Бул тууралуу “Фабула” гезити жазып чыкты

Анда “Бириккен оппозициялык кыймылдын төрагасы Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановдун 11-апрелде Жалал-Абадда өткөн курултайы «мыш» эле болду. «Мында БОКчулар эмес, Өмүрбек Текебаев жетектеген «Ата Мекен» партиясы уятка калды» дешет билермандар.

Көрсө, Өмүрбек Чиркешович үзөңгүлөшү Болот Шер аркылуу Асановго колдоо көрсөттү деп уктук. Эмнеси болсо дагы Кадыров баштаган оппозициянын кадыры “кайтыш” болгонун көрдүк. Буларга караганда Мотуев көп киши чогултмак,”-деп жазылат. INTER.KG

Туркистон:

Кыргызстанда эки жолу болгон – алардын сөзү менен айтканда – элдик революция, түпкүлүгүндө бийликтеги адамдардын гана алмашуусу болчу. Муну ошол кезден бүгүнкү күнгө чейин бирдей ыкма жана дээрлик бирдей кадрлар менен иштеп келе жаткан мамлекеттик структурадан көрүп алуу кыйын эмес.

Бирок, бул жасалма революцялардан көздөлүп  жаткан максаттар эмнелерден турат? Мына ушул суроонун жообу өтө маанилүү болушу мүмкүн.

Бул кандайдыр мааниде 2005-жылдагы Андижан окуяларын эске түшүрөт. Ошондо Каримов ошол кездерде АКШ башчылыгындагы Батыш системасы тарабынан даярдалып жаткан түстүү ынкылаптык аракеттерден кабардар болуп, Андижан окуяларын жасалма пайда кылуу аркылуу анын алдын алган эле. Кыргызстандагы эки жолу жүз берген мамлекеттик төӊкөрүштөр кандайдыр мааниде АКШ тарабынан даярдалып жаткан ынкылаптык аракеттерди жокко чыгаруу максатында Россия тарабынан ишке ашырылган. Бул жолу да Кыргызстан дагы кайрадан өтө кооптуу абалга жакындап барууда.

Кыргызстанда болуп өткөн мамлекеттик төӊкөрүштөр калкта кийинки жетекчилерден үмүт пайда кылат. Ошол үмүт аларга бир нече жылдар калкты тынч кармап туруу мүмкүнчүлүгүн берет. Алардын жасалма ынкылаптар уюштуруудан көздөгөн негизги максаттары да мына ушундан турат. Т.а. элдин Батыш же Ислам дүйнөкараштары тарапка ооп кетишинин убактылуу болсо да алдын алуу.

Жасалма ынкылаптарды билдик, чыныгы ынкылап кандай болот?

Чыныгы ынкылап – бул учурдагы башкаруу системасын түп тамыры менен т.а. акыйдасынан келип чыккан идеологиясын жана ушул идеологияга негизделип башкарып келе жаткан бүтүндөй башкаруу системасын башка негиздеги система менен алмаштыруу үчүн ишке ашырылган элдин каалоосу. Иранда, Грузияда, Украинада… ишке ашырылган, учурда Кыргызстанда ишке ашыруу үчүн даярдалып жаткан ынкылаптардын бардыгы жасалма ынкылаптар болуп эсептелет. Алардын бардыгы эл аралык система ичиндеги кандайдыр күчтөрдүн кызыкчылыктарынын алмашуусунан келип чыккан, бир система ичиндеги келишпестиктер же кызыкчылыктар талашынын натыйжалары. Бирок, куфр дүйнөсүнүн жырткыч жетекчилери ушул арзыбаган кызыкчылыктары жолунда миллиондогон бейкүнөө адамдарды курмандыкка чалып жиберишет.

Кыргызстанда, кудум өкмөттөгү саясатчылар сыяктуу эле, оппозициядагы саясатчылар да экиге бөлүнүп бара жатышат. Алар АКШчыл жана россиячыл оппозиционерлер болуп бөлүнүп жатышат. Албетте, азыркы кырдаалда алар өз дүйнөкараштарын жана өздөрү малай болгон тараптарды ачык жарыя кылышпайт. Бирок, алардын аракеттеринен муну түшүнүп алууга болот. Россия дагы АКШны капилетте калтырууга аракет кылат. Ал өзүнө караштуу оппозициячыл күчтөрдү орустарга таандык көрүнүштө башаламан аракетке келтире баштаган. Азыркы абалда Текебаев бул оппозиционерлерге башчылык кылышы мүмкүн. Бирок, эми алардын айла-амалдарын ишке ашыруу өтө кыйын болот.

АКШ болсо, кыргыз өкмөтүн Ислам идеологиясы жетекчилеринен тазалап берүүгө мажбурлоону улантып жатат. Ал Россиянын жасалма тополоӊдоруна караганда чоӊураак аракеттерди даярдап жатат. Ал Кыргызстандан өз дүйнөкарашы жана жашыруун ыпылас пикирлерине (улутчулдук, диний жикчилдик) менен  калкты чалгытуу аракеттерине тоскоолдук кылышы мүмкүн болгон исламий кыймылдар жана жетекчилерди коомдон четтетип беришин талап кылууда. Кыргыз өкмөтү болсо, кудум өзү отурган бутакты кесип жаткан акмак адам сыяктуу АКШ жана Россиянын талаптарын аткарып берүүгө киришип кетти..

Абдураззак

turkistonkg

Recent Posts

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик мейманканалардын ичинде казино жана…

11 hours ago

Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу  Устаз Асъад Мансур Ар кандай…

2 days ago

Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды…

2 days ago

Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү  Устаз Ахмад Таий –…

2 days ago

Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача  Мухандис Муждий Али 2024-жылы 27-сентябрда Нетаняху,…

2 days ago

Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя…

2 days ago