Дагы натыйжа чыкпады

281
0

Ушул айдын башында президент Башар Асаддын жакын союздашы болгон Россиянын демилгеси менен Сирия режими жана кээ бир оппозициялык топтор ортосунда жолугушуу башталган эле. Кудум мурункулары сыяктуу эле бул сүйлөшүүлөр да ийгиликсиз аяктады.

Женевада уюштурулган конференциялардан бирер натыйжа чыкпаган болсо да, Россия Сирия режими жана оппозиция өкүлдөрүн элдештирүүгө тынымсыз аракет кылууда. Россия Сирия режими жана оппозициясы үчүн Москвада жолугушуу уюштуруп аларды келиштирүүгө бир нече жолу аракет кылды. Россия тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, бул жолугушууларда Женева катасы кайталанбайт.

Россиянын тышкы иштер министри мурунку жолугушуулардын биринде: “Женевада кетирилген каталарды кайталабайбыз. Жолугушууларга бардык оппозициялык топторду чакырабыз. Мурунку жолугушууларда Сирия улуттук коалициясы  гана чакырылган болчу”, – деген эле.

А бирок, бул жолку сүйлөшүүлөрдө Дамасктан мамлекет расмийлери катышкан болсо да, бирок Батыш тарабынан колдоп-кубатталып келе жаткан Сирия улуттук коалициясы катышпады. Алардын талабы боюнча сүйлөшүүлөрдө Асаддын мансапта калышы жөнүндө кеп-сөз болбошу керек. Россия болсо эки тарапка т.а. Асад режими жана бардык муътадил оппозициялык топторго, ортодогу келишпестикти артка калтырып, Исламий топторго каршы күрөштү күчөтүү керектигин уктуруп келет. Болбосо кеч болуп калышы мүмкүн.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун пикиринче, Сирияда биринчи болуп чечиле турган маселе – анын сөзү менен айтканда – террорчу топторду жок кылуу. Анын айтымында, Сирияда Исламий топтор активдүү күрөшүп жаткан соӊ Асад режиминин бийликте калышы же өзгөрүшү эч кандай мааниге ээ эмес.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here