Санкт-Петербургда Хизбут-Тахрирдин мүчөлөрү камакка алынды

331
0

Өткөн аптада Санкт-Петербург шаарында Россиянын коопсуздук күчтөрү эки мусулман жигиттин үйүнө зомбулук менен бастырып киришти. Баскын учурунда үйлөрдө тинтүү жүргүзгөн укук коргоо органдары ар бир мусулмандын үйүндө боло турган исламий адабияттардан башка эч нерсе таба алышпады. Бирок, ошондой болушуна карабастан, Хизбут-Тахрирдин мүчөсү болгон Димитрий Михаилов жана Иса Рахимовду күч менен алып кетишти.

Камакка алынган жигиттер РФ кылмыш кодексинин 205,5 беренесине ылайык, террорчу уюмга мүчө болуу жана ушул уюмдун курамында иш алып баруу айыбы менен айыпталышып, алардын үстүнөн кылмыш иши козголду. Киров соту тергөө иши аяктаганга чейин жигиттерди бир ай камакта кармап туруу жөнүндө чечим чыгарды.

Россияда ишмедүүлүгүн жүргүзүп жаткан Хизбут-Тахрир уюмунун басма сөз бөлүмү бул тууралуу билдирүү чыгарып, РФ коопсуздук күчтөрүнүн өзүм билемдигин сындады.

Билдирүүдө айтылышынча, террорчулукта айыпталып камакка алынган мусулман жигиттер өздөрү жашап жаткан региондун таасирдүү жигиттеринен болгон. Алар коомдук иштерге жана коом үчүн пайдалуу болгон иш-чараларга активдүү катышып келишкен.

Билдирүүдө жалпысынан: “Алар мусулмандарды жана Исламий баалуулуктарды коргоо боюнча уюштурула турган иш-чараларда активдүү катышышат эле. Айланасындагы адамдарга Ислам даъватын жеткирүү менен жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтарышат эле. Алар мына ушундай калыс иштери үчүн айыптуу деп эсептелип камакка алынышты”, – деп айтылат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here