Эрдоган Иранга сапар кылды

279
0

Бир күндүк расмий сапар менен Иранга жол тарткан Түркия президенти Ражаб Таййиб Эрдоганды Иран президенти Хасан Роухани аскерий ырасым менен күтүп алды.

Эрдогандын расмий машинасы “Саъдабад” сарайына кирип бара жатканда аны атчан аскерлер тосуп чыгышты. Атчан аскерлердин коштоосунда сарайга кирген Эрдоганды аскерий ырасым майданында Роухани күтүп алды. Эки жетекчи кучакташып көрүшкөндөн кийин Эрдоган менен Роуханинин бир топ убакыт кол кармашып жүрүшү көӊүлдү бурду.

Түркия президентинин маалымат катчысы Иброхим Калин жолугушуу маалында эки тарап үчүн теӊ маанилүү болуп эсептелген Сирия, Ирак, Йемен о.э. Жакынкы чыгышта жүз берип жаткан окуялар талкуулангандыгын билдирди.

Белгилүү болгондой, Саудия башчылыгындагы Булуң мамлекеттери Йеменге абадан чабуул баштаган. Чабуулда Иран тарабынан колдоого алынып келе жаткан Хусийлер бутага алынууда. Түркия бул жаатта Саудияны колдой тургандыгын ачыктады. Йеменге аба чабуулу башталгандан бир күндөн кийин президент Эрдоган Иран өкмөтүнө карата: “Иран дээрлик бүтүндөй регионго өкүмдарлык кылуу үчүн аракет кылууда. Бул болсо, бизди жана Булуң мамлекеттерин тынчсыздандыра баштады. Чындыгында эле буга унчукпай карап туруу мүмкүн эмес”, – деген эле.

Түркиянын бул билдирүүсүнө Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф бир аз жумшагыраак жооп кайтарып: “Учурдагы абалда бардык мамлекеттер региондо туруктуулук жана коопсуздукту камсыздоо үчүн аракет кылышы керек”, – деди. А бирок, Иран тышкы иштер министрлиги болсо Түркиянын Тегерандагы өкүлүн чакырып нота тапшырды. Улуттук коопсуздук жана тышкы иштер комитетинин жетекчиси Мансур Хакикатпур да Эрдогандын Иранга сапары бекер кылынышын талап кылды.

А бирок, “Иранга баруу же барбастыкты биз белгилейбиз” дегендей Эрдогандын сапары ишке ашырылды. Сапардын алкагында Иран менен Түркия ортосунда энергия, саламаттыкты сактоо түзүмү жана маданият тармактары сыяктуу 8 келишимге кол коюлду.

Тараптар ортосундагы жолугушуулар аяктагандан кийин, эки жетекчинин катышуусунда маалымат жыйыны уюштурулду. Маалымат жыйынында Сирия жана Ирак туурасында басым жасап сөз сүйлөгөн Эрдоган Йеменди тилге албады. Ал эми Түркия президенттигинин булактарынан алынган маалыматтарга ылайык, Эрдоган жана Роухани Йемен маселеси боюнча толук бойдон кеӊири талкуулашкан. Иран президенти Роухани да Йемен маселеси жөнүндө кеӊири талкуу жүргүзүлгөнүн билдирди.

Дагы айта кетүүчү нерсе, президент Эрдоган Иранга сапар кылуудан мурда Саудиянын ички иштер министри жана валиаҳд өкүлү шахзада Наиф менен жолугушуу өткөрдү. Расмий сапар менен Анкарага келган шахзада Наиф менен Эрдоган ортосундагы маек 1 саат 40 мүнөткө созулду.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here