعونَ
“Аларга мусибат жеткенде: “Албетте, биз Аллахтыкыбыз жана албетте, биз Ал затка кайтуучуларбыз”, – деп айтышат”. (2:156)
Туркистон